КАРТОШКАДАН ЖАСАЛГАН ДААМДАР

Учурда эрте эккен картошкаларыбызды четинен казып жеп жаткан кезибиз. Кененчилик десек болот. Жаңы бышкан картошкадан куурдак, дымдама жасап жесең кандай даамдуу. Мындай классикалык тамактардан сырткары жаңы бышкан картошканы туурамжы менен толтуруп, электр мешине бышырып же болбосо аны тоголок бойдон сууга бышырып ар кандай даамдарды жасоого болот. Төмөнкү рецепттерге карап жасап көрүңүз, бул тамактар сиздин менюңуздан орун алары талашсыз.

АККОРДЕОН-КАРТОШКА


Керектелүүчү азыктар:
Картошка
– 2 килограмм (картошканын чоң-чоңун тандап алыңыз)
Колбаса же майлуураак эт – 200 грамм
Помидор – 3-4 даана
Даамына жараша татымалдар

Даярдоо ыкмасы:
1.
Картошканы аарчып, жууп, акырындык менен аягына жеткирбей кесимдерге бөлөбүз. Кесимдердин калыңдыгы 7 миллиметрден ашпоосу керек.
2. Эми колбаса менен помидорду да ичке-ичке кесимдерге бөлөбүз. Андан соң тилинген картошканын ар бир катына кезектештирип колбаса, помидордон салабыз. Эгер колбасаны кошууну каалабасаңыз, аны эт менен алмаштырууга болот.
3. Мындан соң электр мешинин табасына өсүмдүк майын куюп, ага картошканы тыгыз кылып тизебиз. Үстүнө бир аз туздан себелеп коюуну унутпаңыз.
4. Табаны 200 градуста ысып турган электр мешине салып, картошканын бышышына карап болжол менен 50-60 мүнөттө бышырып аласыз.
5. Даяр болгон аккордеон-картошканы куурулган жашылчалар менен берүүгө болот.

ФАРШТАЛГАН КАРТОШКА

Керектелүүчү азыктар:

Эт туурамжысы – 400 грамм
Картошка – 4 даана
Пияз – 2 даана
Болгар калемпири – 4 даана
Сабиз – 1 даана
Сарымсак – 2 тишче
Укроп, петрушка – 1 боочо
Өсүмдүк майы – 3 аш кашык
Татымына жараша туз

Даярдоо ыкмасы:
1.
Этти, пиязды жана сарымсакты эт туурагычтан өткөрөбүз. Булардын соңунан сабизди өткөрүп койсок, эт туурагычка жабышкан эттин калдыктарын тазалап чыгарып салат.
2. Эми аш көк менен петрушканы майда туурап, эт жана жашылчалардан даярдалган туурамжыга кошуп, татымына жараша туз, кара мурч салып аралаштырабыз.
3. Аарчылган картошканы жууп, анын ортосун атайын ашкана аспабынын же болбосо ичке учтуу бычактын жардамы менен оюп алабыз.
4. Оюлган картошканы жана болгар калемпирин туурамжы менен толтурабыз.
5. Казанга өсүмдүк майын куюп, ага пиязды жана сабизди кууруп, томат кошобуз. Кычкылдуулугу көп билинбесин десеңиз, 1 чай кашык кумшекер кошуп койсоңуз болот. Кууруп, суудан куябыз да, ага туурамжы толтурулган болгар калемпирин жана картошканы салып жай отто, бышканга чейин, болжол менен 30 мүнөттөй бышырабыз. Бул тамакты сууга бышырылган күрүч, гречка же макарон менен дасторконго койсоңуз болот.

Жогорку рецепттерде картошканын чоң-чоңун тандап алдык. Эми майдаларын эмне кылабыз? Мунун айласын чогуу таап, андан салат жасап коёлу.

“МӨНДҮР” САЛАТЫ

Керектелүүчү азыктар:

Картошка – 1 килограмм
Сарымсак – 1-2 тишче
Өсүмдүк майы – 100 грамм
Аш көк, петрушка, көк пияз – 1 боочо
Татымына жараша туз жана даамын арттыруучу ар кандай татымалдар

Даярдоо ыкмасы:

1. Албетте, куруттай болгон картошкаларды эч кимдин аарчыгысы келбейт. Андыктан картошканы таза жууп, тоголок бойдон сууга бышырып алып, кабыгын сыйрып салабыз. Кайнатып жаткан сууга бир аз туз кошуп коюуну унутпаңыз.
2. Сарымсакты жана көк чөптөрдү майда туурап, картошкага кошобуз. Андан соң бир аз ачык суу (суу кошулган уксус), өсүмдүк майын, татымына жараша туз, даамын арттыруучу татымалдардан кошуп аралаштырып, муздаткычка салып коёбуз. 1-2 сааттан соң салатыбыз даамына келип, жегенге даяр болот.
Мындан сырткары сууга бышырылган картошканы боорсок бышыргандай кууруп же болбосо ар кандай татымалдарды кошуп электр мешинде 20 мүнөт бышырып алууга да болот.

Эскертүү! Жогоруда берилген рецепттердеги азыктардын көлөмүн үй-бүлө мүчөлөрүнүн санына карап азайтып жана көбөйтүп алууга болот.

Дамира Арстанова
kenesh@super.kg

 Кыстарылган видео 
Жаңы картошкадан даамдуу тамак жасайбыз
"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (15)
kg91
2014-07-07 09:31:49
рахмат супер инфо жакшы кенеш екен
0
erali
2014-07-07 12:15:41
Кыздар учун маанилуу кенештер экен.
0
Aza1983-1991
2014-07-07 12:58:00
Ммм керектуу рецептер экен,бирок мондур салаты курулганга окшоп кызыл болуп калыптыр го
0
orun
2014-07-07 19:51:20
Aza1983-1991, видеосун карасан кууруватат кайнатылган майдла картошконы.
0
antiwithin14
2014-07-08 02:43:27
orun, бирок,"кууруйбуз"деп жазбаптыр тиги рецебине.
0
Aksy-13
2014-07-07 13:18:23
оох курсак ачта олло жегинди келтиретго чиркин, соонун экен рахматик инфо.....
0
chiko__89
2014-07-07 16:43:18
раахмат чоон супер инфо гезитинде иштегендерге ушундай кенештерден кообуроок берип тургула
0
Nadi89
2014-07-07 19:44:49
мондур салат дегенди менин апам жасап берчу биз мектепте окуп жургондо
0
antiwithin14
2014-07-08 02:45:06
Жакшы эле салаттар экен,бирок,озгочо деле эмес
0
ayzharkyn
2014-07-08 21:18:19
мондур салатын боорсокко окшотуп куурусанар да болот деп жазылып туратко
0
Askarchik_tigrov
2014-07-12 15:01:54
Ушул макаланы миң адам окуган болсо,бири да рецепт боюнча жасап көрө элек,сто пудово.
0
insap
2014-07-12 16:05:29
Men da kartoshkany aiabai jaktyryp jeiim, bolup da jarkoptu. ushul jerdegi tamak tvrlorvn jasatyp jei alsam ne degen jyrgal!!!...
0
gulperi.kg
2014-07-13 14:03:25
Сарымсак деген эмне?
0
Compact
2014-07-14 09:50:30
gulperi.kg, чеснок.
0
vikarus
2014-07-14 00:53:13
Картошканын илибой түрдө бышырылганы жагат. Күнүмдүк тамактарга жакшы эле рецепт.
0
№ 609, 04-июль-10-июль, 2014-ж
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан