КЕЛДИБЕКОВГО КАРАТА КОЗГОЛГОН КЫЛМЫШ ИШТЕРИ СОТКО ЖӨНӨТҮЛДҮ

Жогорку Кеңештин мурдагы төрагасы жана депутаты Ахматбек Келдибековдун жактоочулары 27-майдан бери жабылуу турган Ош-Эркеч-Там жолун 23-июнда ачышты. Алар нааразычылык акциясын Ош облусуна караштуу Алай районунун Тамчы айылынын жанындагы жол боюнан улантышмакчы. «27-июнда Ахматбек Келдибековдун баш коргоо чарасын өзгөртүү боюнча соттук отурум болуп өтөт. Эгерде ал кайра эле камакта кала турган болсо, биз жолду кайрадан тособуз»,- дешет экс-спикердин тарапташтары.
24-июнь күнү Башкы прокуратура Ахматбек Келдибековго карата козголгон кылмыш иштери Бишкек шаарынын Биринчи Май райондук сотуна жөнөтүлгөнүн билдирди. Эске салсак, депутатка «коррупция» жана «кызматтык абалынан кыянаттык менен пайдалануу» беренелери боюнча айып тагылууда. 
Ал эми 25-июнь күнү Жогорку Кеңеш Ахматбек Келдибековдун ден соолугунун абалын көңүлгө алуу менен баш коргоо чарасын өзгөртүү тууралуу токтом кабыл алып, аны Жогорку Сотко жөнөттү. Каттоодон өткөн 100 депутаттын 68и токтомду колдосо, 14ү «каршымын» деген добушун берди.
«Токтомду кабыл алуу менен биз мыйзамды буздук. Эгерде Келдибековду үй камагына чыгарышса, анда баарын, анын ичинде Түлеевди да чыгаруу керек. Эмне үчүн камакта отурган карапайым адамдардын да маселесин көтөрбөйбүз? Депутаттар менен министрлер карапайым элден жогору турабы? Депутаттар Жогорку Сотко мындай өтүнүчтү киргизбеши керек, бул мыйзамда бекитилген. Башкы прокуратура буга баа берсин»,- деди Жогорку Кеңештин депутаты Данияр Тербишалиев.

Эльвира Караева
politika@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (3)
Aik95
2014-06-30 14:01:31
Батыраак камалса экен жолду тостура бербей.
-2
lazy_boy.kg
2014-07-01 03:20:09
Карга карганын козун чукубайт демекчи, булардын тили бир баарысынын. Чыгып кетсе керек мен суттон акмын деп
0
admin_portal
2014-07-01 11:47:02
nuri_jan - 3 күнгө БАН!
Мазактоого, провокация жарата турган билдирүүлөрдү калтырууга тыюу салынат.
0
№ 608, 27-июнь-03-июль, 2014-ж
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан