Айгерим Расул кызы:«ИНДИЯ КИНОСУНДАГЫДАЙ СҮЙҮҮГӨ КЕЗИКТИМ»

21-июнь күнү ырчы Айгерим Расул кызына сөйкө салып кетишти. Ырчы болочоктогу күйөө бала менен кантип таанышып, турмуш жолуна аттанууну чечкенин айтып берди.

– Айгерим, интернетке жоолукчан түшкөн сүрөттөрүңдү жүктөөр замат сени «турмушка чыкты» кылып жиберишти, өзүң бул тууралуу кенен айтып бербесең болбойт...
– Кандайсыздар, сүйүктүүм Азаматтын ата-энеси келип сөйкө салып кетишкен. Жоолукчан түшкөн сүрөттөрүмдү, сөйкө салып жаткандагы видеонун үзүндүлөрүн жүктөп койсом, баары турмушка чыкты деп ойлоп алышыптыр. Мен азыр ата-энем менен эле жашайм. Августтун аягында чоң той-концерт беребиз, ошондо эл алдында кыз узатуу каадасы менен турмушка чыгайын деп жатам. Анткени буга чейин мен жөнүндө түрдүү жомоктор айтылып келген. Ошолорго биротоло чекит коюп, менин тоюма, жакшылыгыма эл күбө болсун деп ушундай чечимге келдик.

– Сенин жүрөгүңдү багындырган мырза ким болду экен?
– Буга чейин көп айымдар менден сүйүктүүлөрүн кызганып келишкен. Ошол айымдар сүйүнгөн убакыт келди окшойт. Мен байлыкка, бийликке кызыгып, бир байдын токолу болуп, ажырашкан бирөөгө же чалга эмес өзүмдүн теңиме турмушка чыгып жатам (күлүп). Азамат акем 1988-жылкы, 26 жашта. Оштун Кара-Кулжа районунан болот. Мен ага чейин бир да жигит менен кыз-жигит мамилесинде болгон эмесмин. Азамат аке менин биринчи жана акыркы сүйүүм болуп калды, ошого бактылуумун.

– Сүйүктүүңдү аке деп чакырасыңбы?
– Ооба, башынан эле «сиз», «Азамат аке» деп көнүп алыптырмын.

– Күйөө бала жөнүндө сүйлөгөндө көздөрүң күйүп-жанып жатат го, күчтүү сүйүүгө кезиккен окшойсуң?
– Мен кичинемден эле кинодогудай сүйүүгө ишенчүмүн. Индия кинолорундагы каармандар бирге болбой калса кадимкидей кабатырланчумун. Ал эми өзүмдүн тажрыйбамда эгер кыз-жигит бири-бирин катуу сүйсө, аягы сөзсүз «хеппи энд» менен бүтөрүн түшүндүм. Мен индия киносундагыдай сүйүүгө кезиктим деп айта алам.

– Азамат менен кантип таанышып калгансың?
– 2012-жылы күзүндө таанышканбыз. Мени Тажикстанга тойго чакырышкан, ал орган кызматкери болуп иштегендиктен, тааныштардан атам менин коопсуздугум үчүн кооптонуп, «коштоп чогуу барып келсин» деп суранышкан. Башында дос катары эле сүйлөшүп жүрчүбүз, кийин достугубуз сүйүүгө айланып кетти.
Ал адамгерчиликтүү, ак көңүл, тамашакөй. Эң башкысы анда багындыруучу сапат бар, жетем дегенине жетет. Экөөбүз эрикпей түнкү 2-3төргө чейин деле телефон менен сүйлөшүп отура беребиз. Мен үчүн көп эле сюрприздерди жасады, анын баарын айтып отурсам мактангандай болуп калам.

– Кайненеңди азыртан эле «апа» деп алыпсың, сөйкө салып жатканда толкунданган жоксуңбу?
– Мен кайненемди дароо эле "апа" дедим, анткени мага апамдай эле мамиле жасайт. Аябай «современный» апам бар. Сөйкө салган күнү биринчи жолу кайнимдин «жеңе» дегенин, апамдын «кызым» дегенин уктум. Чынында ал сезимдерди сөз менен жеткирип бере албайм.

– Өзгөчө сюрприздерди жасаган күйөө бала колуңду да өзгөчө сураганы эсибизде...
– Ооба, 8-март күнү Оштогу концертте колумду сураган. Мен ырдап бүткөндөн кийин алып баруучу токтотуп, «сүйүүгө ишенесиңби?» деп сурады, мен «ооба» десем, «анда күтүп ал сүйүүңдү» деп сахна жакты көрсөтүп жатпайбы. Карасам Азамат акем 7-8 жигиттин коштоосунда кучак толо роза гүлү менен чыгып келе жатат. Бир кызыктай болуп кеттим, сахнадан колумду сураганда элдер кол чаап, ышкырып, аны аябай колдошту. Макулдугумду бергенден кийин мени колуна көтөрүп сахнадан чыгып кеткен. Кийин Азамат акем «сахнага чыгып баратканда сенин түрүңдү көрүп, макул болбой коёбу деп коркуп кеттим» деп жатпайбы.

– Бактылуу болгула!

«Апам (ред. кайненем) салган бриллиант сөйкөнү эми такай тагынып жүрөм».

Лунара Бекиева
star@super.kg

 Кыстарылган видео 
Айгерим Расул кызы: "Жүгүнүп жатып сүрдөдүм"
"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (88)
Batyaalka
2014-07-02 14:10:09
Баарынар эле бизге келин болот экенда дейсинер. Бриллант сойкону чогулуп алгансынарго ээ?
-1
ulan.zhoroev
2014-07-03 00:00:12
Batyaalka, ха ха ха
0
papanstan
2014-07-02 17:52:00
Элиза Орозова корунбой калды го супер инфо маалымат жазыныздарчы рахмат.
0
admin_portal
2014-07-02 18:00:52
papanstan, Саламатсызбы!
Сунушуңузга рахмат, аракет кылабыз!
0
shkolad87
2014-07-02 20:38:17
бактылуу бол жалпы кыргыздардын атынан
0
j.julduz
2014-07-03 14:43:52
жоолукту эрте эле салынып алганго неболсода бактылуу бол
0
Ainura79
2014-07-03 17:11:11
видео ачылбайт, кантип ачсам болот?
0
admin_portal
2014-07-03 17:13:10
Ainura79, Саламатсызбы!
Кандай катачылыктар кетип жатат?
0
Ainura79
2014-07-03 17:29:50
Саламатсызбы? Менин суроомду жоопсуз калтырбай караганыныздарга чон рахмат! Видеолордун ордуна реклама чыгат. Бир да видеону коро албайм.
0
admin_portal
2014-07-03 17:51:34
Ainura79, Сиздин интернеттин ылдамдыгы жай болушу мүмкүн. Башка браузер менен кирип көрсөңүз. Эгер дага деле көрө албасаңыз, мага купуя кат аркылуу кайрылсаңыз.
0
alibekova94
2014-07-03 17:58:29
Бактылуу болсун жакшынакай кыз
0
LISICHKA
2014-07-04 11:17:31
Атасы дагы кызына чамалаштырып "охранник" жонотуптур да кызы м-н бирге,кызымдын багы ачылсын дегени го.Бактылуу болсун.
0
admin_media
2014-07-04 11:22:18
LISICHKA,
Кимдир-бирөөнү мазактоодон алыс болуңуз! Эскертүү!
0
nuremir
2014-07-04 11:36:44
Акыры куого тийип жаны тыныптыр
0
kizburak.81
2014-07-05 17:22:18
Бактылуу болгула!!! коз тийбесин
0
aniraz.zari
2014-07-06 17:29:38
yimanduu kelin bolsun!
0
spb007kg
2014-07-07 04:14:08
Ой карындаш бактылуу болгула
0
Positive
2014-07-17 01:42:46
Айгеримдин берген комментарийлери жакпай калыптыр же бул сезимдер мага тааныш болгонуннанбы айтор бироо сунуштаса ошону айтып жаткандай эле болду. бир аз мактанып да алыптыр
-1
aibek93
2014-07-29 15:14:14
Жаш ырчылардын арасындагы назик ундуу, номер биринчи сулуу айым. Бактылуу бол!
0
№ 608, 27-июнь-03-июль, 2014-ж
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан