ТАМАК-АШТАН УУЛАНУУДАН САКТАНЫҢЫЗ!

Мээ кайнаткан ысыкта тамак-аштар бат бузулуп, адамдын ден соолугуна коркунуч туулары анык. Буга жакында “Мансур” кафесинин тамак-ашын жеген адамдардын ууланып калгандыгы мисал. Андыктан ушул окуя боюнча фактыларды берүү менен атайын адистердин уулануунун алдын алуу боюнча кеңештерин сунабыз.

“МАНСУР” КАФЕСИНИН ТАМАГЫН ЖЕГЕН 22 АДАМ УУЛАНГАН”

Бишкектеги “Мансур” кафесинен уулангандардын себеби эмнеде? Буга карата кафенин кожоюндарына кандай чара көрүлдү? Булар тууралуу маалыматты Бишкектин Мамсанэпидемкөзөмөл борборунун тамак-аштын гигиенасы бөлүмүнүн башчысы Мухаммадкалый Мурзашевден жооп алдык:
– 27-июнда бизге Бишкектин Курманжан датка көчөсүндө жайгашкан “Мансур” кафесинен уулануулар болгону тууралуу кабар түшүп, ал кафени барып текшердик. Окуя мындайча болгон экен.
Бишкектеги бир компаниянын 20 кызматкери “Мансур” кафесине кечки тамакка деп алдын ала тамакка заказ беришет. Заказ боюнча, аларга 24-июнда саат 19:30дарда "Цезарь" салаты менен ганфан (гарнирине күрүч) жеткиришет. Ал эми 25-июнда 19:30дарда фунчоза салаты менен бефстроганов (гарнири күрүч, пюре) жеткирилет. 24-25-июнда тамакты алар иштеген жеринде саат 22:00-23:00дөрдө жешкен. Кызматкерлердин экөөсү тамактарын жебей, үйүнө алып барып, бири уулуна, бири апасына берген. Натыйжада 27-июнда тамактан ууланган кызматкерлердин экөө Жугуштуу оорулар ооруканасына кайрылышкан. Бири 1 күн жатып чыкса, экинчиси амбулатордук түрдө дарыланган. Калган кызматкерлер да кусуп, дааратканага чуркап, уулануунун белгилери билинген. Бирок ооруканага кайрылышкан эмес.
Ошол эле 27-июнь күнү дагы бир үй-бүлө (аялы жана күйөөсү) ууланып, Жугуштуу оорулар ооруканасына кайрылат. Алар да “Мансур” кафесинен тамак жегендерин айтышкан. Ашказандарын жуугузушкандан кийин үйлөрүнө кетишкен.
27-июнда кафени текшергенибизде жалпы 19 кызматкердин 8инин медициналык китепчеси жок болуп чыкты. Андыктан алардын жугуштуу оорусу бар же жок экенин такташ үчүн баарына анализ тапшырттык. Жыйынтыгында баары таза чыкты. Компаниянын кызматкерлери жегенден ашып калган "Цезарь" салатын жана кафеден салатка кошулуп берилчү соусту анализге алып келгенбиз. Текшерүүдөн өткөзгөндө салаттан стафилококк жана энтеробактер (экөө тең ооруну козгоочу бактериялар) чыкты. Ал эми соустан ичеги таякчалары (бактерия түрү, ууланууну жаратат) табылды. Демек, уулануунун себеби салат жана ага кошулуп берилген соус болгон деп болжолдоп жатабыз.
27-июнда кафени убактылуу жаап, кожоюнуна 2 миң сом айып салганбыз.
Уулануунун алдын алуу үчүн биз коомдук тамактануу жайларды жана соода түйүндөрүн күтүүсүз текшерсек жакшы болмок. Бирок мыйзам боюнча биз аларды жылына бир гана жолу, анда да 10 күн мурун эскертип барууга милдеттүүбүз. Алар биз барганда баарын жылтыратып коюшат. Кемчиликтери болсо 1000-2000 сом өлчөмүндө гана айып салынат. Бул сумма кафелер үчүн түккө турбаган эле айып пул. Андыктан айып пулдун суммасын көбөйтүү зарыл.
Статистикага кайрылсам: Бишкекте 2013-жылы 200дөн ашык адам, ал эми 2014-жылы 6 айдын ичинде 65 адам тамак-аштан ууланып, Республикалык жугуштуу оорулар ооруканасына кайрылышкан.

БАТ БУЗУЛУУЧУ АЗЫКТАРДАН АБАЙЛАҢЫЗ!
Эми биз Республикалык жугуштуу оорулар ооруканасынын башкы дарыгеринин орун басары Айнура Узакбаевага кайрылып, тамак-аштан уулануунун алдын алуу боюнча кеңеш сурадык:
– Ысыкта, өзгөчө тазалык сакталбаган жерде бактерия, вирустар бат көбөйүп, тамак-аштар бат бузулат. Анан аларды жеп-ичкен адам ууланууга чалдыгат. Айрыкча майонез кошулган салаттар, сүт азыктары, эт туурамжысы, килкилдек, консервалар, балык, колбаса бат бузулууга жөндөмдүү. Кыскасы, булганган, туура эмес сакталган, мөөнөтү өтүп кеткен тамак-аштар, кир кол оорунун булагы.
Оорунун белгилери.Тамак менен кошо ичке кирген бактерия, вирустар көбөйүп, организмди ууландырууга өтүшөт. Оорунун белгилерине ичтин оорушу, шалдыроо, көңүлдүн айнышы, кусуу, ичтин өтүшү, дене табынын көтөрүлүшү кирет. Улам кускандан, ич өткөндөн денедеги суюктуктар сыртка чыгып кетип, суусоо, дененин кургай башташы келип чыгат. Дененин бат кургашы бөйрөк ооруларын жаратат. Ушундан улам көз жумган балдар да бар. Жогорудагы белгилер билингенде “Тез жардам” чакыруу же Жугуштуу оорулар ооруканасына баруу зарыл.
Дарылоо. Оорунун белгилери билинер замат акыл-эсине кирип калган балдар жана чоң кишилер врачка барганга чейин эле ашказанын жууганга киришүүсү зарыл. Бул оорунун оорлошуп кетүүсүнүн алдын алат. Ал үчүн 3 литр туздуу сууну өзүн кыйнап ичип, анан кусууга аракеттенүүсү кажет. Суусаган сайын регидрон, кайнатылган суу, күрүчтүн же өрүк кактын суусун берүү туура.
Дарылоо. Ооруканада деле туздуу дарыны – регидронду ичиришет, антибиотик, тамчылатма дарылар жазылат.
Оорунун алдын алуу. Тамак ичер алдында колду самындап жууш керек. Тамак-ашты муздаткычта сактоо, бат бузулуучу азыктарды мөөнөтү өткүчө гана колдонуу, сүттү жана сууну кайнатып ичүү, жашылча-жемиштерди жакшылап жуу шарт. Мөөнөтү өткөн, туура эмес жерде сакталган азыктарды колдонбоо, көчөдөн тамак сатып алып жебөө зарыл.



Канымжан Усупбекова
koom@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (6)
nazarnew
2014-07-07 18:33:43
организми кучтуулор выживает, а слабыйлар ууланып коп оорушат, так что спорт менен коп машыксанар эч кайсы оору жене албайт силерди, бул илимде доказано
0
tina-janka
2014-07-07 21:30:15
2000с айып салганбыз дейби? Бизде Россияда кафеде бир адам отравление болсо 150000р штраф.еще жаап салат. Уууужас. 22 адам отравление болгондо камалмак. 2000 дейтго.....
0
aikol87
2014-07-08 18:19:58
Кызык эле,22 адам отравление болуп атса 2000 сом штраф.ужасс.
0
ayzharkyn
2014-07-08 21:32:28
озу тез тез санэпидем текшерип турушу керек. 10 кун мурда эскертпей эле баруу керек жок дегенде
0
strangergirl
2014-07-10 16:23:58
Ой баары белгилуу эле болуп турат го, таанышын болсо танкасын болуп кетти да, болбосо ошончо текшерип аран 2000 мин сом салышмак беле, андан 3-4 эсе коп акча "левый" чонтокко салынды да...
0
Aizatnur
2014-07-12 19:39:00
если 22 адам андан ары ууланып олуп калса анда ашып кетсе 5000 айып салынмак окшойт кафени биротоло жаап салышса болмок ууужас
0
№ 609, 04-июль-10-июль, 2014-ж
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан