«ДАҢАЗАЛУУ КЫЛЫМ» БААРЫН БАШЫНАН БАЯНДАП БЕРЕБИЗ

Биринчи сериясынан эле аудиториянын жүрөгүн багындырып, эси-дартын ээлеп, учурда атак-даңкты мыкчып турган “Даңазалуу кылымдын” экинчи сезону эң узакка созулган. Анда Хүррем менен Ибрагимдин “султанаттын экинчи адамы болом” деген күрөштө кара жанын карч уруп, адам өмүрү да аёого арзыбаган тиреши чагылдырылат. Түмөн түрдүү кызыктардан турган баяныбыздын үчүнчү "порциясын" сунуш кылабыз.

ЭКИНЧИ СЕЗОН
28-39-сериялар: Бийлик самаган Ибрагим паша

Хүррем элдешкис душманы Ибрагим пашадан өч алууну ойлоп, көзү ачык Якуп эфендиден эч ким ачыкка чыгара алгыс уу жасап беришин суранат. Ууланган башкы вазирдин дептери ак сарайына жеткирилет. Бул аралыкта Хатиже султан көз жарып, уулдуу болот. Сулейман султан куттуктамакчы болуп келгенде, Ибрагим пашанын короосунда тизилген грек мифологиясынын Кудайларынын статуяларынын тушунда: “Мен, Ибрагим, 15 жылдын ичинде титиреп ыйлаган христиан өспүрүмдөн бүт дүйнө падышасынын досу, күйөө баласы жана улуу вазирине айландым. Геракл менен Аполлондун жанында уулдарым атасынын алтын статуясын көрүшүн каалайм. Али менин алдымда букаралар баш ийип турушат”,- деп өктөм сүйлөп, тилегин айтып жатканын кулагы чалып калат.
Көкөлөгөн Ибрагим пашаны бир заматта Хатиже султан туткунга алынган Кастилиянын ханбийкеси Изабелланын айынан ордуна коёт. Ага чейин Хүррем Хатижеге “Ибрагим аңчылык үйүндө бир аял менен жолугушуп жүрөт экен” деп отко май тамызып кетет. Хатиже Ибрагимге “сенин жападан жалгыз милдетиң – Осмон империясына кызмат кылуу. Сен үчүн мамлекет – мен. Бул, демек, мага кызмат кылуу” деп Ибрагимдин жүрөгүнө суу себет. Сүйүүсү дастан болгон экөөнүн мамилесинде жарака жаралып, Ибрагим паша Нигар калфа менен ойнош болуп кетет.
Бул аралыкта Хүррем “Изабелладан кантип кутулам?” деген амалдын кесепетинен уйку көрбөй калса, кастилиялык ханбийке ант алышкан жигити бар экенине карабай, “султанды сүйөм, ал үчүн күрөшөм” деп чыгат. Сулеймандын апасы валиде Айше Хафса султан баш болуп Хүрремге атаандаш пайда болгонуна сүйүнүшүп, Изабелланы гаремге алып келишет. Ал султан менен түн өткөрүүгө жетишкени менен, Хүррем тарабынан Гүл ага, Нигар калфанын жардамы аркылуу дайынсыз жоголот.
Кезектеги махабат оту Малкочоглу Бали бей менен еврей кызы Арминдин ортосунда тутанат. Бирок нике окулган түндүн эртеси кара тумоого чалдыккан Армин сүйүктүүсүнүн колунда жан берет.
1529-жылдын май айында Сулейман султан Венгрияга карай жүрүшкө аттанып, анын борбору Буда сарайын басып алып, бул сапарда жеңишке жетүү менен 39-серия аягына чыгат.

ИБРАГИМ ӨЛТҮРҮЛӨРҮН БИЛГЕН
Балыкчынын уулу, түбү паргалык (ред. азыркы Грециянын аймагы) Ибрагим паша 13 жыл бою Осмон империясынын улуу вазири болуп турган. Анын ысымы тарых барактарында Френк (“европалык”) деп жазылып, венециялык элчилер керек болсо султанга теңеп аны “Даңазалуу Ибрагим” деп атап алышкан жайы бар. Дал ушул султандан кийинки империянын экинчи чоң кызматтагы адамы болуу вазыйпасы, чексиз бийлик жана байлык, ар кандай даражадагы чиндер Ибрагимдин түбүнө жетет. Тарых барактарында улуу вазир султандын ага карата өлүм өкүмүн чыгарганын бир апта мурун билип калган делет. Буга Ибрагим жазып калтырган каттар да далил.
Ал эми Ибрагим пашанын ролун ойногон Окан Ялабык Хатиже султан менен болгон окуяларга байланыштуу: “Экөөнүн сүйүүсү мүмкүн эмес шарттарга негизделип куралган. Хатиже династиянын өкүлү эмеспи. Ошонун эсебинен да махабат окуясы жагымдуулугу менен элди өзүнө тарткан”,- дейт. Хатиже султандын ролун жараткан Селма Эргечтин айтымында, Ибрагим Хатижени чындап эле сүйгөнбү же сүйгөн эмеспи, түшүнүксүз. “Балким, Оканга ошентип ойно дешкендир. Хатиже ага канчалык кызык болгон? Анын султан экендиги Ибрагимди канчалык кызыктырган? Суроолор көп. Ибрагим менен Нигар калфанын сүйүүсүнө келсек, көрүүчүлөрдүн арасында “экөө бири-бирин жакшы көрүшпөйт” дегендер да болушту”,- дейт С.Эргеч. Эң кызыктуусу, Нигар калфанын ролун ойногон Филиз Ахметтин жообу таптакыр башкача. Ал: “Менимче, Нигардын Ибрагимге болгон сүйүүсү Хатиженикине караганда күчтүүрөөк болгон. Хатижени жакшы көргөн көрүүчүлөр да Нигардын сүйүүсүнө катуу ишенип, “Хатиже менен Нигар туура же туура эмес кылып жатат дегенден алыспыз” деп калышкан”,- деген.

Ибрагим паша менен Хатиже султан жашаган ак сарай Стамбул шаарынын Султанахмет аянтында жайгашкан. Имарат учурда түрк жана ислам искусство музейине айлантылган.

БАЛАПАН РОЛЬ ЖАРАТУУЧУЛАР
Сериалда жаш актёр-актрисалар да чоң сүймөнчүккө ээ болушкан. Айрыкча султандын биринчи мураскери Мустафаны ойногон Юсуф Беркан Демирдаг менен султандын жападан жалгыз кызы Михримахтын ролун жараткан Айда Ажар. Экөө тең каармандардын эң кичүү курактагы мезгилин аткарышкан.
XVI кылымда жашаган империянын эли жана бүгүнкү күндөгү Түркиянын калкы да так буюрбай калган Мустафаны өтө жакшы көрүшөт. Ошол үчүн да көпчүлүк күткөн каарманга эң башынан эле татыктуу актёр тандалышы керек болгон. Юсуф Беркан Демирдаг азыр 8 жашта. “Даңазалуу кылымдан” тышкары “Жан” деген тасмага тартылган. Музыка угууну жактырат, фокус жасоону үйрөнүүгө аракет кылып жүрөт. Жактырып көргөн мультфильми – “Жөргөмүш адам”.
Ал эми экинчи балапан Айда Ажар көбүрөөк сынчылардын мактоосуна арзыган. Михримах тарыхта өтө татаал мүнөздүү деп эскерилет, андыктан Айда тартылып жатканда 5 жашта болгонуна карабай, ханбийкенин башкарууну жакшы көргөндүгүн, куулугун, өзүмчүлдүгүн жана ашыкча эркелигин жеткиликтүү көрсөтүп бериши керек болгон. Сынчылардын баасында ал ишеничти актаган.




ХАНБИЙКЕ ИЗАБЕЛЛА СЕРИАЛГА КАНТИП КОШУЛУП КАЛГАН?
Тарыхта Изабелла деген Кастилиянын ханбийкеси болгон, бирок “Даңазалуу кылым” сериалында ал ойдон чыгарылган персонаж катары чагылдырылган. Анткени чыныгы Изабелла Сулейман султан такка отурганга чейин эле, 1504-жылы кайтыш болгон. Ошентсе да түрк сериалында Изабелла Фортунанын ролун жараткан Мелике Ипек Ялова сулуулугу, өзгөчө бакырайган көздөрү менен көрүүчүлөрдү тамшанткан.
1984-жылкы Меликени сериалдын тартуу иштери боюнча жетекчилеринин бири Нермин Ероглу кадимки эле ресторандардын биринен тамактануу учурунда байкап калган. Мелике үчүн Изабелла – анын аткарган биринчи ролу, мунун айынан “кыздын жылдыздуулугу жана башкача сулуулугу үчүн эле сериалда атайын персонаж ойлоп табылды” деген сөздөр болгон.
Актриса өзү “Даңазалуу кылым” тууралуу: “Биринчи тартуу аянтчасына келгенимде аябай таң калып жүрдүм. Мисалы, мрамор чыныгы мрамордой көрүнөт. Баары дал өзүндөй жасалып чыккан. Кыйынчылыктарга келсек, корсет катуу тартылып байланганынан кыймылдай да, дурустап дем ала да албай жаттым. Бирок корсеттин да өзүнчө кооздугу бар экен. Ал кийимдер көзүңдү ала албагандай жакшынакай, ошол эле тапта аны кийип биздин күндө бир жакка бара албайсың. Ар кийген сайын ал костюмдардан башкача ырахат алып жаттым”,- дейт.

Продюсер Тимур Савжыга караштуу “TIMS Productions” компаниясы Стамбул шаарында “Даңазалуу кылымдын” көргөзмөсү 2014-жылдын 1-ноябрында ачыларын билдирди. Ал “Укмуш сонун буюмдардын экспозициясы” деп аталып, 2 миң чарчы метрден ашуун аянтчаны ээлегени жатат. Стамбулдан ары уюштуруучулар бул иш-чараны “Даңазалуу кылым” сериалы көрсөтүлгөн дүйнөнүн 50дөн ашуун өлкөсүндө өткөрүүнү пландашууда. Көргөзмөгө күбө болууну каалагандар сүйүктүү сериалынын ааламына, сериал тартылган павильондорго, анын ичинде султандын бөлмөсүнө, керек болсо гарем менен хаммамга баш багууга уникалдуу мүмкүнчүлүк алат. Экспонаттар, костюмдар, асем жасалгалар – мунун баарын экрандан эмес, өз көзүңүз менен көрүүгө болот. “Даңазалуу кылым” тууралуу сандан санга уланган баяныбызды күтүп окуңуздар.

Эльвира Караева
star@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (11)
Aika0812
2014-07-07 10:38:56
Изабелланын койногу соонун экен
+1
Aksy-13
2014-07-07 12:59:19
ушул киного кызыктым бирок коро албадым себеби берилип алсам кээде шарт болбой калат коргону анан ииий кино не болду деп кейий бермейим бар кийинчерек дисктен корот окшойм эми
+1
insap
2014-07-07 13:25:10
Korvv mvmkvnqvlvgv da bolup kalar Admindin komogvndo...
0
milashka30
2014-07-07 20:38:29
Изабелланы ойогон актриса чынында эле жутуп ийчудой болгон супсулуу айым!! Мен суктанып эле турам. Эркек эмес, мен аял киши болуп туруп суйуп калчудай.
+1
Sharipa-asia
2014-07-08 22:18:55
Мен да башында эч кызыкчу эмесимин , кийин бир сериясын коруп эле анан уландысы кандай экен деп журуп, бул сериал менен ооруп калдым го
+1
Lukrecia
2014-07-09 16:31:50
Кино деп ушуну айт. Суткалап коруп аттык го жолдошум экообуз.( дисктен). Мен Хюрем тарап ал Ибрагим тарап болуп талашып чукулдаша кеткен кундор да болду го.....
+1
jikitai
2014-07-10 16:49:58
Бул кинону мен уже 5чи жолу кайталап коруп атам .КТРкада болуп жатканын кыргызча суйлогондоруно кызыгып коруп жатам.Бирок Хюрремдин кээ бир белгилуу фразалары,создору так которулбай мааниси озгоруп калган ,себеби биз жаттап калдык да ал создорду мурда коруп атып.А так сонун ,коргуло деп кенеш берем.
-1
Oceana
2014-07-11 00:07:02
KTRk danda disktenda korotam kyzygyp,azyrda uwul kinonu korup olturam.
0
Begayym.bayzakova.93
2014-07-11 00:25:59
Кыскача айтып койгулачы акырында эмне болот?
+1
siezd
2014-07-13 18:08:30
super менин оюмча "вазыйпасы" деген кыргызда соз жок болуш керек милдети деп жазышса жакшы болмок
0
Эльвира Караева
2014-07-14 09:59:41
siezd, Х.Карасаевдин сөздүгүн карап көрсөңүз, "вазыйпа" деген сөз кыргыз тилиндеги адабий нормага ылайык эле колдонулган сөз болуп саналат. Бул макалада "вазыйпа" сөзү "милдети" сөзүнүн синоними катары колдонулган.
0
№ 609, 04-июль-10-июль, 2014-ж
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан