ЖЫЛДЫЗДАР КАЙДА ЭС АЛУУДА?

«Жайкы эс алуу кандай өтүүдө?» деген суроо менен айрым белгилүүлөргө кайрылдык.

Гүлзада Рыскулова: «САРЫ МАЙ СУГУНУП, КЫМЫЗ ИЧИП ЖАТТЫМ»
– Бир жума мурун Курманжан датка жердеген Алайдын Чыйырчык жайлоосуна барып, эс алып келдим. Айнура деген эже «чыныгы кыргыздар сары май жеп, артынан кымыз ичишчү» деп аябай шыкады. «Жок, мен сары май жей албайм» десем, «анда эмне кыргыздын кызымын деп ырдайсың?» деп чычалатты. Кымыз ичердин алдында бир чоң кашык сары май сугунуп жаттым. Ошентип эки күн май кылгырып жүрдүм, азыр айылда эс алып жатам.

Жанар Акаев:«ЭКСТРЕМАЛДУУ ЭС АЛДЫК ОКШОЙТ»
– Биздин үй-бүлө эки күндүк экстремалдуу эс алууну баштан өткөрүп келдик. Жума күнү жумуштан чыгып, борбордон 500 чакырым алыстыктагы Сары-Челек көлүнө жөнөдүк. Ал жакта бир күн эс алып, сууга түшүп, эртеси кооз Кара-Камыш жайлоосуна чыгып келдик. Ал жакка автоунаа каттабайт, ошол себептен жөө-жалаңдап, уулубузду атка өңөрүп алып бийик тоону ашып көлү да, балыгы да бар, кымызы укмуш, жер керемети Кара-Камышта бир күн болдук. Жайлоого баратып кетмендеп жол тазалап жаткан жергиликтүү тургундарга жардам бердик.

Гүлнара Калдарова: «20 ЖЫЛДЫГЫМДАН КИЙИН ЖАЙЛООГО КЕТТИМ»
– Мен 25-майда Ош шаарына 20 жылдыкка баргам. Андан ары кызым, жолдошум болуп Папан жайлоосуна барып, кымыз ичтик. Ал жакта туугандарыбыз бар эле, биз үчүн атайын бээ байлап беришти. Жеңемдин кымызынын даамы азыр дагы оозумдан кете элек. Жаратылышы да кооз, сонун жайлоо экен. Үчөөбүз тең жакшы эс алдык. 10 күн жүрүп, анан Бишкекке келдик.

Аскат Мусабеков: «ЖАТАКАНАДА ЧОГУУ ЖАШАГАН ДОСТОРУМДУ АТ-БАШЫГА ЧАКЫРДЫМ»
– Мен Улуттук консерваторияны аяктагам. Буюрса, эртең ошол окуу жайда бирге окуп, бир бөлмөдө жашаган досторум болуп Ат-Башынын жайлоосуна эс алууга кетип жатабыз. Досторумду мен коноктойм. Баарыбыз комуз чертип, аккордеон ойногон таланттууларданбыз. Ошондуктан өзүбүзчө чакан концерт уюштуруп, сонун эс алып, он күндөй жүрөбүз.

star@super.kg

 Кыстарылган видео 
Жылдыздар кайда эс алууда?
"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (8)
aikow92
2014-06-30 09:18:34
Сары-Челекке баргым келдииииии
+1
Leti
2014-06-30 09:18:56
Ммм.азаматтар жакшы эс алып жатыптырсынар! Ххх ххх
0
Aksy-13
2014-06-30 13:50:48
мен ар жылы ар кайсы жерге жада калса башка олколорго да барчуумун быйыл болсо алдейим менен уйдон башка жакта эс ала албасам керек алдейимдин жытын жыттап эркелетип кучактап жатсам ошол мага эн сонун эс алуу болуп атат.
0
elish87
2014-06-30 17:51:49
Гулнара эже папанга бардым дениииз ,мен качаан бараткенмин
0
Ananasky
2014-07-01 03:12:08
Гулнара эже кыздуу болгонбу ?
0
Sandra
2014-07-01 19:50:30
Ananasky --jook ai al menin kyzym,kyzyktai adamsyn go,emne biroonyn kyzyn kotormok bele
0
assss
2014-07-04 00:05:33
мен эртен сары челеке кетип жатам урааа
0
zara-919
2014-07-04 14:34:50
мен болсо эртең чыйырчык жайлоосуна кетип жатам.
0
№ 608, 27-июнь-03-июль, 2014-ж
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан