Гезитибиздин өткөн санында орустардын “Кухня” сериалына тартылган мекендешибиз Жаңыл Асанбекова тууралуу жазган элек. Ошол сериалга байланыштуу жагымдуу кабар уктук. Аталган сериал Орусиянын телевидение жаатында иштеген чыгармачыл адамдарга берилчү абройлуу сыйлыктардын бири болгон “ТЭФИ” сыйлыгына татыды. Белгилей кетсек, “Кухня” сериалынын сценарийин жазгандардын катарында Василий Куценко менен Жаннат Керимбаев Кыргызстандан болушат. Алар учурунда Кыргызстандын КВН командасында ойноп жүрүшкөн. 6 жылдан бери Орусияда сериалдарга сценарий жазып эмгектенишет. Биринчиден, өлкө сыртында ийгилик жараткан мекендештерибиз үчүн кубанычта болсок, экинчиден, кыргызга аттын кашкасындай таанымал обончу, ырчы Асанкалый Керимбаевдин уулу Жаннат Керимбаев алардын катарында экени өзгөчө сыймыктандырат.