ЫРЧЫЛАРГА ЭҢ КЕРЕКТҮҮ АДАМ – КЛИПМЕЙКЕР

Мурда кыргыз ырчыларынын арасында тоого чыгып, бир талдын түбүндө же суунун жээгинде ырдап клип тартуу мода эле. Андан бери замандын өзгөрүшү менен клиптердин сапаты да жакшырып, клипмейкер деген кесип Кыргызстанда да пайда боло баштады. Бүгүн биз активдүү иштеп жаткан клипмейкерлер менен учурда тартылып жаткан клиптердин күнгөй-тескейи тууралуу кеп кылмакчыбыз.

Санжар Юлдашев:
“КЫРГЫЗСТАНДА КАМЕРА КАРМАГАНДЫН БААРЫ КЛИПМЕЙКЕР”
Толук аты – Санжар Юлдашев
Туулган жери – Ош шаары
Туулган жылы – 1990-жыл, 8-апрель
Билими – Орто
Тарткан клиптери – Арман – “Сенсиз мага”, Нурмат Садыров – “Жүрөгүм”, “Сага байланам”, Фарида Карбосова – “Жоогазын”, “Кош бол”, “Мекеним”, "Кыз-Бурак" – “Жаным ай” жана башкалар
Бир клибинин баасы – 2500 доллардан жогору
Эң кымбат клиби – SLEM аттуу рэп ырчысына 7 000 долларга клип тартып берген

– Кандайсыз, Санжар, клипмейкерлик кесибиңиз кантип башталган?
– Саламатсыздарбы, Бишкекте “Premium Production center” студиясында клипмейкер болуп иштеп жүргөм. Башында музыка жазып, үн режиссёр болуп эле иштечүмүн, кийин видео тартып көрөйүнчү деп биротоло бул жумушка кирип кеттим. Учурда Москвада “Liveproduction” студиясында иштейм. Бул жакта жарнамалык роликтерди, документалдык фильмдерди тартабыз. Белгилүү Bahh Tee, Dino M47, Guf сыяктуу ырчылардын клибин тарткам. Орус ырчыларынын көбү мени таанышат. Негизи эле Бишкектен бул жакка эл аралык аренага чыгыш үчүн келдим. Жакында бир кинону баштаганы турабыз.
– Учурда тартылып жаткан клиптерден кандай кемчиликтерди байкайсыз?
– Биздин клипмейкерлердин арасында таланттуулары аз, камера кармагандын баары эле өзүн клипмейкер сезип алышкан. Эң жөнөкөй клипке түс бергенди билишпейт. Бул жагынан өсүшүбүз керек деп ойлойм.
– Клип кызыктуу чыгыш үчүн акча маанилүүбү?
– Жок, акча маанилүү эмес. Башкысы, ал ыр клипмейкерге эргүү бериш керек. Ошондо мыкты клип жаралат деп ойлойм. Жөнөкөй эле камераны алып күлкүлүү, элге жугумдуу клип тартып койсоң, миллион адам көрөт. Ал эми миллиондогон акчаларды коротуп тарткан клибиңди 100 адам көрүп калышы мүмкүн. Андыктан кеп акчада эмес, клиптин кызыгын арттырып, элдин күрөө тамырын кармай билүүдө.
– Армандын “Сенсиз мага” клибиндеги кызга ашык болгондор өтө көп, ошол селки тууралуу кыскача айтып бербейсизби?
– Ал менин сүйүктүүм Элли, татар кызы. Экөөбүз бир жылдан бери кыз-жигит болуп жүрөбүз, буюрса, бир жылдан кийин үйлөнөбүз деген пландарыбыз бар. Учурда тартып жаткан киномдо башкы каармандагы кыздын ролун ойнойт. Кудай буюрса, эмки жылы Бишкекке барабыз.


Санжар Юлдашев: "Армандын клибиндеги кыз менин сүйүктүүм".

"Dino MC 47 деген ырчынын клибин тартуу учурунда".




Нурсултан Кубатов:
“ПЛАГИАТ КЛИПТЕРДИ ЫРЧЫЛАР ӨЗДӨРҮ СУНУШТАШАТ”


Толук аты
– Нурсултан Кубатов
Туулган жери – Ош облусу, Кара-Кулжа району
Туулган жылы – 1993-жыл, 24-август
Билими – ОшМУнун финансы жана кредит бөлүмүнүн 3-курсунун студенти
Тарткан клиптери – Асел Кадырбекова – “Кеттиң башкага”, “Жаз”, Жоодарбешим – “Унутулбас махабатым”, Дайыр Исмадияров – “Ананай”, “Азап” жана башкалар
Бир клибинин баасы – 700 доллардан жогору
Эң кымбат клиби – Дайыр Исмадияров – “Ананай”


– Нурсултан, бул кесипке болгон кызыгууң качан башталган?
– Кичинемден эле сүрөт тартканга кызыкчумун. Кийинчерээк тойлорду тартып, монтаждап жүрдүм. Андан соң кооз жерлерди, күндүн батканын, таңдын агарганын тартып, табияттын өзгөчө кубулуштарын камерага түшүргөнгө кызыгып кеттим. Ошол видеолорду көрүп досум, “сонун кадрларды кармаптырсың, Бишкектин деңгээлинде тартып салыптырсың” деп мактаган эле. Ал кезде Мирлан Саткымбаев, Эрнист Сыдыков деген клипмейкерлер жаңыдан чыгып келе жаткан болчу. Досумдун ошол сөзү дем-күч берип, клип тартып калгам. Бишкекке келип, Эрнист Сыдыков менен клип тартып иштешип жүрдүм.
– Сен тарткан Асел Кадырбекованын “Кеттиң башкага”, Жоодарбешимдин “Унутулбас махабатым” клиптеринин сюжети плагиат дешүүдө, өзүң буга эмне дейсиң?
– Ооба, плагиат экенин танбайм. Ырчылар “ушундай кылып тартсак кандай болот” деп сунушташат. Өздөрү заказ кылып жаткандан кийин алардын оюндагысындай тарткың келет да. Эми ырчынын айтканына да карабай плагиат тартпайм деп чечтим. Плагиат деп эле жатып калышты го. Кээде жөн эле төп келип калат, жашоодо окшош ойлонгон адамдар болот да. Өткөндө Дайыр Исмадияров “Азап” деген клибин “сен ошону корей клиптеринен албадың беле, ошого сюжети окшош клип көрдүм” деп таң калтырды. Ал клипти өмүрүмдө көргөн эмесмин, кантип окшошуп калышы мүмкүн?

"Жоодарбешимдин "Унутулбас махабатым" клибинде машина жарылган эпизод эле плагиат болчу, калганы өзүбүздүкү".

"Асел Кадырбекованын акыркы ырларына клиптерди мен тарткам. Баш-аягы тартылган клиптердин саны 30дан ашты".

Лунара Бекиева
star@super.kg

 Кыстарылган видео 
Клипмейкерлердин саны көбөйдү. Сапатычы?
"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (12)
adidas07
2014-07-07 09:52:02
Эрнест сыдыковга жетпейт барибир
-1
Aksy-13
2014-07-07 10:12:48
ооба Эрнист Сыдыков оригиналдуу жана мыкты клипмейкер. Админ неге аны чыгарбадынар канча клип тарткан баасы канча кызык болчу да ...
-1
zara-919
2014-07-07 13:58:03
Эрнист Сыдыков деле плагият клиптерди тартат го.. санжарга ийгилик !
+1
Kate86
2014-07-07 14:21:57
Азаматсынар! ХХХ рулит! Дагы коптогон клиптерди кинолорду жарата бергиле,силерге ийгилик!
-1
admin_portal
2014-07-07 14:58:07
Kate86 - эскертүү!
Аймактык бөлүү жана бөлүнүүчүлүк маанисиндеги билдирүүлөрдү жазууга тыюу салынат.
0
happyflower
2014-07-07 16:01:25
Саламатсыздарбы! Супер инфо эмнеге клипмейкерликте аттын башындай таанымал Эрнист Сыдыков жок? Анын маеги биз учун маанилуу да.
+2
admin_portal
2014-07-07 16:31:20
happyflower, Саламатсызбы!
Эрнист Сыдыков боюнча маалыматтарды төмөндөгү шилтеме аркылуу өтүп, окуй аласыз: http://www.super.kg/allsearch/?where_to_search=article&search_term=Эрнист+Сыдыков&x=0&y=0&media_search=1
0
adilet15
2014-07-08 10:21:26
Сүйүн Откеевдин клиптери мыкты! Эрнест деле "эптемей" клиптерден баш тарта элек...
+1
nsk-mk
2014-07-10 01:14:52
Санжар азаматсын сыймыктанып кеттим. Гуфтун кайсы клибин тартты экен?..
Инфо Гуф ж.о жазгылачы кызыктуу болот. башы балээден чыкпайт го
0
admin_portal
2014-07-10 10:16:29
nsk-mk, Саламатсызбы!
Сунушуңузга рахмат, аракет кылабыз.
0
diiazbek
2014-07-12 18:29:25
"Орус ырчыларынын көбү мени таанышат." Баягы баланча шаарга барсан бары мени таныйт биро кын десе мага айт дегенден болуптурго ее
0
Nurmuxammet
2014-07-13 01:52:05
Биринчи сүйлөгөн киши сөйкөчөнго аа
0
№ 609, 04-июль-10-июль, 2014-ж
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан