Жоодарбешимдин «Жаман ойлобо», Нурлан Насиптин «Бүгүн сенин туулган күнүң», Аваз Акимовдун «Эми башка» деген ырларынын клиптерин көрсөңүз керек. Удаа чыккан клиптерде аракет, изденүү бар деңизчи, бирок үчөөндө тең окшош кадрлар орун алган. Гитара чертип жаткан үч ырчынын отурушу да окшош. Жоодарбешим, Нурлан жана Аваз окшош да кийинип алышкан. Клипке мындай кадрды кошуу, балким, ырчылардын деле идеясы эместир, клипмейкердин сунушудур. А балким, чын эле окшош ойлонушабы? Эмнеси болсо да дал келүүчүлүк көзгө дароо учурайт экен, андыктан идея издейли.