Келерки жылы кезектеги парламенттик шайлоо өтөт. Жаңыдан түзүлгөн «Өнүгүү», «Бир бол» өңдүү партиялар шайлоочулардын добушу үчүн күрөштү эмитен эле баштаса, айрымдар «ойгоно элек» убагы. Учурда кайсы партиянын аброю калк арасында жогору? Кимиси ишенимден кете элек? Ушундай суроолорго жооп алуу максатында «Эгер эртең шайлоо болуп калса, кайсы партияга добушуңузду берет элеңиз?» деген суроо менен Бишкек шаарында сурамжылоо жүргүзүп көрдүк. Жалпысынан 236 адамга суроо узатылды. 42 адам жооп берүүгө даяр эместигин билдирди.
P.S. Сурамжылоо Бишкек шаарында жүргүзүлдү. Жалпы республикалык көрсөткүчтү гезитибиздин келерки сандарында жарыялайбыз.