ЖАЙЫНДА БЕТТИ КҮНГӨ КҮЙГҮЗБӨЙ КҮТҮҮНҮН ЖОЛДОРУ

Башка мезгилдердей эле жайында да терини туура күтө билбесе, бетке бырыш түшүп, күнгө күйүп карарат. Андыктан төмөнкү кеңештерди назарыңыздарга сунабыз.

АПТАП КУРГАТСА, ЧАҢ ТЕРИНИ СЕЗГЕНТЕТ
Жайында күндүн ультра кызыл нурлары, чаң, шамал, ысык аба терини кургатып, түлөтүп жиберет. Өзгөчө күндүн ультра кызыл нурлары теринин картаюусун тездетсе, ал эми күн көздү уялтып, бетти бырыштырууга жеткирип, бырыштардын түшүшүн шарттайт. Тери кургап кетпеши үчүн беттеги май бездери күчтөнүп иштеп, болушунча май бөлүп чыгарганга аракет кылат. Бирок чаңдар териге жабышып, беттеги тешикчелерди жаап, ысыктан теридеги микробдор көбөйөт да, сезгенүү жаралат. Жалпылап айтканда, жайында бет сезимтал болуп калат. Андыктан бетти өзгөчө карап күтүү талап кылынат.

ЭСИҢИЗДЕ БОЛСУН!
Жайында күзгө чейин салондордон бетке пилинг жана агартуучу процедураларды жасатпоо сунушталат. Анткени булардан беттин териси жука жана сезгич болуп калат да, күндөн бат күйөт. Ошондой эле беттеги сөөлдү, меңди алдырууга болбойт. Ордуларында күндүн таасиринен кетирүүгө кыйын болгон так калат.

БЕТТИ ЖУУ
Жайында кадимки бет тазалоочу каражаттарды колдонуу жарабайт. Башкача айтканда, алардын курамында спирт болбошу зарыл. Лосьондун ордуна косметикалык сүттү (молочко) колдонуу ылайык.
Кечинде бетти тазалоону жуунуудан баштаңыз. Жайында муздак суу менен жууганда беттин кан тамырлары жыйрылып, крем жакшы сиңбей калат. Андыктан кечинде эле эмес, эртең менен да бөлмө температурасындагы суу менен жууган оң. Эгер суунун ордуна минералдык же кайнатылып коюлган сууну колдонсоңуз, беттин көбүрөөк нымдалышын камсыз кылган болосуз. Самынды да колдонбоңуз. Анткени ал беттеги табигый жол менен иштелип чыккан майды жууп салат да, терини кургоого жеткирет.
Жайында скрабды анда-санда гана колдонуңуз. Бетти суу менен жуугандан кийин косметикалык сүт (молочко) менен сүртүңүз, ал терини нымдуу кылып жумшартат. Анан бетке нымдандыруучу кремди коюу кажет. Анын курамындагы C жана E витаминдеринин баарын алууга аракет кылыңыз. Ал витаминдер теринин клеткаларынын жаңырып турушуна салым кошуп, сезгенүүлөрдүн алдын алат.

БАШКЫСЫ – КҮНДӨН КОРГООЧУ КРЕМ
Эртең менен жуугандан кийин бетке күндөн сактоочу кремди коюу керек. Алардын курамында бетти нымдандыруучу жана башка керектүү заттар бар. Күндөн коргоочу фактору (SPF) 30дан жогору болуусу зарыл. Кремди койгондон кийин бет териси кургактар жана калыптагылар упа колдонбой койсо деле болот. Упа терини ого бетер кургатып жиберет. Ал эми майлуу беттүүлөр күндөн коргоочу фактору (SPF) 30дан ашкан упаларды колдонуулары керек.
Кээ бирөөлөр жайында бетине крем сүйкөөнү туура көрүшпөйт, бирок бул туура эмес. Анткени крем койсо, чаң кремдин бетине жабышат, түз териге эмес. Демек, бет сезгенбейт.
Курамында витамин жана минералдар бар бет үчүн спрейлерди колдонсо, бет сергип нымдашат. Буларды көчөдө жүргөндө макияждын үстүнөн да, крем коёр алдында да колдонсо болот.

МАСКАЛАР, ДАРЫ ЧӨПТӨРДҮН КАЙНАТМАСЫ
Бардык эле жашылча-жемиштердин ширеси, өзгөчө кулпунай, малина, бадыраң терини нымдандырып сергитет жана витаминдер менен камсыздайт. Андыктан бет териси кандай экенине карабай, масканы баары жасаса болот. Бирок аллергиясы барына же жогуна карап колдонуу сунушталат. Бетинин ар жери кызарып же майда бүдүр чыгып сезгенгендер дары чөптөрдүн кайнатмасы менен жуушса, сезгенүү кетип, теринин тешикчелери кичирейип, кан айлануу жакшырып, беттин өңү оңолот.
Мисалы, ромашканын же ит уйгактын (череда) кайнатмасы үчүн 1 аш кашык кургатылганын алып, үстүнө 200 грамм кайнаган суу куюңуз. Анан тундуруп сүзүп алып, бет жуусаңыз болот.

БУЛАРДАН ТЫШКАРЫ

  • Күндүзү адам теринин кургап кетүүсүнүн алдын алып, 2 литрдей суу ичүүсү кажет. Жакшысы, минералдык суу же көк чай ичүү сунушталат.
  • Бырыш түшпөөсү үчүн ашыкча мимика жасабаңыз. Күн нурунан коргонуп, көз айнек колдонуңуз.

Бетти күтүү жаатындагы кеңеши менен Бишкектеги «Умай косметик» медициналык борборунун дерматолог- косметологу Айнура Уезбаева бөлүштү.

«Адистин кеңеши» рубрикабыз сиздер менен бирге иш алып бармакчы. Юридикалык, медициналык, психологиялык кеңешке муктаж болсоңуз, бизге кайрылыңыз. Суроолорду (0312) 32-33-28 номери аркылуу берсеңиздер болот же kenesh@super.kg дарегине кат жазыңыз.

Канымжан Усупбекова
kenesh@super.kg

 Кыстарылган видео 
Аптап кургатса, чаң терини сезгентет
"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (24)
zara-919
2014-06-30 13:01:24
саламатсынарбы Супер инфо ? куперозду кантип айыктыруунун жолдорун да жазгылачы.. лазердин канчалык зыяны бар ? сураныч.....
0
admin_portal
2014-06-30 13:05:31
zara-919, Саламатсызбы!
Сунушуңузга рахмат, аракет кылабыз.
0
nagi82
2014-06-30 13:07:12
Первые моршинки деген крем барбы жана кайсы касметикалар жакшы азыр аябай коп зыяндуулары кенеше кетсениздер рахмат
0
nagi82
2014-06-30 13:09:12
kenesh@super.kg,дарегин кай жерден таба алам таппай жатамго шилтеме бере кетсениздер
0
admin_portal
2014-06-30 13:18:31
nagi82, Саламатсызбы!
Ал электрондук дарек, ал жакка кат жөнөтөсүз.
0
GUMU
2014-06-30 13:49:15
сонун,рахмат! Киви менен жасалган масканы, деги эле маскаларды канча кундо бир койсо болот экен?
0
ayakosya
2014-06-30 14:19:19
Сактанбай эле загар алып калгыла)))))
-1
gulsara2682
2014-07-01 20:05:10
майлуу бет териси кургак, жылма корунушу учун эмне кылыш керек? Жайында деле кургап кеткен жери жок.
+1
aizulya
2014-07-02 01:38:24
каап десе жакында барып бетимди тазалатайын дедим эле да(((((( болбойт турбайбы (((
0
j.julduz
2014-07-03 15:21:23
саламатсыздарбы супер инфо силерден сураныч бутумда варикоз бар кээде кантамырларым жарылып когоруп да калат бирок эртенменен кечинде чуркап чымыр денелуу болгум келет чуркасам варикоско зыяны тийеби тийбейби же кучотуп аламбы ошону билип бериниздерчи сиздерге чоон рахмат супердиин арбир санынан кутом Жылдыз
0
admin_portal
2014-07-03 15:55:11
j.julduz, Саламатсызбы!
Төмөндөгү шилтемелер аркылуу өтүп, окуп көрүңүз. Балким керектүү маалымат таап калаттырсыз: http://www.super.kg/article/?article=177
http://www.super.kg/article/?article=2793
0
j.julduz
2014-07-04 10:18:03
рахмат конул бурганыныздарга
0
Churok
2014-07-04 13:14:59
Саламатсыздарбы? менин бетим аябай кызара берет. аябай эле чувствительный? эмне кылсам болот?
0
hanysha91
2014-07-04 18:44:03
рахмат совет бергениниздер учун.
0
ayjamal83
2014-07-05 00:35:52
Salam Super Info saytu, bouynda bar kezde, but shishiyt kobunuku, kan-tamyr hirurgunan kenesh alyp bergilechi, kanday chalardy aldyn ala alsa bolot dep. Silerden ayabay otunuch.
0
admin_superstan
2014-07-05 01:26:00
ayjamal83, Саламатсызбы!
Сунушуңуз эсибизде болот. Рахмат!
0
Salamat_87
2014-07-05 23:09:49
жакшы кенеш.Супер инфо сепкилди кантип кетирсе болот? Ошол жонундо жазгылачы
0
admin_superstan
2014-07-06 01:36:17
Salamat_87, сепкилдер тууралуу макалалар бар:
http://www.super.kg/allsearch/?where_to_search=article&search_term=сепкил&x=0&y=0&media_search=1
0
yalla
2014-07-06 00:46:09
Рахмат Супер Инфо, колго тушкондо куйуп калбаш учун кандай кремдерди колдонсо болот ?
0
angel.93
2014-07-06 11:55:29
Ахромакс деген крем кандай натыйжа берет?
0
№ 608, 27-июнь-03-июль, 2014-ж
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан