ЖЫЛДЫЗ ТӨЛГӨ (7-июлдан 13-июлга чейин)

КОЙ
(21.03-20.04)
Апта башында жетекчилик менен оор сүйлөшүүлөр күтүлөт. Бирок бул сиздин пайдаңызга чечилмекчи. Шаршембиде өзүңүздү көргөзүүгө мүмкүнчүлүк пайда болот. Аптанын экинчи бөлүгүндө күтүлбөгөн жаңы кырдаалга кабылышыңыз мүмкүн. Жекшембиде бир нерсеге макулдук берүүдөн мурда жакшылап ойлонуңуз, болбосо олуттуу ката кетиришиңиз мүмкүн.

БУКАЧАР
(21.04-20.05)
Аптанын алгачкы күндөрү акчалай аманаттарды ачууга ыңгайлуу күн. Бейшембиде жаракат алып калуу коркунучу бар, андыктан айнек буюмдарды колдонууда абайлаңыз. Жума күнү ата-энеңиз менен болгон мамиле сизди тынчтандырат. Ишемби жана жекшемби күндөрү көптөн бери эңсеп жүргөн кыялдарыңыздын биринин ишке ашуусу күтүлүүдө.

ЭГИЗДЕР
(21.05-21.06)
Жуманын биринчи күнүндө угуу жөндөмүңүз начарлоосу мүмкүн. Шаршембиде сизди кызыктырган сунуштан баш тартканыңыз оң. Анткени арты сиз күткөндөй болбойт. Бейшемби күнү ийгилик менен коштолгон жаңы сүйүү романы күтүлмөкчү. Балдарга байланыштуу маселелер жаралып калбасын десеңиз, дем алыш күндөрү аларга көңүл бөлүңүз.

БӨЙӨН
(22.06-22.07)
Аптанын башы кымбат баалуу буюм сатып алууга ылайыксыз күн. Бейшембиде үй-бүлөлүк кырдаалга байланыштуу күтүүсүз акча коротуу күтүлөт. Жума күнү коомдук транспортторго көңүл бөлбөсөңүз, адашып калууңуз мүмкүн. Ишембиде такталбаган маалыматтарга ишенбегениңиз жакшы. Жекшембиде рухий изденүүлөргө умтуласыз.

АРСТАН
(23.07-23.08)
Аптанын алгачкы күнү сиздин пландарыңызды бузууну каалаган адамдар пайда болот. Андыктан айланаңыздагы адамдардын баарына тең эле ишене бербеңиз. Шейшемби – алтын жана зер буюмдарын сатып алуу үчүн ыңгайлуу күн. Жума жана ишемби күндөрү эч нерседен коркпостон, пландарыңызды ишке ашырууга кирише берсеңиз болот. Жекшембини жаратылыш коюнунда эс алып өткөрөсүз.

БИЙКЕЧ
(24.08-23.09)
Дүйшөмбү, шейшемби жаңы идеялар үчүн жемиштүү болот. Шаршембиде маанилүү убадаларды бербей эле койгонуңуз оң. Себеби убадаңызды аткара албай, уят болуп калышыңыз мүмкүн. Жума күнү жаңы тааныштарды күтүүдөн баш тартпаңыз, бул жагдай сиз үчүн пайда алып келмекчи. Ишембиде жасаган иштериңизди ийгилик коштоп, жекшембиде чыгармачылык менен иш бүтүрөсүз.

ТАРАЗА
(24.09-23.10)
Аптанын башталышында жумушта өзүңүздү көрсөтүп, зоболоңузду бекемдей аласыз. Шейшемби сиз үчүн оор күн болушу мүмкүн. Андыктан чыдамкай жана терс аракеттерден оолак болуңуз. Бейшембиде досторуңуз сиздин кесиптик ишмердүүлүгүңүзгө кедергисин тийгизүүсү мүмкүн. Ишембиде алыстагы досуңузду коноктоп, жекшембини табият коюнунда эс алып өткөрөсүз.

ЧАЯН
(24.10-22.11)
Дүйшөмбүдө кызматтык сунуш түшүүсү күтүлөт. Бирок сунуш сиз үчүн өтө пайдалуу болбогондуктан, жакшылап ойлонгонуңуз туура. Шейшемби – бардык каржы аракеттерин жүргүзүүгө ыңгайлуу күн. Шаршембиде иштеги активдүүлүгүңүз күчөйт. Бейшембиде сууга байланышкан жагымсыз окуялар орун алышы мүмкүн. Аптанын акыркы күнүндө үй жаныбарын багып алууңуз күтүлөт.

ЖААЧЫ
(23.11-21.12)
Аптанын экинчи күнү жаман адаттардан арылууга ылайыктуу. Шаршембиде сизге ичи күйгөндөрдүн саны көбөйөт, алардын бардык кептерин кулактын сыртынан кетиргениңиз жакшы. Бейшембиде бардык муктаждыктарды өзүңүздүн гана күчүңүз менен чечүүгө туура келет. Ишембиде эң жакшы сапаттарыңыздын аркасында материалдык абалыңыз жакшырат.

ТЕКЕЧЕР
(22.12-20.01)
Дүйшөмбү – жетекчилик менен тил табыша турган күн. Шейшембиде электр буюмдарын колдонууда жаракатка кабылбоо үчүн этият болуу сунушталат. Шаршемби күнү айткан сөзүңүзгө сак болбосоңуз, чоң чыр-чатак жаралуусу мүмкүн. Жума күнү алыстан келген адам менен таанышуу күтүлөт. Дем алыш күндөрү жакындарыңызга көңүл бөлүп, күндү алар менен бирге өткөрөсүз.

СУУ КУЯР
(21.01-19.02)
Апта башында мурда жоготуп жиберген буюмуңузду тапсаңыз, бул мындан ары кирешенин үстүндө жүрө турганыңыздын белгиси болот. Шаршембиде маселени чечүүнүн жаңы жолдорун издөөгө туура келет. Жума – турмуш куруу сунушун киргизүү же келишимдерди бекитүү үчүн ылайыксыз күн. Жекшемби компьютер же башка техника буюмдарын сатып алууга ылайыктуу күн.

БАЛЫК
(20.02-20.03)
Дүйшөмбү – кесиптештер, достор жана туугандар менен болгон мамилени бекемдөө үчүн ийгиликтүү күн. Шаршембиде бир гана жумушта эмес, жеке жашоодо да бардыгы өз орду менен ишке ашат. Бейшемби күнү башка тараптын жардамына муктаж болосуз. Мындайда сизден кунт коюу жана эптүүлүк талап кылынат. Жума күнү жашооңузга бурулуш алып келчү таанышуу орун алат.

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 609, 04-июль-10-июль, 2014-ж
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан