Бир нече айдан бери батыш журналисттери актёр Роберт Паттинсон менен америкалык ырчы Кэти Перрини кыз-жигит экенин моюндарына алдыра албай эстери ооп жатышат. Жакында бир кечеде Кэти менен Роберт кучакташып, өбүшүп отурушканы кайра шекшүүнү жаратты. Бул тууралуу жылдыздар «ортобузда достуктан ашык нерсе болушу мүмкүн эмес» деп келишет.