АЙБЕК ЗАМИРОВ ОРУСИЯНЫН “ГОЛОС” МУЗЫКАЛЫК БЕРҮҮСҮНӨ ӨТТҮ...
Ырчы АЙБЕК ЗАМИРОВ ОРУСИЯНЫН “Голос” аттуу музыкалык берүүсүнө кастингден өттү. Буюрса, Айбек сентябрь айында баштала турган берүүнүн 3-сезонуна катышмакчы.
ГҮЛНУР САТЫЛГАНОВА Түркмөнстанда өткөн Түрк тилдүү мамлекеттердин эл аралык маданият фестивалына катышып келди.
“МОНИКА БЕЛЛУЧЧИ” командасынын оюнчулары Жеңиш Майрамбек уулу, Бакыт Осмонканов жана актриса Элина Абай кызы Эрнест Абдыжапаровдун “Кекеч” фильминде башкы каармандардын ролун жаратышты.
Ырчы КАНЫКЕЙ учурда Азербайжандын Шеки шаарында өтүп жаткан “Жибек Жолу” эл аралык музыкалык фестивалына катышып жүрөт.
“АЗИЯ МИКС” КВН командасы 6-июль күнү Казакстанда боло турган Астана шаарынын туулган күнүнө арналган концертте өз өнөрлөрүн тартуулашат.
АЙЧҮРӨК ИМАНАЛИЕВА Ялтада өтчү "Чыгыш базары" эл аралык фестивалында калыстар тобунун мүчөсү болот.
"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (4)
burger
2014-07-08 16:58:49
Каныкей фестивалда журсо, байкуш Медер кантти экен?! (чикагодогу куйоосу)
0
Arapbai
2014-07-10 13:39:32
Каникейди кече эле Бишкекте кордум го, шашшылып Советский Токтогулада бараткан экен.
0
Mairam1991
2014-10-11 16:14:37
Урматту супер инфо! Айбек Замиров " голоско" катышат дединер эле го? Эмнегедир коро алган жокмун же пиар беле жон эле?
0
admin_superstan
2014-10-13 10:26:10
Mairam1991, саламатсызбы!
Бул тууралуу тактаганга аракет кылабыз.
0
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.