SKYPE'ты ЧЕТКЕ СҮРГӨН VIBER

Бекер чалуу, бекер СМС-билдирүү жөнөтүү... Бул сөздөр уюлдук операторлордун кабагына кар жаадырса, телефону барларга майдай эле жагары айтпаса да белгилүү . Кучагына бүт дүйнөнү камтып, интернет аркылуу бекер байланышты сунуштаган кызмат – Skype бар эле. Бүгүн акырындык менен Skype`ты четке сүрүп, топ жарып келаткан Viber тууралуу сөз болмокчу.

Түрү: VoIP (интернет-протокол) программа.
Иштеп чыгуучу: «Viber Media» компаниясы.
Программа иштей турган операциондук системдер: Windows, OS X, Linux иш столдорунда (десктоп) Android, BlackBerry OS, iOS, Series 40, Symbian, Bada жана Windows Phone. Мында Symbian`да болгону СМС-билдирүү гана жөнөтүп, кабыл алууга мүмкүн. Ал эми чалууларды аткаруу каралган эмес.
Камтылган тилдер: Англис, кытай, немис, орус, француз тилдеринен башка дагы 23 тил.
Алгачкы чыккан датасы: 2010-жыл, 2-декабрь.
Жайылган аймагы: Дүйнөнүн 193 өлкөсү.
Колдонуучулардын саны: 2014-жылдын февралында 280 миллион адам катталган. Булардын 100 миллиону мессенжер менен жок дегенде айына бир ирет пайдаланат.
Программаны иштеп чыгууга кеткен каражат: Көз карандысыз булактардын эсептөөлөрүндө программаны иштеп чыгууга жалпысынан 30 миллион доллар сарпталган. Ал эми инвесторлордун аты коомчулукка ачык айтылбай, жашыруун бойдон калууда.
Жумушчулардын саны: Алгач 40 адам иштесе, учурда 100дөн ашык адам эмгектенет.

VIBER`ДИН АРТЫКЧЫЛЫГЫ ЭМНЕДЕ?
Viber орнотулган «акылдуу» телефондор арасында Wi-Fi, 3G жана 4G тармагы аркылуу бекер чалууга, CМC-билдирүүлөрдү, сүрөттөрдү, видео жана аудио билдирүүлөрдү жөнөтүүгө мүмкүндүк берет. Мында болгону интернетти пайдаланууда жергиликтүү оператор тарабынан акы алынат. Компанияга киреше алып келүүсү үчүн Viber Out кызматы бар. Бул кызмат аркылуу колдонуучулар Viber`и жок абоненттерге арзан баада эл аралык жана жергиликтүү чалууларды жүргүзө алышат. Бирок Viber'дин бул акы төлөөнүүчү чалуулары Skype'ка салыштырмалуу бир аз кымбат.
Программанын башкалардан айырмачылыгы – колдонуу усулу эң жөнөкөй. Ушунусу менен ал Skype`ты четке сүрүүдө. Болгону интернеттен Viber`ди көчүрүп аласыз. Андан соң программаны иштетип, ага өлкөңүздү жана телефон номуруңузду жазсаңыз, сизге СМС аркылуу активдештирүү коду келет. Аны киргизген соң программа сиздин телефондун дарек китепчеси менен биригип, андагы Viber`ге туташкан номурларды өзү табат.

Чалуу аткарууда же СМС жазууда:
1. Viber`ди ачасыз.
2. Байланыш тизмесин ачыңыз.
3. Байланыша турган адамды тандаңыз.
4. Андан соң бекер чалуу же СМС жөнөтүүнү басыңыз.

Skype менен Viber’дин Кыргызстандан чет өлкөлөргө чыккан акы төлөнүүчү чалуулары боюнча бааларын салыштырып көрөлү:
Орусияга (мүнөтүнө)

Вайбер:1,19 сомдон 4,10 сомго чейин. (Мында баалар шаардаларга, уюлдук жана стационардык телефонго карата өзгөрөт).
Скайп: 1,42 сом
АКШга (мүнөтүнө)
Вайбер: 99 тыйындан 2,54 сомго чейин
Скайп. 1,42 сом
Кытайга (мүнөтүнө)
Вайбер - 1,19 сом.
Скайп - 0,56 тыйын.
Кыргызстанга чет өлкөдөн чалсаңыз (мүнөтүнө):
Вайбер- 9,34 сомдон 15,05 сомго чейин.
Скайп- 8,16 сом

КОМПАНИЯНЫН НЕГИЗДӨӨЧҮЛӨРҮ
«Viber Media» компаниясынын негиздөөчүлөрү – Игорь Магазинник жана Тальмон Марко. Компаниянын башкы кеңсеси Кипрде, программаны иштеп чыгуу борборлору Беларуста, Кытайда жана Израилде жайгашкан
Игорь Магазинник Орусияда туулуп-өскөн. Ал 1991-жылы Израилге жер которуп, ал жактан компьютер жаатында билим алган. Учурда Израилде жашап, иштейт.
Израилде туулуп-өскөн Тальмон Марконун да кесиптик иши маалымат технологияларына байланышкан. Программаны түзүүгө чейин ал Израилдин куралдуу күчтөрүнүн борбордук командачылыгында 1993-жылдан 1997-жылга чейин IТ-директор катары эмгектенген.
2014-жылдын февралына чейин «Viber Media`нын» ири үлүшкерлери израилдик үй-бүлөлөр Шабтай (55,2 пайыз үлүш) менен Марко (11,4 пайыз) жана америкалык «IRS West» (12,5 пайыз) компаниясы болуп келген. Февралдан тарта компаниянын 100 пайыз үлүшү толугу менен жапон миллиардери Хироси Микитанинин «Rakuten» компаниясына өткөн. Миллиардер Viber`ди сатып алууга 900 миллион долларын аяган эмес.Буга чейин бул программаны 400 миллион долларга кытайлык «WeChat», жапондук «Line» жана Түштүк Кореянын «KakaoTalk» сыяктуу компаниялары сатып алууга даяр экендиги тууралуу маалыматтар жарык көргөн. Бирок ар бир кадамын миллиметрине чейин өлчөгөн израилдиктер аталган баага ыраазы болгон эмес.

Кубаныч Сыдыков
kenesh@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (31)
Big-hearted
2014-07-02 00:10:27
Колдонуп корушум керек экен, чалуулар жок болсо да Ватсап кызыктуурак эле.
0
nargiz_96
2014-07-02 00:41:17
Вайбири жокторго кантип чалат тугандар
+1
Nuraiym.marasilova
2014-07-02 03:29:16
nargiz_96, viber out menen =)
0
Kyrgyzbaj
2014-07-02 02:27:22
nargiz_96 вибери жокторго
«кееечирип кой, кееечирип кой сааадагам» деп гана смс жоното аласын ;)))))))
0
WINNER
2014-07-02 18:26:00
Кочуруп коройунчу менда.
0
mersedes2013
2014-07-03 03:13:25
мен да Вибер колдоном мага жагат .бирок коп адамдар билишпейт го
0
kenzhe92
2014-07-03 19:47:28
Билишет бирок колдонушпайт бирок мага жакпады
0
diiazbek
2014-07-03 20:29:58
вооопше болбогон нерсе Вибер жакшы деген адамдар кантип еле жакшы деп жатат Skyр ееен сонун кымбат болсода катыбайт
0
Shurik
2014-07-03 21:24:19
Вайбер толук иштелип чыкпаган же толук өздөштүрүлүп бүтпөгөн өңдүү,сапаты анчалык жакшы эмес, балким мезгил келип оңолор.Азырынча Skype тан өтөөрү жок.Арзан деп жатышат айта кетсек-"Арзандын ашы татыбайт"деп койот элимде.
+1
teto
2014-07-04 09:21:18
Ватсап менен скайп еле жетишет вайбер аман еле болсун
+2
samar55
2014-07-04 10:11:50
Азыркы учурда чет олко менен байланышууда вайбердин сапаты анчалык эмес.скайп аркылуу байланышам.Келечекте жакшы сапатка ээ болуп элге кызматын аткарат .
+1
chimpo
2014-07-05 15:25:47
kyrgyzdarga agent menen odnoklassnik ele jetet!!!!;D
+1
windows.kg
2014-07-06 02:15:11
Вибер ото соонун прога мага жагат бирок негедир керектуу адамдар колдонушпайт
0
sekelek96
2014-10-29 00:38:31
Viberden Kyrgyzstan menen bailanyw nachar ,a Rossianyn ichi menen suilowson jakwyyy
0
guju_90
2014-12-05 01:45:28
viberdin sviazy nachar chem Skypetan.
0
Abdyrawit
2015-02-08 03:02:58
viber Ынгайлуу экен...бирок skype караганда байланышы жакшы эмес....
0
№ 608, 27-июнь-03-июль, 2014-ж
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан