Эсиңиздерде болсо, “Заманыбыздын супер алып баруучусу” Нурзат Токтосунова кышында берген интервьюсунда “Менин кыялым – Меккенин ордуна ата-энемди Кытайга, туулган жерине жиберүү. Үркүндө чоң атамдар Кытайга качып, менин ата-энем экөө тең ошол жакта төрөлүшкөн, азыркыга чейин туулган жерин сагынышат. Жаз же жай айларында өзүм да алар менен кошо барып келсемби деп жатам” деп айткан эле. Көрсө, ал күн да алыс эмес экен, алып баруучу Түркиядан келип, ата-энеси менен алардын киндик каны тамган жерине сапар тартышты. Учурда Нурзат Кытайдын Синьцзян-Уйгур автономдук районунун Текес уездинде туугандары менен амандашып жүргөн кези.