СЕЙФТИК ЯЧЕЙКАЛАРДЫ ИЖАРАГА АЛУУДА «РОСИНБАНКтан» ЖАЙКЫ АРЗАНДАТУУЛАР

Жай мезгили – бул албетте, эс алуучу учур. Бир жылдык тынымсыз эмгектин түй­шүгүнөн тажаган жаныбыз эс алууга шашылабыз. Биз эс алууга кетерден мурун акчала­рыбыздын жана баалуу буюмдарыбыздын жакшы жерде сакталышына көңүл бурушубуз зарыл. Кимдир бирөө баалуу буюмдарын үйүндө сактап, уурулардан коркуп тынчсыздануунун үстүндө жүрсө, айрымдар баалуу буюмдарын банктагы сейфтик ячейкаларга сакташат. Төмөндө биз ушул кызмат көрсөтүүлөр тууралуу баяндап берүүнү туура көрдүк.

БАНКТЫК ЯЧЕЙКА ДЕГЕН ЭМНЕ?
Банктык ячейкалар – металлдан жасалган ар кандай кө­лөмдөгү сейфтер. Алар банк­тын атайын даярдалган бөл­мөлөрүндө орнотулат. Ар бир ячейканын 2 ачкычы бар. Анын бири кардарда болсо, экинчиси банктын кызматкеринде сакталат. Ячейканы эки ачкыч менен бир убакта ачуу керек. Болбосо ячейка ачылбайт.
«Росинбанктын» чекене сатуу башкармалыгынын башчысы Жылдыз Исабекова белгилеп кеткендей, банк кардарлары өздөрүн тастыктаган документти көрсөтүп, банктын кызматкери менен сактоо жайына чогуу кирет. Банктын кызматкери кардарды анын банктык ячейкасына жеткирип келип, алар биргелешип кулпуну ачышат. Кардар сейфке баалуу нерсесин салат, же тескерисинче, андан алат.
«Банктык ячейка акча сактоодо киреше алып келбегени менен, топтогон жыйымды үй шартында сактоодон келип чыгышы ыктымал болгон ар кандай тобокелдиктерден сактайт»,- деп белгилейт Жылдыз Исабекова.

ЯЧЕЙКАЛАРДА ЭМНЕ САКТООГО БОЛОТ?
Банктык сейфтерде нак акчаны, баалуу кагаздарды, баалуу металлдарды жана асыл таштарды, зер буюмдарды, түрдүү документтерди, антиквариаттарды, мураска калган буюмдарды, искусство чыгармаларын, электрондук түрдөгү маалыматтарды сактоого боло тургандыгын банктын жооптуу кызматкери ырааттуу тизмектеп берди.
«Адамдар банктык ячейкаларда баалуулуктарын, документтерин, кымбат баалуу сааттарын, автоунааларынын ачкычтарын, дегеле эмгек өргүүсүнө кетип жатып баалуу деп эсептеген буюмдарынын бардыгын сактаса болот» деп сөзүн улады ал.

КООПСУЗДУК – НЕГИЗГИ МИЛДЕТ
Ишенимдүүлүк жана коопсуздуктун камсыз кылынышы – кызмат көрсөтүүнүн негизги максаты. Сейфтик ячейкалардан банктын кызматкерлери бир нерсени уурдап алат деген коркунучтуу ой жокко чыгарылган. Себеби ячейканы бир учурда эки ачкычты буроо менен гана ачууга болот. Кардардын ачкычынын көчүрмөсү банкка берилбейт. Кардар ачкычын жоготуп алган болсо, банк анын өтүнүчү боюнча сейфти сындырып, эки ачкычты тең алмаштырууга мажбур болот. «Сырттан кимдир бирөөлөр кирип, аны уурдайт деген чочулоолор тасмаларда гана кездешет»,- дейт Жылдыз Исабекова. Анткени банкта учурдун талабына жооп берген, заманбап коргоо системи орнотулуп, күнү-түнү көзөмөл иши жөнгө салынган.

БАНКТЫК ЯЧЕЙКАЛАРДА ЭМНЕЛЕРДИ САКТООГО БОЛБОЙТ?
Жалпы кабыл алынган эрежелерге ылайык, сейфтик ячейкаларда сактоого тыюу салынган бир катар буюм-заттар аныкталган. Биринчи кезекте тез бузулуп жана ар кандай мителердин тарашына алып келген заттар. Мындан тышкары курал-жарактарга (ок атуучу, кесүүчү шаймандар), ок-дарыларга, ошондой эле тез күйүүчү заттар, баңгизаттары, уулуу, радиоактивдүү жана адам баласынын ден соолугуна, курчап турган чөйрөгө зыян алып келген башка заттар.
Банк сейфте эмне сакталарын эч качан биле албайт, бирок баары бир мыйзамга каршы келген нерселерди, мисалы, курал-жарактарды же баңгизаттарын сактоого болбойт. Баалуу териден тигилген сырт кийимдерди, кылым карыткан баалуу буюмдарды да ячейкаларда сактоого болбойт. Анткени алар үчүн атайы сактоо шарты (температура) камсыз кылынууга тийиш экендигин Жылдыз Исабекова баса белгиледи.

КУПУЯЛУУЛУКТУН САКТАЛЫШЫ
Банктык ячейкаларды ижарага берүү кызматынын артыкчылыгы – купуялуулуктун сакталышы.
Башкача айтканда, атайын сактоо келишимин түзгөн учурларды эске албаганда, банк эмне сакталып жаткандыгын билбейт. Бирок банктын сактоо жайы видеокамералар менен жабдылган, демек, ячейкага салынган нерсе ошол камерага тартыларын эске алуу зарыл.
Банк өз тарабынан сейфке салынган нерселердин коопсуз сакталышына кепилдик берет. Бирок банк сейфтин ичиндеги буюм-тайымга жооптуу эмес. Себеби сейфтин ичинде эмне бар экенин билишпейт экенин баса белгилөө зарыл. Банк болгону башка адамдар ячейка менен пайдаланбашына гана көз салууга милдеттенет.
«Росинбанкта» сейф орнотулган сактоо жайына кирүүчүлөрдү каттаган журнал бар, ошондой эле бардык зарыл документтер кылдат текшерүүгө алынат»,- деп кошумчалады Жылдыз Исабекова.

ПАЙДАЛУУ СУНУШТАР
Эми «Росинбанктын» атайын сунуштарына көңүлүңүздөрдү бурабыз. «Росинбанк» жай мезгилинин акырына чейин гана 10%дан 30%га чейинки арзандатуу менен сейфтик ячейкаларга түрдүү баалуулуктарды жайгаштыруу жолун сунуштайт. Жеке сейфти бир күндөн бир нече жылга чейин ижарага алууга болот. Ижара наркы сейфтин өлчөмүнө жараша болот, минималдуу төлөм бир күнгө – 10 сом. Банкта түрдүү көлөмдөгү ячейкалар бар, кардар ыңгайына жараша керектүү ячейканы тандап алат. Жеке сейфтен пайдалануу үчүн паспортуңуз менен банктын кеңсесине кайрылсаңыздар болот. Ал жерден сизге «Росинбанк» көп баскычтуу коргоо системине ээ болгон, ишенимдүү сактоо жайын сунушташат.
«Биз өз кардарларыбыздын ишенимин жогору баалайбыз жана сейфке салынган баалуулуктардын толук сакталышына жана корголушуна кепилдик беребиз» деп банк өкүлү сөзүн жыйынтыктады.

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 608, 27-июнь-03-июль, 2014-ж
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан