КАЙСЫ ӨЛКӨГӨ ЫКТАГАНЫБЫЗ ТУУРА?

Энергетика, тагыраагын айтсак, нефти, газ дүйнө өлкөлөрүнүн атаандаштыгында, бири-бирине басым-кысым көрсөтүүсүндө негизги куралдардын бири. Ушундай басым-кысымга Кыргызстан СССР урап, өз алдынчалыкка ээ болгондон бери тушугуп келе жатат.

ЭКИ ЖАМАНДЫКТАН ЗЫЯНЫ АЗЫРААГЫ КАЙСЫ?
Жамааттык коопсуздук келишим уюмунан чыгып, АКШнын аскерий жактан колдоосуна ээ болгондон тартып Өзбекстандын Кыргызстанга басымы мурдагыдан да күчөдү. Бул өлкө Нарын дарыясына ГЭСтердин курулушуна каршы пикирлерин бир нече жылдан бери эл аралык аренада активдүү айтып келсе, эми АКШ да бул позицияга кошулуп, суунун башында жайгашкан Кыргызстандын энергетика тармагын күчтөндүрүү аракетин сындай баштады.
«Кыргызгаз» орусиялык «Газпромго» сатылды. Бул документтерге кол коюлары менен Өзбекстан Кыргызстандын түштүгүнө газ берүүнү токтотуп салды. Эки айдан ашса да бул маселе чечилбей, өлкөнүн түштүгүндөгү калктын кыжырдануусун, нааразычылыгын акырындап күчөтүп баратат.
«Өзбекстан менен сүйлөшүүгө мүмкүн болбой жатат» деп алакан жайган өкмөт демиткен суроолордун жамгырында калууда. «Кыргызгаз» «Газпромго» сатылса эле маселе чечилет дебедиңер беле, кана чечилгени?» Эң көп берилип жатканы ушул суроо. «Кыргызгаздын» активдери толук бааланып бүтүп, «Газпромго» өтө элек, ошон үчүн түштүктөгү маселеге орусиялык компания кийлигише албай, чече албай турат. Өткөрүп берүү маселесинин кечиккенине кыргыз тарап, так айтканда, «Кыргызгаз» күнөөлүү, анткени мүлктөрдү, активдерди баалоо үчүн эл аралык экспертиза кеч дайындалган». Мына ушундай жооп берилип жаткан чагы. Чын эле ошондойбу? Балким, «Кыргызгаз» эскпертизага учурунда эле кайрылгандыр? Балким, «Кыргызгазды» «Газпромго» сатуунун өзү туура эмес чечим болгондур? «Кыргызгаздын» кенебестиги тууралуу маалымат ошону моюнга албоонун аракетидир? Суроолор көп.
Акыркы күндөрү Кыргызстан туш болуп турган абал, өлкө жетекчилигинин чечимдери «эки жамандыктан зыяны азыраагын тандоону» элестетүүдө. Экономикалык, аскердик, энергетикалык көз карандысыздыкка жете элек Кыргызстандын абалы Орусиябы, Кытайбы же АКШбы, иши кылып бири менен ынак позицияны карманып, көз каранды болууга аргасыз кылат.
Өзбекстандын артында АКШнын көлөкөсү бар экендиги эч кимге жашыруун эмес. АКШны тандасак, анда бул өлкөнүн атаандашы Кытай менен чектеш жашаганга аргасызбыз. Кытай менен ынак болсок, Орусия менен АКШнын кароолунда калабыз. Кытай, АКШнын таасириндеги Өзбекстан жана Орусия. Кимисине көз каранды болуу керек? Мындай тандоого туш болгон Кыргызстан Орусияны көздөй ыктады. «Чектеш өлкөлөргө Кыргызстан башка маселелер боюнча көз каранды болбошу керек...» Өлкө башчысы Алмазбек Атамбаев ушул пикирди көп айтып жаткан кези. Кыргызстан өзү менен чектешпеген Орусиянын таасиринде калууну тандады.

«СУВЕРЕНДҮҮЛҮК САЯСИЙ ЭЛИТАДАН КӨЗ КАРАНДЫ»
«Полис Азия» аналитикалык борборунун жетекчиси Эльмира Ногойбаева «Кыргызстан көп тармактуу саясат жүргүзбөй, кайсы бир өлкөнү көзүр тутуп алышы кооптуу, мунун арты өлкө эгемендүүлүгүнө доо кетириши мүмкүн» деген ойдо.
«Борбор Азияда учурда атаандаштыктын жаңы саясаты өнүгүүдө. Кытай күчтөндү. Өтө активдешкен Орусиянын жүргүзүп жаткан саясаты неоколониялык. Кыргызстан бүгүн көп кырдуу тышкы саясат жүргүзүп жатат деп айта албайбыз. Акырындык менен Орусияга көз каранды болууну баштады. ЖККУ өңдүү Орусия түзгөн ар кандай союздарга мүчөбүз. Бажы биримдигине кирүүнү чечип, стратегиялык жайларыбызды Орусиянын колуна өткөрүп берүүдөбүз. Ушундай саясат улана берсе, анда 20 жыл мурункудай аталган өлкөгө аябай көз каранды болуп калабыз»,- дейт Ногойбаева.
Эксперт суверендүүлүк маселеси курч бойдон турганын жана бул маселе саясий элитадан көз каранды экенин белгилейт.
«Бүгүнкү күндө саясий элитанын айткан сөзү менен кылган иши дал келбей жатат. Ошол эле Бажы биримдигин алалы. Менимче, бул экономикалык эмес, саясий бирикме. Биз буга киребиз деп чечтик, албетте, жакшы жактары менен кемчиликтери да болот. Казакстан жакшы мисал болуп бере алат, Бажы биримдигине кирүү менен бул өлкөнүн экономикасы кайсы бир деңгээлде жоготууга учурады. Биздин экономикалык шартыбыз көз каранды болуп калышыбызды ого бетер күчөтөт»,- дейт Ногойбаева.

«ДЕРЖАВАЛАРДЫН БИРИН ТАНДАСАК, ДААНА КОЛОНИЯГА АЙЛАНАБЫЗ»
«Guide Consultant» иликтөө-кеңеш берүү компаниясынын өкүлү, мамлекеттик башкаруу боюнча эксперт Шерадил Бактыгулов болсо Кыргызстан кайсы бир өлкөнүн таасири астында калбай турганын айтат.
«Кыргызстан улуу державалардын баары менен кызматташып жатат. Ар кимисинин өз орду бар. Орусия менен экономикалык жактан алака түзүүдө, айталы, Бажы биримдигине киргени жатат. АКШ менен мамлекетти башкаруу, коом таануу боюнча иштешсе, Кытай менен инфраструктура тармагында мамиле кылууда. Булардын бирин гана тандап, калганына «жок» десек, анда даана колонияга айланабыз, эгемендүүлүк жоголот. Эң биринчи улуттук кызыкчылык алдыга коюлуп, «бул жолду тандасам, койгон максатка жетүүгө кандай утуш табам?» деп маселе коюш керек.
Кыргызстандын Орусияга ашкере ыктап кеткенин айткан саясатчылар коомчулуктун пикирин сынап көрүүгө аракет кылышууда, иш жүзүндө андай эмес»,- дейт Ш.Бактыгулов.

Автандил Добулбеков
politika@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (3)
Dalil
2014-06-30 15:46:31
Эгемендуу деген атыбыз эле болбосо коз каранды болуп калганыбыз анык.
+1
AriAdi
2014-06-30 19:26:51
Өзүбүздүн башында тургандар кресло талашкандан башкага жарабаса. Эми көтөрүлүп келеатканды шыйрактан тартса анан кантип өнүкмөк элек. Үзүлбөгөн үмүт менен 24 жыл жашап келебиз★
+2
kipchak
2014-07-03 16:36:14
Озбектер менен тажиктерге озулорундой мамиле кылуубуз керек деп ойлойм. Россия Кытай Казахстан менен мамилени 5 кылыш керек
0
№ 608, 27-июнь-03-июль, 2014-ж
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан