Ырчы да, актриса да болуп чыгармачылыктын казанында бир нече жылдан бери кайнап келе жаткан Сайра Момунбаева жаңы киного тартылуу алдында турат. Экрем Алташ аттуу түрк боордошубуз жазган сценарийдин негизинде башкы каармандын апасынын ролун жаратат.
«Башкы каарманга тандалып алынган кыздын атасы ооруп калып, анын ордуна башка кыз издеп жатабыз. Болбосо съёмка эчак эле башталмак. Фильмде адамдардын социалдык абалы, сүйүү, жашоонун кыйынчылыктары баяндалат»,- дейт Сайра Момунбаева.