«БРАЗИЛИЯ-2014» ЕВРОПА – АМЕРИКА КАГЫЛЫШЫ

Бразилияда өтүп жаткан футбол боюнча аалам биринчилигинде финалдык баскычтагы оюндар башталды. Чейрек финалдык оюндарга Европадан 4 курама чыкса, калганын Америка чөлкөмүнүн өкүлдөрү түзүүдө. Көпчүлүккө күтүлгөндөй эле Азия жана Африканын өкүлдөрү 1/8 финалдан нары өтө алышкан жок. Ошондой эле финалдык баскычтагы ар бир оюн курч өтүп, көрүүчүлөргө укмуштуудай оюн тартуулашууда. Машыктыруучулардын чебердиги, футболчулардын тактикалык даярдыгы жана алардын талаанын ар бир чарчысында мыкты оюн көрсөтүүсү – жеңиштин негизги себеби болууда.

БРАЗИЛИЯНЫН АЛСЫЗ ОЮНУ
Дүйнө чемпиондугу баштала элек жатып пентакампеондордун (бразилиялыктардын аталышы) башкы насаатчысы Чили командасын үй ээлери үчүн эң оңтойсуз команда экенин жар салган эле. Ушундай болорун сезгендей эле Бразилияга атаандаш болуп, жарым чейрек финалдык оюнда дал Чили командасы болду.
Оюндун алгачкы мүнөттөрүнөн тарта эле Чили Бразилияга оңой эле утулуп бербеси көрүндү. «Ла роха» талаанын ар бир бөлүгүндө бразилиялыктардан кем калышпай оюн көрсөттү. Оюндун негизги убактысында тең чыгуу катталып, пенальтилер сериясында гана бразилиялыктар жеңишти илип кетишти. Жеңүүчүнү жемелеп болбойт дегендей, Бразилия кыйналса да кийинки баскычка чыкты.

Бразилия – Чили – 1:1
Голдор: Давид Луис
(18-мүнөт)
Алексис Санчес
(31-мүнөт)
Пенальти сериясы –
3:2

ЖЫЛДЫЗЫ ЖАНГАН ХАМЕС РОДРИГЕС
Кийинки 1/8 финалдык оюнда түштүк америкалык командалардын ортосундагы дерби болду. Оюндун акыркы секунддарына чейин жандуу футбол жана талаанын ар бир бөлүгүндө топ талашуу орун алды. Ооба, бул Түштүк Американын футболу. Колумбия – Уругвай.
Беттеште бул мундиалда жылдызы жанып жаткан Хамес Родригес 2 жолу айырмаланды. Колумбияны чейрек финалда Бразилия күтүп алмакчы.

Колумбия – Уругвай – 2:0
Голдор: Хамес Родригес
(28, 50-мүнөттөр)

5 МҮНӨТ ИЧИНДЕ ЭКИ ГОЛ
Бул эки команданын жакшы даярдыкта экени тайпалык баскычтагы оюндарда эле байкалган. Мексика биринчи эсепти ачып, коргонууга өттү. Ушул учурдан тарта Ван Галдын шакирттери чабуул артынан чабуул коюп, оюндун 88-мүнөтүндө Снейдер жана кошумча берилген убакытта Хунтелаар 11 метрлик айып соккудан жеңишти Голландияга алып келди. Кош, Мексика жана төргө өт, Голландия!

Голландия – Мексика – 2:1
Голдор: Дос Сантос
(48-мүнөт)
Снейдер
(88-мүнөт)
Хунтелаар (90+3, - пенальтиден)

КОСТА-РИКАНЫН ЖОМОГУ УЛАНУУДА
Коста-Рика курама командасы тарыхында биринчи жолу Дүйнө чемпиондугунда 1/4 финалга чыга алды. «Бай аралдын» футболчулары Грецияны пенальтилер сериясында утуп алды. Бул оюнда «Тикостун» оюнчулары оюн талаада утуу үчүн өлүмгө да даяр эле. Себеби мындай мүмкүнчүлүк дагы бир жолу келбей калышы мүмкүн. Андыктан көзгө толумдуу оюн көрсөткөн Коста-Рика татыктуу түрдө кийинки баскычка жолдомо алды. Жомок уланууда.

Коста-Рика – Греция1:1
Голдор: Руис
(52-мүнөт)
Папастатопулос
(90+1,-мүнөт)
Пенальти сериясы – 5:3


ФРАНЦИЯ НИГЕРИЯНЫ ҮЙҮНӨ УЗАТТЫ
Кезектеги жарым чейрек финалдык оюндардын алкагында Франция курама командасы Нигерияны утуп алды. Бул оюнда «үч түстүүлөрдөн» Поль Погба жана Антуан Гризманн мыкты оюн көргөзө алышты.

Франция – Нигерия – 2:0
Голдор: Погба
(79-мүнөт)
Йобо (90-мүнөттө, өз дарбазасына)







АЛЖИР НЕМИСТЕРДИН ЭЭСИН ООДАРДЫ
Бул беттешке чейин футбол сүйүүчүлөрү бир ооздон Германиянын оңой утарын, атүгүл бир катар голдорду киргизерин айтышкан. Бирок анда беттештин мынчалык чыңалган деңгээлде болорун эч ким айта алмак эмес. Оюндун негизги убактысы тең чыгуу менен аяктады. Арданышкан немис футболчулары экстра-таймда 2 гол киргизип, жеңишти камсыздашты.

Германия – Алжир – 2:1
Голдор: Шюррле
(92-мүнөт)
Өзил
(119-мүнөт)
Жабу (120-мүнөт)






МЕССИ БОЛБОСО, ДИ МАРИЯ БАР!
Тажрыйбалуу Хитцфельддин шакирттери Месси баштаган аргентиналык футболчулар менен тең ата ойной алды. Оюн эсеби 90 мүнөт бою ачылган жок. Экстра-таймдын экинчи бөлүгүндө Мессинин пасынан Анхель Ди Мария гол киргизип, «альбиселестага» 1/4 финалга жолдомо алып берди.


Аргентина
– Швейцария – 1:0
Гол: Ди Мария (118-мүнөт)



ЛУКАКУ ЖАНА АНЫН КОМАНДАСЫ ЧЕЙРЕК ФИНАЛДА
Акыркы жолдомо үчүн талаа үстүндө айыгышкан салгылаш болду. Оюн болуп көрбөгөндөй чыңалуу менен өтүп, күйөрмандар валидол издеп калышты. Бельгия жандуу оюн көргөзсө да, негизги убакытта эсеп ачылган жок. Кошумча берилген 15 мүнөттө де Брюйне менен Лукаку бардыгын өз ордуна алып келишти.

Бельгия – АКШ – 2:1
Голдор: де Брюйне
(93-мүнөт)
Лукаку
(105-мүнөт)
Грин (107-мүнөт)





1/4 ФИНАЛ
4-июль. 22:00. Франция – Германия
5-июль. 02:00. Бразилия – Колумбия
5-июль. 22:00. Аргентина – Бельгия
6-июль. 02:00. Голландия – Коста-Рика

Адилет Керимбек уулу
sport@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (25)
jonokoi_myrza
2014-07-08 10:27:00
Германия чемпион болот
+1
Aibek..
2014-07-08 14:36:58
Аргентина чемпион болот
0
mr_baigazy
2014-07-08 15:20:08
Достор бугун мыкты оюн болот Бразилия - Германия
кимиси женет болду экен?
0
asusk52j
2014-07-08 16:09:58
mr_baigazy, менин оюм Бразилия женип чыгат.
0
KgAs91
2014-07-09 12:59:43
asusk52j, хехехе Бразилия жети ноль уйат
0
lolalola
2014-07-08 19:41:19
mr_baigazy,
natürlich Deutschland
+1
Diana92kg
2014-07-08 22:13:13
mr_baigazy, менин оюмча Германия болот го.
0
sema.
2014-07-08 17:31:55
kyrgyzstan 4empion algA KYRGYZSTAN.
+1
ai.asylbekovna
2014-07-08 18:03:47
менин оюмча Германия чемпион болот.
0
NARYNGRAD
2014-07-08 21:09:13
Германия- дүйнөлүк чемпион 2014!!!
0
Diana92kg
2014-07-08 22:14:00
мен Аргентина чемпион болот деген ишеничтемин!!
-1
ai.asylbekovna
2014-07-09 09:27:52
Байкуш Бразилия женилип калды.
0
sayakovna
2014-07-09 11:02:38
Германия женишке бир кадам Германия ,Голандия тоже не подарок бирок Германия Германия жана дагы Германия
0
kyrgyz.93
2014-07-09 18:10:13
Германия алатго баарын
0
syrduu kyz
2014-07-09 18:37:54
Ураа, Германия женди...
Германия алга...
-1
adanov
2014-07-09 22:33:46
Мен футболду коргондон ойногонду жакшы кором анан бойлорду калтырбай кором футболду воопще корбойм
-2
ai.asylbekovna
2014-07-10 05:06:19
Аргентина пенальтинин эсебинен женишке жетип, финалга чыкты! Аргентинаны Германия кутуп турат. ДЧ ким болот экен? Ийгилик!!!
0
primus
2014-07-10 18:37:01
Дуйно чемпиону Аргентина болот менимче.
0
Aizhan.11
2014-07-11 23:05:16
Аргентина алга! Ийгилик!!!
0
№ 609, 04-июль-10-июль, 2014-ж
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан