НАЗГҮЛ ТОКТАКУНОВА:“ӨЛҮМ АЛДЫНДА ЖАТАМ, ЖОЛУГАЛЫЧЫ” ДЕГЕН КҮЙӨРМАНДАР БОЛГОН”

Кыргыз эстрадасында Мирбек Атабеков менен "Сагынган кезде", Бегиш жана Баястан менен бирге "Акыркы кат" аттуу ырларды дуэт аткарган сары чачтуу, кубулжуган үндүү Назгүл Токтакунова аттуу ырчы кыз бар. Ырдаганына көп болсо да, эл көзүнө жаңыдан көрүнө баштаган ырчы айым бүгүн биздин маек төрдө.


– Саламатсыңбы, Назгүл? Бизге берген мурунку маегиңде “продюсерим экөөбүз 2 жылга сонун пландарды түздүк” дедиң эле, аткарылып жатабы? Чыгармачылыгыңда кандай жаңылыктарың бар?
– Көбүнчөсү убакыттын тардыгына байланыштуу ишке ашпай калды. Продюсерим Эрнест Үмөталиев экөөбүз жакында 5 жылга келишим түздүк. Быйыл шымалана иштейли деп жатабыз. Мисалга алсак, азыр “Классташтар КG” деген тасмага тартылып жатам. Буюрса, сентябрь айында көрөрмандарга тартууланат. Андан тышкары концерт коюп, тасманы тартуу иштери менен Германиянын Берлин, Чехиянын Прага шаарларына барып келдик.
– Тасмада роль жаратуу менен сахнада ырдагандын айырмасы бар эмеспи. Тартуу учурунда сүрдөгөн жоксуңбу? Кандай каармандын образын жаратуудасың?
– Башында кинолорду көрүп, оңой эле болуш керек деп ойлочумун. 9 жаштагы баласы бар жалгыз бой келиндин образын жаратып жатам. Өнөктөшүм болуп Атай Өмүрбеков тартылууда. Бул менин тасмадагы дебюттук ролум болгондуктан башында бир аз сүрдөп, корккон элем. Азыр көнүп калдым.
– Ырчы мырзалар менен дуэттерди ырдап элге таанылдың. Жеке өзүңдүн аткарууңдагы хит ырларды качан угабыз?
– Бир-эки жуманын ичинде угасыңар го. Учурда жогоруда сөз болгон тасманын саундтреги катары жеке аткаруумдагы жаңы ыр жаздырып бүттүм. Элге жагат болуш керек.
– Ырчы Айбек Замирбек уулу менен кыз-жигит катары сүйлөшүп жүрөсүң. Чыгармачылыкка шымалана киришип, жеке жашоо унутта калган жокпу?
– Жок, баары жакшы. Чыгармачылыгым менен жеке жашоом бири-бирине тоскоол боло элек азырынча.
– Сени кабактан чыккан ырчы катары билебиз. Кабак менен сахнанын айырмасы барбы?
– Айырмасы бар. Мисалы, кабакта элдерге көрүнөйүн деп ырдабайсың. Өзүңө жакканын, каалаган тилде ырдап отура бересиң. Ошол себептен кабактагы көпчүлүк ырчылар сахнага чыгууну каалашпайт. Аларга атак-даңк эмес, жан дүйнөсү ырахат алса болду. Ал эми сахнада такыр башкача. Бардык нерсе элдин көз алдында болот. Мага деле чындыгында кабакта ырдаган жагат.
– “Шоу-бизнес дүйнөсү булганыч” деп айтып калышат. Буга кандай көз караштасың?
– Ошентип угам. Бут тосуу, артыңдан ар кандай жагымсыз ушактар ээрчийт дешет. Бирок мен андай нерселерге кезиге элекмин. Ар бир ырчы өзүнүн ишин так аткарып, түз жүрсө, андай нерселерге кабылбайт деп ойлойм.
– Айрыкча ырчы кыздарга “демөөрчү болуп берем” деген байкелер көп чыгат эмеспи. Сага да андай байкелер жолуктубу буга чейин?
– “Демөөрчү болуп беребиз” деген байкелер көп эле болду. Бирок аларды катуу айтып жолуна салып коём. Чынын айтсам, ачуум чукул. Менин демөөрчүм – ата-энем. Андан тышкары досторум, продюсерим жардам беришет.
– Өзүңө күйөрмандарды топтой алдым деп ойлойсуңбу?
– Албетте, топтой алдым. Социалдык тармактардан көп жазышат. Кээде жөн гана эрмектеп жатабы деп ойлойсуң. “Сиздин бул ырыңыз жагат”, же “бул ырыңыз менин тагдырыма окшош экен” деп жаза беришет. Көпчүлүгү үнүмдү баалашат экен. Бир күйөрманым бар, видеолоруман бери тартып, интернетке жүктөп “мен сени сүйөм, мен сенсиз жашай албайм” деп дагы көп нерселерди жаза берчү. Арасында чектен ашып кеткендери да болот. Дагы бир жигит “мен рак оорусу менен ооруйм. 6 айдан кийин өлөм. Өлөр алдындагы бир кыялым – сага жолугуу” деп жарым жылдай жазып жүрдү. Акырында “мына жакында өлөм. Эртең ооруканага жатам, акыркы жолу кумириме жолугуп, киного баргым келет. Жолукпайлыбы?” дейт. Ар кандай кишилер болот да, жолуккандан коркот экенсиң. Бир жумадан кийин “кандайсың?” деп кайра жазат. “Сен тиги дүйнөгө кетип баратпадың беле?” деп тамашалап жооп жиберсем, “жок, айыгып кеттим. Ошентсе деле сага жолуккум келет” дейт (күлүп). Аны менен жолугушкан жокпуз, бирок өлүм менен тамашалашпаш керек деп ойлойм.
– Айбек андай күйөрмандарыңдан кызганбайбы?
– Жок, түшүнөт. Биринчиден, ал мага ишенет. Эң негизгиси ошол болуш керек.
– Жогоруда “продюсерим менен 5 жылга келишим түздүм” дедиң. Демек, 5 жылга чейин ак жоолук салынбайт экенсиң да?..
– Келишимде 5 жылга чейин күйөөгө тийбейсиң деген бар, бирок турмушка чыгып кетсем, анын баарын сүйлөшүү жолу менен чечсе болот да.
– Азыркы ырчылар бир жанып-күйгөн “лампочка” деп калышат...
– Эми буюрганы болот. Акырындан иштеп, болгон аракетибизди жасап жатабыз. Эмгектенсек, силер айткандай, “лампочка” болуп кала бербестирмин.
– Кыргыз ырчылары өз ара “той ырчылары” жана “элита” деп бөлүнүшөрүн айтып калышат, сахна артында. Сен өзүңдү кайсы топко кошосуң?
– Мен өзүмдү ортодогу ырчымын деп эсептейм. Анткени эки топтогу тең ырчылар менен жакшы мамиледемин.
– Чачыңдын сарылыгынанбы, айтор, сени көпчүлүгү орус мүнөз, кыргызча каада-салтты билбейт деп ойлошот?
– Кыргыз элемин (күлүп). Кыргызча эле сүйлөйм, кыздарга тиешелүү каада-салттардын баарын эле билем. Эгер клипке же киного тартылуу үчүн чачымды кара түскө боёш керек болсо, боёп деле салмакмын, анткени чачымды жашылга деле боёп көргөм. Негизи, өзүм эксперимент жасагандан коркпойм.

"ПАНАЙОТОВ МЕНЕН ЫРДАГЫМ КЕЛЕТ"

– Ырды тандоодо эмнесине көңүл бурасың?
– Баарына эле. Сөзүнө, обонуна, аранжировкасына, үчөөнө тең көңүл бурам.
– Күзгү алдында көп отурасыңбы?
– Убакыт болсо 2 саатка чейин отура берем. Кээде 5 мүнөттүн ичинде деле жасанып даяр боло алам.
– Чарчаганда кантип эс аласың?
– Уктайм.
– Болочок жолдошуң айылга жашайбыз десе эмне кыласың?
– Албетте, жашай алам, өзүм деле азыр Бишкектин четиндеги Көк-Жар айылында жашайм да.
– Дүйнө жылдыздарынан ким менен дуэт аткаргың келет?
– Usher же Александр Панайотов менен.

"Прага шаары.Эс алып, иштерибизди бүтүрүп кайттык".

"Актриса болуу оңой эмес экен".

Асхат Субанбеков
star@super.kg

 Кыстарылган видео 
"Күйөрманым рак менен ооруйм, жолукпайлыбы деп коркуткан" дейт Назгүл
"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (28)
DNurgiza
2014-07-08 16:35:27
Мм.
0
melek1
2014-07-08 18:49:20
Kyiyn aiym ekeni korunup turat.men takyr bawkacha oilochumun jakty alga!!!
0
Uulkan2288
2014-07-08 23:39:17
Жөнөкөйлүүлүк - эң бийик сапаттын белгиси. Мага жакты.
+1
Gulu-5kg
2014-07-09 08:47:51
мага жакты
0
a_roma_
2014-07-09 15:56:07
кээ бир ырчылардын ырларына караганда Назгулдун ырларынын мааниси жакшы, мага жагат
+1
Oceana
2014-07-10 09:34:09
Mirbek Atabekov m.n yrdagany soonun chykkan.
+1
iskra
2014-07-10 15:12:33
Аиии эми мунусу ким болуп кетти я?
-1
dinaro4ka
2014-07-10 23:23:04
Кабактагы ырчы, кабактан чыккан дегенине тушунбодум?
0
mersedes2013
2014-07-11 01:55:32
Кабактагы деген соз эмне деген маани?
0
nurperi8981
2014-07-12 14:58:04
mersedes2013, кабак - кафе.
+1
prettyme
2014-07-11 08:11:55
taanybaim, super4ik, meerim Mirbek jonundo jazbai koidunar goooo
+1
j.julduz
2014-07-11 23:05:01
мурунку комментарийлер очуп турабы мисалы 04,07,2014 жазылгандар
0
mamytoff
2014-07-12 00:54:45
НАЗГҮЛ ТОКТАКУНОВА:“ӨЛҮМ АЛДЫНДА ЖАТАМ, ЖОЛУГАЛЫЧЫ” ДЕГЕН КҮЙӨРМАНДАР БОЛГОН” Назгул, суу сеппей туруп чандатпай шыпарат экенсин.
0
nora00
2014-07-12 11:59:11
кабак" деген эмне соз????
0
nora00
2014-07-12 12:03:31
менин атамда азыркы баардык ырчыларды тв дан корсо "бул дагы кайсы лампочка" -дейт )) мен анан айтам атын тигил деген деп))))))))))))))))))
-1
gulperi.kg
2014-07-13 17:07:18
Тааныбайт экем биринчи корушум
0
№ 609, 04-июль-10-июль, 2014-ж
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан