2013-жылы 7517 адам соттолгон, анын ичинен 2982си ЭРКИНЕН АЖЫРАТЫЛГАН.
«Жаштардын укук коргоочу тобунун» докладына ылайык, өлкөдө жыл сайын 23,5 миң бала ОКУУСУН ТАШТАЙТ.
БИШКЕК-ЫСЫК-КӨЛ трассасын туристтик сезондо күн сайын Жол көзөмөлдөө кызматынын 12дей посту кайтарып турат.
Кыргызстанда 16 миңден ашуун КОММЕРЦИЯЛЫК ЭМЕС уюмдар бар.
Архитектура, курулуш, турак жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттиги көп кабаттуу үйлөрдүн фасадын жасоодо АЛЮКОБОНД колдонууга тыюу салмакчы. Анткени бул курулуш материалы менен капталган Казакстандын имараттарында өрт чыккан учурлар көп катталууда.
2012-жыл боюнча жүргүзүлгөн медициналык-демографиялык изилдөөгө ылайык, өлкө ичинде ИЧКИЧ эркектердин саны эң көп Чүй облусунда, эң аз Баткен облусунда катталган.
Тосулган СТРАТЕГИЯЛЫК ЖОЛ 24 сааттан кийин ачылбаса, аны буугандарга карата кылмыш ишин козгоо боюнча мыйзам долбоору Жогорку Кеңеште сунушталып жатат.
Өлкөнүн КӨМҮР ЗАПАСЫ 24,4 миллиард тоннаны түзөт, жалпы жонунан 40тан ашуун көмүр кени бар.
Жогорку Кеңештин депутаты Эльмира Иманалиеванын айтымында, жыл сайын Кыргызстанга Түркия 100, Кытай 200, Орусиянын МГИМО институту окуу боюнча 15ке чейин ГРАНТТЫК ОРУНДАРДЫ бөлүп берет.
Нурлан Сулайманкулов Бишкек шаарынын ПРОКУРОРУ болуп дайындалды.
«Ата Мекен» фракциясынын лидери ӨМҮРБЕК ТЕКЕБАЕВ мамлекеттин 5 пайыздык үлүшү бар ишканаларды стратегиялык объекттердин тизмесине киргизүүнү сунуштап жатат.
БОРШАЙКОМ 2005-жылдан 2014-жылга чейинки аралыкта каза болгон адамдарды добуш берүүчүлөрдүн тизмесинен чыгарууну баштады.
Ош облусуна келген Кытай аткаминерлеринин делегациясы ГИЛАС, КООН, АНАРДЫ коңшу өлкөгө ташууга кызыкдар экенин айтышты.
Республикалык наркология борборунун каттоосунда 10 705 киши турат, анын ичинен 10 592си баңгизатын колдонуучулар болсо, 113ү ТОКСИКОМАНДАР.
Жогорку Соттун төрайымы ФЕРУЗА ЖАМАШЕВАНЫН айтымында, соттук системде эмгектенгендердин 70 пайызынын 5 жылдан жогору иш тажрыйбасы жок.
"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.