БАТКЕНДЕГИ АЙЛАНМА ЖОЛДУ КУРУУНУ УЛАНТУУ ЧЕЧИМИ ЧЫКТЫ

3-июль күнү Бишкек шаарында кыргыз-тажик мамлекеттик чек арасын делимитациялоо жана демаркациялоо маселелери боюнча эки өлкөнүн бийлик өкүлдөрүнүн биргелешкен жыйыны соңуна чыкты. Кыргызстандын вице-премьер-министри Абдырахман Маматалиев жана Тажикстандын премьер-министринин орун басары Муродали Алимардондун катышуусундагы бул жыйында Баткендеги Көк-Таш–Ак-Сай–Тамдык айланма жолун куруу чечими чыгарылды. Анда белгилүү болгондой, жол куруу иштери 10-июлдан тарта уланат. Аталган жолду куруу иштери 2013-жылдын декабрь айында башталып, бирок чек арада чыккан чыр-чатактардан улам үстүбүздөгү жылдын январь айында токтоп калган. Ошондой эле тараптар 7-май күнү эки өлкөнүн жарандары ортосунда чыккан жаңжалдын күнөөлүүлөрүн аныктоо боюнча кылмыш ишин иликтеп, аягына чыгарууга макулдашты. Иликтөөнүн жыйынтыгы менен жарандарга келтирилген материалдык чыгымдарды кайтарып берүү чаралары кабыл алынмакчы. Эске салсак, 7-майда Кыргызстан жана Тажикстандын чек арага жакын жайгашкан айыл тургундарынын ортосунда жаңжал чыгып, тажик жарандары Баткен облусунун Көк-Терек айылында дүкөн жана автоунааны өрттөшкөнү маалымдалган.
2 күндүк делегациянын биринчи күнүндө премьер-министр Жоомарт Оторбаев Муродали Алимардонду кабыл алып, Кыргызстанга Тажикстандын премьер-министри Кохир Расулзоданын сапарын уюштуруу маселесин талкуулады.

Элвира Караева,
Наргиза Бекжанова
politika@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (1)
Kypkyrgyzz
2014-07-07 15:12:42
Ооо куттуктайбыз озубуздун територияга жол салыш учун Тажиктерден уруксат алыпсынар да акыры!
+3
№ 609, 04-июль-10-июль, 2014-ж
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан