ЖАЛАЛ-АБАДДА ЭГИН ЖЫЙНОО БАШТАЛДЫ

Учурда Ноокен районунун дыйкандары талаа жумуштарына кызуу киришишип, түшүм жыйноонун алгачкы өнөктүгүн башташты. Быйыл жаз кечирээк келгенин эске албаганда, талаа жумуштары өз нугунда жүрүп, дыйкандар эртеден-кечке талаа бетинде иш үстүндө болушту. Мурун эгин сээп-жыйноодо дыйкандар көп жылдар бою техникалардын эскилигинен кыйынчылыктарды тартып келишкен эле. Акыркы эки жыл аралыгында «Өнүгүү-Прогресс» саясий партиясынын техникалык сервисинин көмөгү менен бир топ кыйынчылыктар жоюлду.
Дыйканчылык менен үй-бүлөсүн багып келе жаткан Ноокен районунун жашоочусу Эркин Төрөбеков үлүш жеринин аздыгынан 11 гектар жерди ижарага алып, кошумча каржы табуу аракетинде. Анын айтымында, буудай ордуруп, түшүм жыйноо мезгилинде комбайндын тартыштыгынан жана кезектин көптүгүнөн эгин оруунун мөөнөтү узарып, коромжуга учурап калчу. Ошондой эле комбайндын кызмат акысы гектарына 5 миң сомго чейин көтөрүлүп, кеткен чыгымдардын орду толбой калган учурлар кездешкен. Ал бүгүн «Өнүгүүнүн» жаңы комбайны менен бир гектарды 3 миң сомдон ордуруп, кубанып турган кези.
«Өнүгүү-Прогресс» саясий партиясынын өкүлү Майсалбек Өмүрзаковдун айтымында, жаңы комбайн Орусиядан алынып келип, алгач ирет түшүм жыйноого чыгып отурат. Мындай комбайндан төртөө. Учурда Ноокен, Ала-Бука, Сузак жана Араван райондорунда комбайндар дыйкандардын кызматында болууда.
Бул комбайндар жаңы, заманбап. Кабинанын ичинде кондиционер иштеп, айдоочу үчүн өтө ыңгайлуу. Анан калса бул комбайндар данды коромжусуз жыйнагандыктан, дыйкандын маңдай тери текке кетпейт. Тез оргонуна байланыштуу күн сайын 14-15 гектар эгинди оруп-жыйноого мүмкүнчүлүгү бар.
«Өнүгүү-Прогресс» саясий партиясынын курамында заманбап ондогон техникалары жана шаймандары бар МТСтери (машина-трактордук станциялары) Кыргызстандын бардык облустарында ийгиликтүү иш алып барууда.
Партиянын айыл чарба саясатынын негизги максаты – дыйкандардын каражаттарын үнөмдөө жана бул аркылуу карапайым калктын жашоо-шартынын жакшыруусуна мүмкүнчүлүк түзүү.

Тынычбек Мамаев

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (1)
ulan1978
2014-07-02 21:03:00
бул бакыт дегенинер жогор жакты жеп бутуп эми трактаристердин ырыскысын талашып олтурган кези ушул кетиште бир нерсеге кабылат элге болунгон техникалардын баарын озуно ыйгарып алды текшерген эчким жок азырынча бирок эгери кыйшайганда текшерилет
0
№ 608, 27-июнь-03-июль, 2014-ж
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан