«БРАЗИЛИЯ-2014» КАЛЫСТЫН КӨЗҮ МЕНЕН

Бразилиянын Дүйнө чемпиондугун уюштурууда кетирген кемчиликтерин көпчүлүк көз жаздымда калтырууда. Себеби Бразилия замандын агымын кууп, Орусия сыяктуу ири спорттук базаларды курбаса да, Дүйнө чемпиондугун өз үйүндө өткөрүү менен упай алууда. Дүйнө чемпиондугунун алкагында калыстар да көп ката кетирүү менен футболчулардан кем эмес деңгээлде өздөрүнө көңүл бурдура алышты.
АФКнын (Азия Футбол Конфедерациясы) элиталык калыстарына жаңыдан мүчө болуп кирген кыргызстандык калыс Рысбек Шекербековдун келечекте Дүйнө чемпиондугуна барууга чоң мүмкүнчүлүгү бар. Жашоосу футбол болуп калган өлкөбүздүн футбол калысы бул Дүйнө чемпиондугу тууралуу ой бөлүштү.

– Дүйнө чемпиондугу кызуу уланууда. Дүйнөнүн мыкты делген футболчулары жогорку деңгээлдеги оюндарды тартуулоодо. Ал эми бул оюндарды тейлеген калыстар тууралуу эмне деп айта аласыз?
– Ооба, чындыгында оюндар кызуу жүрүп жатат. Футболчулардын даярдыктары да мыкты экени көрүнүп турат. Ал эми калыстар тууралуу пикир бөлүшсөм, учурда Дүйнө чемпиондугундагы оюндарды эң мыкты делген 25 калыстар бригадасы тейлөөдө. Алар ар кайсы континенттен тандалып алынган. Мисалы, Азиядан 4 калыс бригадасы оюндарда иш алып барат. Алардын арасында Равшан Ирматовдун бригадасында жардамчы калыс катары биздин мекендешибиз Бахадыр Кочкаров да бар.

– Бул мундиалда калыстар көп ката кетирүүдө. Себеби эмнеде деп ойлойсуз?
– Эми калыстар деле адам да. Адам болгондон кийин бардыгыбыз ката кетиребиз. Футболчулар деле ката кетирип жатпайбы. Гол киргизе турган учурда сокку узата албай калышат. Негизи эле оюн талаасында бардык учурларда туура чечим чыгаруу татаал. Бирде болбосо бир жагынан сөзсүз ката кетиши ыктымал. Ошондуктан футбол калысы дайыма үйрөнүүдө болушу керек. Андан тышкары мундиалдагы оюндар өтө жогорку ылдамдыкта өтүүдө. Ошондуктан калыстардын иши да оорлоодо. Талаадагы футболчу 90 мүнөттүк оюнда орточо эсеп менен 10 чакырымдай басып өтсө, ошол эле оюнда башкы калыс дээрлик 15 чакырымдай чуркайт.

– Сиз өзүңүз кайсы бир командага күйөрмандык кыласызбы?
– Чынын айтсам, мен футбол көргөндө калыстардын командасына күйөрманмын. Ири деңгээлдеги футболдук мелдештерди көргөндө андагы калыстар талаада өзүн түрдүү кырдаалдарда кандай алып жүрөрү жана кандай чечим чыгарары кызык. Дайыма анализдеп турам. Аларды карап үйрөнөм.

– Дүйнө чемпиондугунун тайпалык оюндары акырындап аягына чыгууда. Жалпы ушул баскычта кайсы калыс катасыз оюн алып барды деп ойлойсуз?
– Ар бир оюнда калыстардын үстүнөн инспектор карайт. Анда калыстардын иши изилденип, тиешелүү баалар коюлат. Азыркы учурда тайпалык оюндарынын алкагында Швейцария – Эквадор жана Хорватия – Мексика беттешин көзөмөлдөгөн Равшан Ирматовдун көрсөткүчү жогору болууда. Ошондой эле тайпалык оюндарда орой ката кетирген кээ бир калыстар кийинки баскычтагы оюндарда калыстык кылуудан четтетилди.

Адилет Керимбек уулу
sport@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 608, 27-июнь-03-июль, 2014-ж
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан