Өткөн жылдын апрель айында “илдети катуу, 2-3 күндүк өмүрү калыптыр” деген шылтоо менен мөөнөтүнөн эрте бошотулуп, ошол эле күнү Чеченстанды көздөй учуп кеткен “мыйзамдагы ууру” Азиз Батукаев Түндүк Осетиянын аймагында 30-июнь күнү колго түшүрүлдү. Орусиянын укук коргоо органдары А.Батукаевдин кармалганын тастыкташты. Учурда Башкы прокуратуранын сурамы боюнча кримтөбөлдү Кыргызстанга экстрадициялоо үчүн тиешелүү иштер жүргүзүлүп жатат. Мамлекет башчы Алмазбек Атамбаев өзү Орусиянын президенти Владимир Путинге “мыйзамдагы ууру” Азиз Батукаевди экстрадициялоого көмөк көрсөтүүсү үчүн кайрылгандыгы маалым болду. Буга чейин май айында башкы прокурор Аида Салянова “А.Батукаевдин бошотулуу фактысы боюнча кылмыш иши жанданды, ага эл аралык издөө жарыяланат” деп билдирген.
“Мына-мына айыккыс дарттан өлүп калат экен” дешип, бирок бир жылдан ашуун убакыттан бери аман-соо жүргөн 48 жаштагы Азиз Батукаевдин өтөлбөй калып кеткен мөөнөтү 8 жыл, 3 ай, 7 күндөн турат. Ал Кыргызстанга алынып келинсе, ден соолугу боюнча кайрадан текшерүү жүргүзүп, “өлүм алдында жатат” деп диагноз коюп, мөөнөтүнөн эрте абактан бошоосуна шарт түзүп берген медиктер да тиешелүү жоопкерчилигин тартышы кажет.
Элвира Караева,
Наргиза Бекжанова
politika@super.kg