Анжелика: “АЗЫР ДЕЛЕ СҮЙҮҮСҮН АРНАГАН МЫРЗАЛАР БАР”

Калп тапкыч

Окурман, бул жолу калп тапкыч аппараттын жардамы менен Анжеликаны сынап көрдүк. Ал жеке жашоосуна байланышкан суроолорго келгенде бирде чүчкүрүп, бирде каткырып, айтор, адис Олег Булатовдун айласын алты кетирди.

– Төшөк жаатында бактылуу­суңбу?
Анжелика: Ооба.
Детектор: Ооба.
– Жолдошуңду кызганасың­бы?
Анжелика: Ооба.
Детектор: Ооба.
– Көп балалуу болгуң келеби?
Анжелика: Ооба.
Детектор: Жок.
Анжеликанын комментарийи: – Өзүм үч бир тууганмын. Шаар тургундары үчүн үч бала деле көп да. Ал эми кайненемдин 9 баласы бар. Бул мен үчүн өтө көп. Жолдошум экөөбүз бештен кем эмес балалуу болсок деп тилейбиз.
– “Анжелика сараң” деген сөзгө кошуласыңбы?
Анжелика: Ооба.
Детектор: Жок.
Анжеликанын комментарийи: – Чынында, өзүмдү сараңмын деп ойлойм. Бирок жооп берип жатып башка адамдарга кылган жакшылыктарым тууралуу ойлоп кеттим окшойт. Анткени жакындарым жардамыма муктаж экенин билсем, аянбайм.
– Шоу-бизнесте душман­да­рың барбы?
Анжелика: Жок.
Детектор: Ооба.
Косметика колдонбой сахнага чыга аласыңбы?
Анжелика: Ооба.
Детектор: Ооба.
– Байлык сен үчүн башкы орундабы?
Анжелика: Жок.
Детектор: Ооба.
Анжеликанын комментарийи: – Үй-бүлөм – мен үчүн биринчи байлыгым. Үй-бүлөмдүн бакубат жашоосу үчүн материалдык байлык да негизги орунда.
– Секссиз жашоону элестете аласыңбы?
Анжелика: Ооба.
Детектор: Жок.
Анжеликанын комментарийи: – Ха-ха-ха!.. Детекторду алдап көрөйүн десем, болбой калбадыбы. Эми бул мыйзам ченемдүү көрүнүш да. Суу, аба кандай керек болсо, секс деле адамдын жашоосу үчүн ошондой зарыл нерсе. Эң негизгиси, аял менен эркектин ортосунда чыныгы сүйүү болсо секс да ошончолук таттуу, даамдуу болот.
– Жолдошуңдун көзүнө чөп салып көрдүң беле?
Анжелика: Жок.
Детектор: Жок.
– Айчүрөк Иманалиеваны ырчы катары баалайсыңбы?
Анжелика: Ооба.
Детектор: Ооба.
– “Жылдыздар манежде” долбоорунда сыйлыкка берилген алтын таажыны сен сатып алдың беле?
Анжелика: Жок.
Детектор: Анжелика өз жообуна канааттанбады.
Анжеликанын комментарийи: – Ишенесиңерби, бул тууралуу суроолордон тажап бүттүм. “Алтын таажы” деген кепти уксам эле нервим чыңалып чыгат. Дагы бир жолу мунун баары калп деп тастыктагым келет. Эгерде таажыны сатып алган болсом, мен бул жерге келип текшерилүүдөн өтмөк түгүл, жакын да жоломок эмесмин.
– Шоу-бизнесте сага карата айтылган ушактарга маани бересиңби?
Анжелика: Ооба.
Детектор: Ооба.
– Сахналашың Бактыгүл Бадыеваны өзүмдөн сулуу деп ойлойсуңбу?
Анжелика: Жок.
Детектор: Ооба.
Анжеликанын комментарийи: – Сырткы келбетке өзгөчө көңүл бурам. Бирок Бактыгүл Бадыеваны өзүмө атаандаш деп санабайм. Анткени анын өзүнө гана тиешелүү сулуулугу, келбети, менин өзүмө гана жарашкан сулуулугум бар.
– Азыр да сүйүүсүн арнаган жигиттер барбы?
Анжелика: Ооба.
Детектор: Анжелика толкунданууда.
Анжеликанын комментарийи: – Ачыгын айтсам, жолдошумдун көзүнчө деле ашыктыгын айткан мырзалар болбой койбойт. Жолдошум булардын баарына түшүнүү менен карайт. Дагы бир кызык, мага мырзалар гана эмес, айымдар да сүйүүсүн билдирген учурлар болгон.
– Ыйман жолуна түшүп, намаз окушуң мүмкүнбү?
Анжелика: Ооба.
Детектор: Ооба.
– Жолдошуңду акылдуу деп эсептейсиңби?
Анжелика: Ооба.
Детектор: Ооба.

Шарипа Бекташева
star@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (1)
Mile
2009-11-03 15:28:54
Анжелика сага ийгилик. Эч кимди алдына тушурбогон кыргыздын сулуусу болуп журо бер!
0
№ 365, 30-октябрь - 5-ноябрь, 2009-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан