Быйылкы Юрмалада өтчү жаш таланттардын «Жаңы толкун» сынагына Кыргызстандын атынан барчу «Style Mix» триосуна ишеним артып, «алдыңкы орундарга илинет» деп үмүт кылгандар көп. Топто чынында таланттуу ырчылар чогулганына super.kg порталынын колдонуучулары күбө болуп, алардын келбетине, үнүнө, талантына жакшы пикирлерди жаадырышкан эле. Бүгүн биз аталган топтун жалгыз кызы, эркеси Илима Дуйшеналиева менен тааныштырабыз.
Толук аты-жөнү – Дуйшеналиева Илима Күрүчбековна
Туулган жери – Бишкек шаары
Туулган жылы, күнү – 1994-жыл, 2-июнь
Билими – Кыргыз улуттук университетинин психология факультетинин 3-курсунун студенти
Кызыкканы – Психологиялык китептерди окуганды жакшы көрөт
Фобиясы – Жөргөмүш
Үй-бүлөлүк абалы – Бойдок, жигити жок
– Кандайсың, Илима? «Жаңы толкун» сынагына даярдыктар кандай жүрүп жатат?
–Буюрса, сонун. Сынакка үч ыр жаздырып, бийлерди даярдап койдук. Азыр формаларды тиктирип, Юрмалага кетчү документтерди бүтүрүү менен алектенип жүрөбүз. Сынакка күчтүү колдоочу топ менен баратабыз, биз менен кошо Арсен, Омар байкелер, Анжелика, продюсерибиз Миргүл эже барышат. Артыңда мындай күчтүү команда турганда коркпой деле калат экенсиң. Бизге көрсөткөн чоң жардамы үчүн аранжировкачы Мирлан Ниязов менен Эрнест Жоошевге терең ыраазычылык билдирем.
– Силерден эл көптү үмүт кылып жатышат. «Алдыңкы орунга илинбей калсак эмне болот?» деген коркуу сезимдери болгон жокпу?
–Жок, корккон жокпуз, жеңбей калсак капа болбойбуз. Биздин биринчи максат – Кыргызстанды уят кылбай, мекенибизди татыктуу көрсөтүү. Ал эми жеңиш анын артынан келсе деле боло берет, эң башкысы, намыс.
– Музыка дүйнөсүнө кантип аралашып калганың кызык болуп жатат?
–Атам искусстводон алыс адам, мендеги ырга болгон шык апамдан берилсе керек. Кичинемде апам мени бешикке бөлөп, алдей ырын ырдап уктатчу экен. Азыр да үйдө кээде ырдап калат. 6 жашымда музыкалык мектептин пианино бөлүмүнө беришкен, бирок пианино меники эмес экенин түшүндүм. Ал кезде ырдай аларымды өзүм деле билчү эмесмин. 12 жашымда музыкалык мектептин эстрадалык вокал бөлүмүндө окуп калдым. Ырга болгон кызыгуу ошол жактан башталды окшойт.
Окуп жүрүп үнүмдү таптайын деп кафеде ырчы болуп иштеп калгам. Топтогу Адилет, Талас менен кафеде иштеп жүргөндө таанышканбыз. Талас ал убакта жеке ырчы болом деп жүргөн. Шоу-бизнестеги ырчылар, продюсерлер менен жакшы тааныш эле. Миргүл эжеге биздин топко продюсерлик кылуу сунушун Талас киргизген. Мен да топко келгенге чейин жеке ырчы болом деп аракет кылгам, анда Амили деген лакап ат менен ырдачумун.
– Сенин чыгармачылыгыңа жакындарың, дос-тааныштарың кандай көз карашта?
–Чынын айтсам, ырчы экенимди тааныштарым, классташтарым жакында эле билишти. Мен мектепте окуп жүргөндө жоош, уялчаак элем, класска кирген-чыкканым билинбеген, көлөкөдө жүргөн кыз болчумун. Жакындан бери социалдык тармактардан «сен ырдай алат белең? «Жаңы толкунга» барат турбайсыңбы, ээ?» деп сурап таң калып жатышат. Алар үчүн чоң ачылыш болдум окшойт.
– Белгилүү болгон сайын ал адамды тегеректеген дос-курбулардын саны арбыйт, сенде бул жаатта кандай, баары менен эле дос боло бересиңби?
–Учурда психология факультетинде окуп жатпаймынбы, андыктан адамдардын жакшы-жаманын билем. Анан дайыма алтынчы туюмум менен кеңешем. Жашырбайм, азыр досторум көп, анын көпчүлүгү жигиттер. Кыздардан эки эле курбум бар. Көңүл калтырган курбу кыздар көп болгон, ошон үчүн мырзалар менен эле дос болгон жеңилирээк экен деп койдум. Чынында, жигиттер эркекче мамиле кылышат, көйнөгүң жарашпаса «жарашпайт экен» деп эле бетке айтышат.
– «Style Мix» тобундагы жигиттер менен мамилең кандай, алардын арасынан болочоктогу жолдошуңду көрө аласыңбы?
–Биз бир туугандай мамиледебиз. Топто үчөөбүздүн мүнөзүбүз төп келишет, бири-бирибизди толуктап турабыз. Мисалы, Адилет шайыр, ак көңүл, кыял-жоругу 15 жаштагы баладай, эч нерсе менен иши жок, кам санабай жүрө берет. Ал эми Талас токтоо, ойлонуп иш кылат. Аларды болочоктогу жолдошум катары көрө албайм. Негизи эле күйөөгө чыгуу тууралуу ойлонуу мага эрте го дейм. Мен болгону 20 жаштамын, сахнадан ордумду таап, бутка туруп алгандан кийин ойлонсом болот.
– Кыздар өтө кыялкеч келишет, кыялыңдагы мырзаны сүрөттөп берсең?
–Жок, ал идеалды түзүш үчүн кандайдыр бир каалоо керек да. Менде андай такыр болбоптур. Жактыруу сезимине туш болгом, бирок эмоцияларды акылым менен башкара алам. Өзүмө-өзүм «сага эрте, шашпа» деп көп айтам.
– Негизи көпчүлүк топтордун өмүрү кыска болот дешет, бул ич ара келишпестиктерден, түшүнбөстүктөрдөн улам болушу мүмкүн. Силердин топ бул жолду кайталабайт деп ойлойсуңбу?
–Биз үчөөбүз бир адамдайбыз, бири-бирибизден бөлүп кароого болбойт. Көбүнчө топто иштеп белгилүү болгондон кийин өз алдынча иштегиси келишет. Бизде андай ой пайда боло элек, пайда болбойт дагы деп ишенем.
– Үй-бүлөң тууралуу да айта кетсең?
-Aпам Айгүл университетте сабак берет, атам Күрүчбек мамлекеттик кызматта иштейт. Беш бир тууганбыз, мен эң кичүүсүмүн, калгандары баары үйлөнүп, турмушка чыгышкан.
– Ысымыңды ким койгон, абдан сейрек кездешчү ат го?
–Апам кош бойлуу кезинде үйдөгүлөр эркек болот деп күтүшкөн экен. Эжем Түркияда окуп жүргөндө апама «ким төрөлсө да атын мен коём» деп эркек балага ат тандап жүрүптүр. Мен кыз болуп төрөлгөндө эжем бир күн ойлонуп, анан ушул ысымды таап, телефон чалып айткан экен.
– Көбүнчө кандай комплименттерди угасың?
–Көбүнчө үнүмө комплимент айтышат. Үнүмдүн күчтүүлүгүн Ферги, Кристина Агилера, Алиша Кизге окшоштургандар бар. Анан өзүмө кичине кезимден Раллия аябай жагат. Ага окшошкум келер эле. Кудай мага да Раллияныкындай үн берсе экен дечүмүн.
– Чачыңдын өңү дайыма сары түстө, качантан бери бул түскө боёп келесиң?
–Чачымдын табигый түсү күрөң. Мындан эки жыл мурун келбетиме өзгөртүү киргизүү максатында салонго барып, «чачымды башкача кылып бергиле» дедим. Мастерим «кыска кылып кыркып берейинби?» дейт. Кырктыргым келбей, сары түскө боётуп салгам. Мына, эки жылдан бери сары түстүү чачым менен жүрөм.
ИЛИМА ТУУРАЛУУ ТОПТОГУ ЖИГИТТЕР ЭМНЕ ДЕЙТ?
Талас: – Илима жомоктогудай кыз. Бүт кыялдарын биз менен бөлүшөт. Эч нерсесин жашырбайт. Аябай эрке, Адилет үчөөбүз кетип баратсак «тигини жейм, муну жейм» дей берет, биз бардык «каприздерине» чыдайбыз (күлүп). Үйүндө да эрке кыз, продюсерибизге, анан калса бизге эркелейт.
Адилет: – Илима абдан боорукер, чымынды тепселеп алса деле боору ооруй берет. Кичинесинен орус бала бакчага барып, андан кийин орус мектепте окуп калганына байланыштуу кыргызча өтө ката сүйлөйт. Кээде кыргызча сүйлөгөнүн угуп отуруп ыкшып күлүп калабыз. Англис тилинде таза сүйлөйт.
Лунара Бекиева
star@super.kg