Нигериянын түндүк-чыгышындагы бир нече айылга кол салган «Боко Харам» террордук уюмунун куралдуу согушчандары акыркы 4 күн ичинде дагы 60 кыз, 31 баланы уурдап кетишти. Качууга аракет кылган 4 жергиликтүү тургун да өлтүрүлгөн. Дагы жүздөгөн тургундар башка айылдарга качып кетишкен. Балдардын уурдалышы боюнча маалымат бул тууралуу айыл тургундары Борно штатынын борбору Майдугури шаарында журналисттерге айткан соң гана 24-июнда белгилүү болуп отурат. Ал эми укук коргоо органдары балдардын уурдалышы тууралуу маалымат түшпөгөнүн айтышууда.
«Боко Харам» уюмунун согушчандары апрель айында да 276 окуучу кызды уурдап кетип, бул окуя чоң резонанс жараткан эле. Уурдалган окуучу кыздардын 57си качып чыккан менен согушчандардын колунда дагы 219 кыз калган. Согушчандар бийлик бул топтун соттолгон мүчөлөрүн абактан чыгарганда гана туткундарды бошоторун айтып келишет.
Нурбек Абдыкадыров
koom@super.kg