Бразилиядагы Дүйнө чемпиондугунун тайпалык баскычы 27-июнь түнү жыйынтыкталат. Ал эми ыйык Рамазан айы 28-июнга туш келет. Мелдештин чечүүчү баскычка келгенине карабай айрым футболчулар орозо тутууга ниеттенишүүдө. Ыйык Рамазан айы менен мундиаль акыркы жолу 1986-жылы дал келген. Анда да орозо туткан футболчулар болгон. Учурда аалам биринчилигине катышып жаткан оюнчулардан Месут Озил (немис оюнчусу), Карим Бензема (Франциянын оюнчусу), Маруан Феллаини, Мусса Дембеленин (Бельгия) ислам дининин талаптарын аткарып жүргөнү айтылып келет.
Адилет Керимбек уулу
sport@super.kg