Кээде бир адам бир замандын жүгүн көтөрүп, жүздөгөн адам жасай турган ишти жалгыз өзү жасап коёт. Залкар жазуучу Төлөгөн Касымбековдун бир эмес, эки ирет репрессиялар толкунун башынан кечирген, мамлекеттик көзөмөл, сын күч болгон СССРде жашап жүрүп «Сынган кылыч» романын жазганын ушундай эрдик деп атасак жарашат.
Тарых кадимки спираль сыяктуу кайталана турган табиятка ээ.
Учурдагы оппозицияга, бийликке жагар-жакпасын айта албайбыз, бирок «Сынган кылычтагы» окуялар кайталанууда. Ошол бир түндүккө бириге албай, улам жыйылып, кайсы бир эки жүздүүлөрдүн, өз кызыкчылыгынан башканы ойлобогон эргулдардын айынан кайра чачырап, өз жолун, багытын издеген маалыбыз дагы кайталанып жаткандай.
Ар бир кыргыздын китеп текчесиндеги сыйлуу орунда турушу зарыл болгон бул романды жаш муун окуп чыккан, билет деп ишеним менен айтуу кыйын. Андыктан кыргыздын тарыхынын бир бүктөмүн ачып берген романдагы урунттуу учурларга токтолуп, кыскача баяндап берүүнү чечтик.
Байкап көрүңүз, окурман, ал баяндардан бүгүнкү күндөгү көп адамдын элеси чыга келчүдөй.