ЖАШ КЫЗДЫ ЖИЛИКТЕГЕН КЫЛМЫШКЕР СОТТОЛДУ

Гезит бетине коомдогу болуп жаткан ар түрдүү кылмыш, кырсыктарды байма-бай жарыялап келебиз. Окуялардын жүрүшүн гана баяндап койбостон, кээ бир чуулгандуу окуяларга сот кандай чечим чыгарганын да көз жаздымда калтырбаганга аракет кылабыз. Бул ирет алардын бирине орун бермекчибиз.
Үстүбүздөгү жылдын 11-январь күнү Бишкек шаарындагы Панфилов көчөсү менен темир жолдун кесилишинде жайгашкан таштанды салуучу челектердин ичинен адам өлүгү табылган. Жакын жердеги үйлөрдүн жашоочулары челектен адамдын колу чыгып калганын байкап, милицияга кабарлашат. Укук коргоо кызматкерлери таштанды челектин ичинен колу кол, буту бут болуп кескиленген, ал тургай салааларынан өйдө майдаланып, 20дан ашык бөлүккө бөлүнгөн, башы жана ички органдары жок аял кишинин денесин табышкан. Аталган факт боюнча 97-берененин 2-бөлүгү (өзгөчө мыкаачылык менен адам өлтүрүү) менен кылмыш иши козголуп, көп өтпөй бул кылмышка шектелип 1987-жылы туулган Бишкек шаарынын тургуну Наиль Надиров кармалган.
Жогорку Соттун маалымат кызматынын билдиришинче, Бишкек шаарынын Свердлов райондук соту 23-июндагы сот отурумунда Наиль Надировду бул кылмышка күнөөлүү деп таап, 13 жылга эркинен ажыратты. Анын үй-мүлкүн конфискациялоо менен жаза мөөнөтүн күчөтүлгөн режимдеги колонияда өтөөгө чечим чыгарды.
Ошондой эле ал өлтүргөн Карина Кыштыбаеванын жакындарына моралдык чыгымдары үчүн 500 миң сом, материалдык чыгымдары үчүн 336 миң 278 сом өлчөмүндөгү акча каражаты өндүрүлүп берилери белгилүү болду. 2014-жылдын 11-январынан берки түзөтүү колониясында өтөгөн күндөрүнүн 1 күнүн 2 күн катары эсептеп, 28-январдагы амнистия тууралуу буйруктун негизинде Надировго берилген жаза өтөө мөөнөтүнүн 4төн 1 бөлүгүн кыскартуу буйругу чыкты.

Гүлжан Асанкожоева
koom@super.kg

 Кыстарылган видео 
Коомчулукта чуулгандуу окуя жараткан кылмышкер соттолду
"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (26)
mersedes2013
2014-06-30 15:47:48
ой бети жоктор десе уялбай 13жыл бергенин ,ещё амнистиясы бар .омур бою кесиш керек эле.бизде кандай заман болуп баратат баарын акча чечип калды ,заман бузулду
0
infiniti
2014-06-30 18:35:07
ХХХ ХХХ керек!!!
0
lyblyego
2014-06-30 21:16:29
infiniti, Ооба!олум жазасын ишке киргизиш керек..омур бою камап мамлекет багып открабы мыгдай мыкаачыны..
0
hakker_a
2014-06-30 23:24:12
lyblyego, Силер туура эмес ойлоп жатасынар КРсы адам укугун жогору койгон демократиялуу мамлекет болгонбуз. Ушул демократия бизди бузду. Биз укпаган кеылмыштар, ойго келбеген окуялар. Бирок, 2015-жылдан КРсы "Олум жазасын" иштеп чыгып Жаза аткаруу мекемелеринде колдонушу мумкун.
0
admin_portal
2014-07-01 10:27:50
infiniti - эскертүү!
Провокация жарата турган комментарийлерди жазууга тыюу салынат.
0
Aikoo2014
2014-06-30 23:06:07
Мынча аз берилген,ал деген бироонун чырактай кызын жон эле олтурбостон мучолоп салган. Тообо кылдым акча учун апаларында сатыштан бээри тартышпайтго булар.
0
hakker_a
2014-06-30 23:27:51
Ой тобоо КРсынын Кылмыш Жаза Мыйзамында озгочо оор кылмыштарга амнистия берилбеши керек эле. Анан кантип бул кылмышкерге амнистия берилди же биздин атка минерлер дагы да коррупциянын курмандыгы болуп жатабы?
+1
Baktiar93
2014-06-30 23:35:03
капысынан олтуруп алса мейли эле атайлап олтуруп майдалаган кунроу экенин билгенде сразу эле атыш керек мындай айбанды
0
Gul.08
2014-07-01 01:33:54
ХХХ ХХХ ХХХ... 13 жылдан кийин чыгып алып дагы баштайт кылмышын...акчаны туугандары кобуроок таштагандырда...ошол акчаларына акча алган сотторго мээ сатып алып бериш керек болуп калды....Кудай жазасын берсин!
0
admin_portal
2014-07-01 10:29:28
Gul.08 - эскертүү!
Провокация жарата турган билдирүүлөрдү калтырууга тыюу салынат.
0
Desmond
2014-07-01 01:48:51
Эмне учун олтyргoн?
0
SayKal1218
2014-07-01 09:31:03
Кандай мыкаачы озу бул. улуту дагы ким бул зоокурдун озу ."Атасы жардам сурап жатат",- деп журбоду беле, демек женилдеткен акчанын кучу го чамасы. Женилдик берген соттордун дагы абийири кудай алдында го. шумдугун кур. дуйного келген адамды башка бироо олтурсо эн жаман жаман нерсе.
0
sterva
2014-07-01 09:51:42
Тооба,тиги макалада бала саткан врачтарга 15жыл беришиптир,бул людоедге 13жыл,вот она справедливость!Ошон учун да Кыргызстан эч качан онолбойт!
+1
iskra
2014-07-05 15:35:28
Капысынан олтуруп алса да мейли бирок эмнеге майдалап кескилегени эсинди оодарат го?Кумурсканы басып алсан кыжаалат болосун олтуруп басып алдым деп.А булар адамды олтуруп жатышат анан дагы коркуп да коюшпаганы тан калтырат.
0
Salamat_87
2014-07-05 22:23:22
Allax jazandi bersin
0
arishka
2014-07-07 19:36:32
Тигил дуйнодо орттоносунго, акмак !
0
urmat_88-kg
2014-07-26 17:14:00
Куноосу далилдендиби атыш керек канкорлорду.
0
aliaman
2014-07-31 01:09:31
кызык эмнеге зардуктаганга 24жыл бергенда а сойуп жиликтеп салганга 13 эле жыл берилген
0
imam
2014-08-06 20:24:02
Демек зордук таган олтуруудон катуу куноо есептел ген го .
0
№ 608, 27-июнь-03-июль, 2014-ж
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан