«БЕК БАЙКЕ, КЕЧИРИҢИЗ, МЕН СИЗДИ МОЛДОГО ДА ОКУТТУМ»
– Бир жолу Бек Борбиев айылга концерт коюп келип, биздикинде конок болду. Шорпо сунсам да, чай сунсам да ал мени тигилип карап жаткансыйт. Же мага ушундай сезилдиби... Көз карашы жүрөгүмдү эзип жиберди. Эртеси коштошкондо чогулгандардын четинде билмексен болуп карап турдум. Көздөрүңүз бирөөнү издеп жаткансыды.
Сизге канча жолу телефон чалдым, үнүңүздү угар замат ичиме чок салып жибергендей ысып кетем. Денем титиреп, оозумдан сөз чыкпай, «алло, сүйлөбөйсүңбү» деген сөзүңүздү укканыма ыраазы болом да, трубканы коюп салам.
Бактысы үчүн ар ким өзү күрөшүшү керек деген чечим менен бир күнү сиздин башыңызды айлантып алмакка молдого бардым. «Баланча алып кел, түкүнчө сатып кел» дейт. Мынча килограмм момпосуй, түкүнчө килограмм өрүк-мейиз, деги койчу, сизден башкасынын баарын алып бардым. Бирок сизди молдо да мендик кылып бере алган жок.
Түндө көргөн түштөрүм... Сиз менен өткөргөн күндөрдү түшүмдө көрөм да, эртең менен маанайым түшөт, анткени ал түшүмдөгү гана элес. Мына ушундай менин турмушум.
Сизди көрүүгө менде бир гана мүмкүнчүлүк бар, ал сиздин концерттериңиз. Бир эмес, бир нече жолу концерт бүткөндө Спорт Ордосунун артынан сизди көрдүм. Бир жолу чуркап барып «саламатсызбы?» дедим. Үн катпадыңыз, карадыңыз да башыңызды ийкеп коюп өтүп кеттиңиз, сыягы, айылдык кызды эбак эле унуткан окшойсуз.
Сизди айылдан 1-жолу көргөндөн бери 15 жыл өтүптүр. Унута албадым. Мен сүйүүнүн курмандыгы болдум. Жашоодо чыныгы сүйүү бар экенин далилдегим келет. Бек байке, сиз үчүн бул жашоодон бойдок өткөнгө даярмын.
Атым Гүлайым болгону менен үйдөгүлөр Гүлчөтай деп эркелетишет. «Гүлчөтай» деген ырыңызды угуп көзүмдөн жашым атып кетти. Анткени сиз да мен деп сыздап жүргөндөй туюлду.
Гүлайым, Нарын
"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (104)
ар балееге барат экенда е суйуу учун
Ooo Kudaai dep jakamdy tishtedim go okup alyp.Tooboo desee adamdardyn kyialdary 4ert bolup baratat koo kun sayin.
A tak Bek baikenin yrlary jagat soonun yrdait,soz jok.Airyk4a "sadagam seni suiso suior men4elik,suio albait janym meni e4 kim sen4elik" degen yryn ollo suiup ugam.4ygarma4ylyk iigilikterdi kaalaim.
Корот элем БЕК байке ырчы болбогондо суйуунду,чоп чапкан киши болуп барганда карап дагы койбосон керек эле. Молдону аралаштырбай эле ХХХ ХХХ ХХХ...
depu - эскертүү!
Сайттын же гезиттин ЖАЛПЫ ИШМЕРДҮҮЛҮГҮНӨ байланыштуу сын-пикирлер
info@super.kg же
admin@super.kg электрондук даректерге жазылып жөнөтүлүшү керек.
admin_portal, Кечиресинер,мен бизде демократия деген созго коп ишенип алыпмын.
depu, Bashynda kattalyp jatkanda karap koybodunuz bele ushul erejelerdi?
Эми Бек байкебиз жооп катары кандай ыр чыгарат болду экен?:)
Молдого окутса кийин оорулуу болуп калышы толук мумкун..
молдого окутса эле Бек байкебиз чуркап баратат дейт Гулайымга молдо окуп коуп куноого батпайт бекен молдонун айтканын ук кылганын кылба дейт
j.julduz, мындайды молдолор эмес, бакшылар кылат.
Гулчотай сени тушунуп турам. Акылга журок баш ийбейт... Бирок, намыс к.к.
Гулайым гулайым мага тийгин ылайым идиш аяк жуубайсын кучагымдан чыкпайсын. барган молдон да кулуп ийсе керек озунду окуш керек деп
Ар ким озунун оюн айтканга, озунун бактысын издегенге укуктуу дечи. Бирок, курулуп калган бакыттан кайра бакыт издеген туура эмес. Ошондуктан Гулчотай бул жердеги копчулук элдер айткандай бактыны башка жактан изде. Кудай буюрса бактылуу кандорун, издеп жургон суйуулорун али алдыда.
ушундайларга ишенбейм!!!!!!
Олдуннго даддин Бек байкен окуп 15жыл мурда кайсыл айылдарда болдум эле деп башы катыйт экен да эми,гулчотайды угуп алып ыйласаныз Алайдан эмессизби деги.
Бек братка рахмат семьяны сактап калган,Гулчотайдын жазганы да чындык,суйууго кошулам суйууго эмне жетсин суйуу сезимин билбей жон кана жашагандын кереги эмне,Бек туура ырдаган канчалаган сулуу кыздардын карегинен коз жаш болуп тамчы шулурумдун тамчысындай тан алдында узулдум деп,Гулчотайга жолугун бул кыска омурдо баары убактулуу баары отот суроттой оноу очот,бир кана откон жакшы кундор ошол секунттар калат
Ошол молдону озуну да окутуп коюш керек экен!
Жакшы жазылыптыр чыгарма азамат Гулчотай!