«МЕЙКИН АЗИЯ-2014кө» КЫРГЫЗСТАНДЫК 10 ЫРЧЫ ӨТТҮ...

  • «ЭЛЕС» тобунун мурунку ырчысы Салтанат Аширова Орусиянын 1-каналындагы «Үн» («Голос») долбоорунун 1-турунан өттү. Эми ырчы 3-июлда өтчү сынактын 2-туруна катышуу үчүн Москвага жөнөйт.
  • 18-20-июль күндөрү Чолпон-Ата шаарында өтө турган «МЕЙКИН АЗИЯ-2014» эл аралык фестивалына катышуу үчүн кыргызстандыктардан он ырчы 2-турга өттү.
  • НАЗМИ сөзү Кыялбек Урманбетовго, обону Мукан Рыскулбековго таандык «Классташтар» деген ырына клип тарттырууда.
  • ЭРНЕСТ БӨРҮБАЕВ «Той ыры» деген жаңы чыгарманын үстүндө иштеп жатат.
  • НАЗИРА ТОКОНОВА 7-июлда Алматы шаарында өтө турган Нурсултан Назарбаевдин туулган күнүнө арналган фестивалда комуздун коштоосунда элдик ырларды аткарат.
  • РОЗА ШАКИРОВА, АЙНУРА САЛАХИДИНОВА, АЗИЗА «Курбуларга» аттуу ырына клип тартканы Ысык-Көлгө барышат. Бир ок менен эки коён аткан ырчылар үй-бүлөлөрү менен чогуу эс алып келишмекчи.

star@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 608, 27-июнь-03-июль, 2014-ж
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан