ЖОГОРКУ КЕҢЕШ ТАРИФ АНЫКТОО УКУГУН ӨКМӨТКӨ ӨТКӨРҮП БЕРДИ

30-июнь күнү Жогорку Кеңештин депутаттары парламенттин макулдугу жок туруп электр энергия, жылытуу жана жаратылыш газынын тарифин Энергетика жана өнөр жай министрлиги аныктай алчу мыйзам долбоорду экинчи жана үчүнчү окууда колдоп беришти. Мындан ары өкмөт тарифтерди өз алдынча аныктай алат. Бул документке ылайык, министрликке көз каранды эмес агенттик түзүлөт жана ал тарифтерди аныктайт.
Биринчи окууда талкуулоодо депутат Улукбек Кочкоров Жогорку Кеңештин макулдугу менен тарифтер аныкталат деген норманы калтырууну сунуштаган. “Бул сунушту кабыл алган жокпуз, бирок Жогорку Кеңеш тариф аныктоого көзөмөл жүргүзөт деп жаздык. Өкмөт өзү тарифти аныктасын жана ал үчүн өзү жооп берсин”,- дейт Отун энергетика комплекси жана жер казынасын пайдалануу боюнча комитетинин башчысы Кожобек Рыспаев. Парламенттин спикери Асылбек Жээнбековдун айтымында, эгерде өкмөт туура эмес чечим кабыл алса, эл ичинде нааразычылык жаралса, анда өкмөт отставкага кетет.
Ошол эле күнү, 30-июнда өкмөт Жогорку Кеңештен электр энергиясы менен жылытуу тарифтерин жогорулатуу боюнча программасын чакыртып алды. Ага ылайык, үч фазалуу абоненттер үчүн электр энергиясынын тарифин 1 сом 20 тыйынга чыгаруу сунушталып жаткан. 2-июль күнү өкмөт 2014-2017-жылдарга карата электр энергиясынын орто мөөнөттүү тарифтик саясатын бекитти. Анда Энергетика жана өнөр жай министрлигине электр жана жылуулук энергиясынын тарифтерин аныктап чыгуу тапшырылды.

Эльвира Караева,
Наргиза Бекжанова
politika@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 609, 04-июль-10-июль, 2014-ж
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан