“Супер сулуу-2009” сынагынын жеңүүчүсү аталып, аптаптуу Мисирге барып эс алып келген Жамиля Ишенбаева билимин Испаниядан улантат. Кубанычтуу кабары менен бөлүшкөн Жамиля: “Негизи эле көбү менин университетте жакшы окуй аларыма ишенишпейт. Бирок мен окуган кыргыз-европа факультетинин бизнес башкаруу бөлүмү мыкты окуган гана студенттерди чет өлкөгө жиберишет. Бул жылы өзүмдүн курсумдан жалгыз мен өтүп, сүйүнүп турган кезим. Буюрса, бир жылга Канар аралдарындагы Лас-Пальмас-де-Гран-Канария университетинде билимимди улантам. Аны менен кошо испан тилин өздөштүрүп, моделдик кесибимди да чогуу алып кеткенге аракет кылам. Мисалы, бизде европа түспөлүндөгү кыздар сейрек кездешсе, аларда азиат түспөлүндөгү кыздар аз, аларга биз экзотикадай эле сезилсек керек. Моделдик карьераны улантууга ал жакта мүмкүнчүлүктөр кеңири”,- дейт.