Биринчи вице-премьер-министр Тайырбек Сарпашев Сауд Арабия падышачылыгына барып, көп жылдан бери айтылып келаткан 3 чоң инвестициялык келишимдерди аягына чыгарып, кол коюп келди. Ош–Баткен–Исфана жолун оңдоого 21 миллион доллар бөлүү, Лейлек районунун Арка өрөөнүндөгү насостук станцияны оңдоо иштеринен өткөрүүгө 16 миллион доллар жана айылдарды өнүктүрүүгө 9 миллион доллар жумшалмакчы. Акча каражаты «Ислам өнүктүрүү банкы» тарабынан берилет.
Мындан сырткары Тайырбек Сарпашев Арабияда 4 миллиардер менен жолугуп, алардын жакынкы убактарда Кыргызстанга ири суммадагы инвестицияларды жумшоо тууралуу бекем убадаларын алып келди. «Алар негизинен айыл чарбаны жана туризмди өнүктүрүүгө инвестицияларды жумшайт. Мына, июнь айынан баштап асыл тукум чарбаларын өнүктүрүүгө 1 миллион 500 миң доллар бөлүнүп, бир топ иштер аткарылып жатат. Эң негизги максатыбыз – элеттин элин, дыйкандарды бутка тургузуу»,- деди Т.Сарпашев.
Ошондой эле биринчи вице-премьер-министр Азербайжанда Кыргызстанга 10 миң тонна кумшекер жүктөлүп, жолдо келе жатканын маалымдады. Ал 45 сомдон сатылмакчы.
Эльвира Караева
politika@super.kg