СЕЛФИ – ӨЗҮН-ӨЗҮ СҮРӨТКӨ ТАРТУУ

Акыркы учурда көптөр виртуалдуу ааламдын алкагында жашап калды. Виртуалдуу жашоонун азыгы – бул андагы басылган лайктар жана жазылган комментарийлер. Келгиле, жер жүзүндөгү кезектеги заманбап деп аталган селфи тууралуу кеп кылалы.

СЕЛФИ МОДАДА
Селфи (selfie) сөзү англис тилинен которгондо «self», «өзүн-өзү» дегенди түшүндүрөт. Фотокамера менен адам өзүн-өзү бет маңдайын туштап же күзгү аркылуу тарткан сүрөттөрдү селфи сүрөттөр деп коюшат. Аталган термин мобилдик телефондордун фото-кызмат көрсөтүү түзүмү өскөндөн баштап пайда болгон. Селфи сүрөттөр сунулган колдун алыстыгына жараша тартылгандыктан, адатта сүрөткө адамдын көкүрөктөн өйдө жагы гана тартылат.
Замандын талабына жараша селфи жер жүзүндөгү уюлдук телефонунда фотокамерасы бар ар бир адамга жетти. Алардын арасындагы эң көп талкууга кабылганы жана кызыктуулары тууралуу фото баяндан билиңиздер.
Орусия премьер-министри Дмитрий Медведев да өзүн лифтте бараткан жерден сүрөткө тартып, көптөгөн интернеттеги күйөрмандарынын суранычын аткарган.

«Жебенин» жигиттери клип тартып жатса да колдорунан телефон түшпөй турганын билебиз. Алар селфи сүрөттөрдүн жөн эле атасын таанытышат.

АКШнын президенти Барак Обама, Улуу Британиянын премьер-министри Дэвид Кэмерон жана Даниянын премьер-министри Хелле Торнинг-Шмитт Нельсон Манделаны акыркы сапарга узатуу зыйнатында сүрөткө түшүп отурганы көпчүлүктүн кыжырын кайнаткан.

Орусия премьер-министри Дмитрий Медведев да өзүн лифтте бараткан жерден сүрөткө тартып, көптөгөн интернеттеги күйөрмандарынын суранычын аткарган.

Түрдүү жоруктары менен басылма бетинен түшпөгөн ырчы Майли Сайрус үчүн селфи сүрөттөр элдин көңүлүн өзүнө бурдуруудагы эң көп колдонгон ыкма. Анын жеке баракчасынан ажатканада отуруп түшкөн сүрөттөрүн да табууга болот.

«Даңазалуу кылым» сериалы тартылып бүткөндө каармандар чогулуп, эстеликке унутулгус селфи жасашкан.

Немис чабуулчусу Лукас Подольски Бразилияда өтүп жаткан футбол боюнча Дүйнөлүк чемпиондукта Германиянын канцлери менен түшкөн сүрөтү бул жуманын актуалдуу селфиси болду. Португалияны утуп алган мекендештерин Ангела Меркель оюндан кийин кийим чечүүчү жайына чейин барып куттуктаганга жетишкен.

Режиссёр Сүйүн Откеевдин эшек менен түшкөн селфи сүрөтү.

Алып баруучу Тина Канделакинин Рамзан Кадыров, Николай Басков жана Игорь Верник менен лифтте түшкөн сүрөтү интернетте көпкө чейин талкуу чордонунда жүргөн.

КЫЗЫКТУУ МААЛЫМАТТАР

  • «Selfie» терминин 2005-жылы эң алгач фотограф Жим Краузе колдонгон.
  • 2012-жылы «Тайм» журналы «Selfie» сөзүн эң атактуу 10 сөздүн катарына киргизген.
  • 2013-жылы «Selfie» сөзү Оксфорддун онлайн-сөздүгүнө кирип, ошол эле жылы «Жылдын сөзү» деп таанылган.
  • Аталган термин мыйзамдуу түрдө австралиялыктардыкы деп эсептелинет.

Лунара Бекиева
star@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (9)
XuLiGaNkA
2014-06-30 10:22:03
Муну ооруу деп койсо да болот..Мындай суроттор ар бир телефону бар деген адамда бар..Албетте суротко тартса...
0
jemile
2014-06-30 10:26:03
Айрыкча айымдар тушотко азыр, ваннада, дааратканада ...

Анан да оозун маймылдыкындай кылып тушкон да Селфи менен катар эле барататко менимче, ушуга да бир соз ойлоп табышса :)
+4
LaraKroff
2014-06-30 12:00:24
jemile, аны дакфейс деп коет :) Англис тилинен которгондо ордок ооз. Ал эми кузгудон карап озун тарткан суроттор миррор луук деп аталат. Ал селфи эмес, селфинин бир туру болуп эсептелет. Технология онуккон сайын жаны терминдердин пайда болуусу мыйзам ченемдуу корунуш.
+4
Aksy-13
2014-06-30 14:56:34
LaraKroff, кузгудон озун карап тушкондор жогоруда селфи деп турбайбы а сенин созуно кандайча тушунсо болот? Селфи деген азыр баардык адамдар колдунуп аткан нерсе турбайбы телефон аппараты барлар жалан эле тушо беретго
0
Aikoo2014
2014-06-30 14:56:56
Андроид программасында ошол оозун чоё,козун бакырайта турган программа бар ошону мененда озгортуп алышат. Айрыкча дегеле айымбы,мырзабы иши кылса ванна туалетте тушконун корсом жиним кайнап кетет.
0
N.Bakazova
2014-06-30 16:39:16
селфи дегенде эле кыздардын суротко тушуусу еске келет экен
0
lolo
2014-06-30 19:39:59
Maga jakpait, adamdy kyinap tuwurup anan koibo desen ok dep turup 2,3 kundon kiyin facebooka koigup salgandar bar, owolor otuwup ketkender boluw kerek :))
0
Aske
2014-07-03 13:14:48
Менде жок
0
iskra
2014-07-05 15:27:39
Кылаарга эчтеке таппай калгандагы эрмек...Азыр оозун,козун,кокурогун,белин.....соз жок короче....
0
№ 608, 27-июнь-03-июль, 2014-ж
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан