Өткөн саныбызда президент Алмазбек Атамбаев Ош шаарына барган иш сапарында эстакадалык көпүрөнүн курулуш иштерине каражат бөлүнүп берилерин билдиргенин жазганбыз. Бул каражат Орусия тарабынан жиберилип жаткан гранттын эсебинен бериле турган болду. Ош шаары жана Ош облусунун инфраструктуралык долбоорлорун ишке ашырууга 1,5 миллиард сомго жакын каражат бөлүнөт. Эстакадалык көпүрөнү ишке берүү менен катар бул акча Ош шаарынын тургундарын газ баллондор жана таза суу менен камсыздоого да жумшалмакчы. Ошондой эле каражаттын калган бөлүгү шаар жана облустагы инфраструктуралык объектилерди курууга, оңдоого кетет.
Акча каражаттарын бөлүү мамлекет башчы Алмазбек Атамбаев менен Орусиянын президенти Владимир Путиндин 29-майда болуп өткөн жолугушуусунун натыйжасында чечилген.
Эльвира Караева
politika@super.kg