Ырчы Иса Өмүркулов 25-июнда 19 жашка толду. Ырчынын айтымында, өздүк майрамына арналган куттуктоолор эрте эле башталыптыр. Башкача айтканда, 24-июнда түнкү 12ден кийин сахналаштары ырчы иштеген кафеге барып куттукташкан. Сахналаштарынын сюрпризине жетине албаган ырчы туулган күнүн ошону менен токтотоюн десе, айылдан урук-туугандары келишип, үйүн шаңга бөлөшкөнүн айтат. Айтмакчы, ырчы бул күнү дагы бир жакшы жаңылыктын ээси болду. Мындан 20 күн мурун киного тартылуу үчүн кастингге катышкан эле. Кино тартуучу топтон «башкы ролго тандалдыңыз» деген кубанычтуу кабар маанайын ого бетер көтөргөн.