ПРОФЕССОР НАЗАРАЛИЕВ АРАБ МАМЛЕКЕТТЕРИНЕ КЫРГЫЗСТАНДЫ АЧУУДА

Сауд Арабиядан келген 34 жаштагы оорулуунун Назаралиевдин медициналык борборунан борбордук холинолитикалык блокада боюнча сеанстан өтүп жаткан учуру.

Өткөн кылымдын 90-жылдарынан баштап Назаралиевдин медициналык борбору Кыргызстандагы эң эле көрүнүктүү жана белгилүү бренд боло алды. Постсоветтик мейкиндиктеги биринчи жеке наркологиялык клиника «медициналык туризм» менен миңдеген оорулууларды өзүнө тарта алды. Ал убакта «медициналык туризм» деген термин да ишке кире элек эле. КМШ, Прибалтика өлкөлөрү, Германия, АКШдан келген наркомания жана алкоголизм менен ооруган адамдар клиниканын негизги кардарлары болуп калды. Профессор Жеңишбек Назаралиев башында турган клиника мурун эле бир топ ийгиликтерди багынтканына карабай жана жетишкендиктери менен эле калып калбай жаңы мейкиндиктерди ачып келет.
Акыркы убактарда Кыргызстандын өкмөтү мамлекеттин сырткы саясатындагы жаңы багыт – Жакынкы Чыгыш тууралуу айтып келет. Араб жана мусулман дүйнөсүнө жакындоодо жана алакалашууда Назаралиевдин медициналык борбору тагдырдын эрки менен алдыда болуп калууда. 2012-жылдан бери профессор Назаралиев бул аймактагы наркомания көйгөйүн абдан изилдеп, жергиликтүү кесипкөй коомчулук менен карым-катнаш кылып келет.
Кыргызстандык профессорду Иорданияга, Кызыл деңиздин Акаба булуңуна токтотулган кемеде оорулууларды дарылоого чакырышкан. Йемендеги «LifeFriends» баңгиликке каршы уюму баңгиликке каршы күрөштө кошкон салымы үчүн профессор Назаралиевди «Нобель» сыйлыгына көрсөтүүнү демилгелешип, бул демилге Араб жана Британия академиялары тарабынан колдоо тапкан. Ал эми ушул кышта Назаралиевди араб дүйнөсүндөгү эң кызуу жана талкууга көп алынган «Таттуу сөздөр» ток-шоусуно эксперт катары тартылууга чакырышкан.
Араб дүйнөсүнө жайылган чуманын курмандыктары акыркы үмүттөрү менен Кыргызстанга келгендери көбөйүүдө. Алар Кыргызстанда дүйнөдөгү эң кооз тоолор, өлкөнүн бермети болгон Ысык-Көл жана атактуу профессор Назаралиевдин клиникасы бар экенин билишет.
Ысымы пайгамбарыбыз Мухаммеддин атына уйкаш Алжирден келген оорулуу өткөн жылы Назаралиевдин медициналык борборунан дарыланган. Ал өзүнө реабилитация кылуунун жүрүшүн камерага тартып, тартылган материалды интернетке жүктөп турган. Ал мунусу үчүн атагы чыкты жана ошондой эле дүйнөдөгү миңдеген дарыланууга муктаж болгон адамдарга Кыргызстанды кызыктыра алды. Анын баңгизатка болгон көз карандылыгынан кутулуусу күтүлгөндөй эле ийгиликтүү өттү. Назаралиевдин клиникасындагы оорулуулардын 87,5 пайызы жылдык ремиссияны көтөрө алышат жана саламат жашоого биротоло кайтып келишет.
Мухаммедден соң Марокко, Ливан, Сауд Арабия жана башка Жакынкы Чыгыштан оорулуулар келип башташты. Мүмкүн болушунча көбүрөөк баңгилерге жардам берүү максатында профессор Назаралиев «Акыл баңгизаттан сырткары» дүйнөлүк лигасынын президенти катары «Сен дүйнөгө керексиң!» аталышындагы кайрымдуулук акциясын өткөрүүнү жана аны араб өлкөлөрүнөн баштоону сунуштады. Профессордун айтымында, акция БУУ тарабынан таанылган 194 өлкөдө өтмөкчү. Ар бир мамлекетке бир айдан убакыт бөлүнүп, бул убакыт ичинде бардык каалоочулар анкета-арыз толтура алышат. Бүткүл дүйнөлүк лига ар бир өлкөдөн бирден адам тандап алмакчы жана медициналык кызматтар көбүрөөк жеткиликсиз болгон адамда ошончолук көп мүмкүнчүлүк болмокчу. Акция ушул жылдын 26-июнунда старт алат.
Баңгиликке жана мыйзамсыз баңгизаттарын айлантууга каршы күрөшүүнүн бүткүл дүйнөлүк күнү 2 мусулман ыйыгын сактаган өлкө Сауд Арабиясында акция башталат. «Сен дүйнөгө керексиң!» Жакынкы Чыгыш жана Түндүк Африканын 23 өлкөсүн өзүнө камтыйт.
«Сен дүйнөгө керексиң!» долбоорунун аталышы эле оорулууга жашап кетүүгө жана оору менен күрөшүү үчүн умтулуусуна күч берет. Долбоор баңгизатына көз каранды болуп калган адамга ал дале жоголуп кете элек, ал эң биринчи өзүнө керек, ал жакындарына керек, коомчулукка керек дегенди түшүнүүсүнө мүмкүндүк берет», - дейт профессор Жеңишбек Назаралиев.
Кайрымдуулук акциясы боюнча идеяны Сауд Арабия, Ливан, Иордания жана Ливия мамлекеттеринин дипломаттык өкүлдөрү кызуу колдоого алышты. 17-июнь – Ачык эшик күнү өткөн Назаралиевдин медициналык борборунда ачылыш аземи болуп өттү. Бул иш-чарага чет элдик дипломаттардан сырткары КРнын президентинин кеңешчиси Фарид Ниязов да катышты. «Назаралиевдин медициналык борбору Кыргызстандагы атактуу бренддердин бири болуп эсептелет. Дүйнөнүн ар кайсы өлкөлөрүндөгү өтө көп оорулуулар дарылануу үчүн дал ушул борборду тандаганы бизди сүйүндүрөт», - деп билдирди Фарид Ниязов.
Дал ошол күнү Сауд Арабиядан келген 34 жаштагы оорулуу Назаралиевдин медициналык борборунан борбордук холинолитикалык блокада боюнча сеанстан өтүп жаткан. Өзүнүн кесиби да медик болгон бул оорулуу омурткасынан алган травмасынан улам ага жазган ооруну сездирбөөчү күчтүү дарыларды колдонуп, анын натыйжасында баңгизатына көз каранды болуп калып, дарылануу үчүн Кыргызстанга келген. Дагы бир оорулуу, 30 жаштагы марокколук клиниканын конокторуна кантип Канадада натыйжасыз дарыланганын, ал эми Кыргызстанда 3 жумада эле баңгизатына көз карандылыктан кутулганын жана ооруканадан чыгууну ойлонуп жатканын айтып берди. Героин колдонгону боюнча 10 жылдык тажрыйбасы бар Катар өлкөсүнөн келген дагы бир оорулуу  Назаралиевдин медициналык борборуна акциянын башталышына бир нече күн калганда келген. Жакынкы Чыгыштан болгон мындай оорулуулардын агымы көбөйгөндөн көбөйүп барат.
Сауд Арабиядан келген Бүткүл дүйнөлүк жаштар ассамблеясынын президентинин жардамчысы Арфан Хакам өз өлкөсүндөгү баңгилик көйгөйүнүн олуттуулугун белгиледи. «Көптөгөн оорулуулар бүткүл дүйнөлүк лиганын долбоорунун алкагында Кыргызстанда бекер дарылангысы келет деп ойлойм», - деп жыйынтыктады өз сөзүн Арфан Хакам.
Кыргызстандын президентинин жардамчысы Фарид Ниязов да өз кезегинде эл аралык коомчулуктун Назаралиевдин медициналык борборуна болгон жогорку кызыгуусунун жыйынтыгы кээ бир адамдарга эле жардам алып келбестен, Кыргызстандын да аброюн көтөрөрүн белгилеп кетти.

Ибрагим Жусуев

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (3)
advert
2014-06-30 10:34:11
Женишбек байке, сиздин алып жургон иштериниз канча гана адамдардын омурун сактап келет. Иштеринизге ийгилик!
0
lolo
2014-07-07 04:46:08
Ozu aryk ele kiwi, Amarikada okugan balasy aivai semiz bolchu, azyr 200, 250kg bolup kaldy boluw kerek )) Jakwy eken kylgandary birok maga Marokoluktar jakpait, europada aivai jamn koruwot uwul olkolordu.
0
kufa
2014-07-18 17:35:51
lolo, sen evropalyksyny, alardy jamankorgondoi.
0
№ 608, 27-июнь-03-июль, 2014-ж
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан