Жаңы кыргыз... Ар кандай мазак, тамашалардан улам болсо керек, бул сөздү укканда адатта акчасынан улам атасын тааныбай көпкөн, кыйратып кыргызча же орусча билбеген адамдын элеси келет. Бирок мен үчүн бул сөздүн мааниси башка. Жаңы кыргыз дегенде көз алдыма билимдүү, иш тажрыйбасы мыкты, жаңыча ойлонуп иш жүргүзгөн, элим-жерим деп күйгөн, Кыргызстанды өнүктүрүүгө салымын кошкусу келген, жаш, толуп-ташып турган адам келет. Ошол топко юрист Жоомарт Жолдошевди кошор элем.
– Кыргызстан Жоомарт Жолдошев аттуу ушундай билимдүү, чечкиндүү уулу бар экенин кандуу Июнь окуясынан улам билди. Ошто коогалаң болуп жатканын угуп, АКШдагы карьераңыздан баш тартып келе бергениңиз чынбы?
– Ошол жылы апрелде революция болгондон тартып эле көңүлүм тынчыбай, маанайым жок, кыйналып жүрдүм. Улам досторго, жакындарыма чалып, интернеттен жаңылыктарды карап, тынчый албай жүргөм. Анан эле инилердин бири чалып калды, “Ошто кыргыздар менен өзбектер урушуп жатышат” деп. Ошол маалда мен юридикалык компанияда иштеп жаткам. Бир жылга жетпеген убакытта адвокаттык лицензияга ээ болмокмун, тиешелүү сынактарды тапшырып койгон элем. Бирок аларды ойлонуп отурууга чамам болгон жок. Билет саткан кыргыз эже бар эле, ага барсам “ким ушундай карьерадан баш тартып кетет?” деп урушту. Көнбөдүм, үстүнө акча кошуп, жакынкы рейске билет алдым да жөнөп кеттим.
Үйгө келсем ата-энем жумушта экен. Апам менен учурашып алып анан военкоматка барайын деп ойлогом. Военкоматтан автобус толо эл чогулганын көрүп, кайрылып калдым. Өз эрки менен чогулгандар экен. Кийинки автобус качан чыгарын сурасам, жакын арада эмес дешти. Күтүп жүргүм келбей кошулуп кеттим. Кой-Таштагы аскер бөлүгүнө баратканбыз. Элдин арасында 5-каналдын кызматкерлери бар экен, “өмүр бою кошуна жашап, тил табышып эле келген элибиз бири-бири менен урушуп жатса, Америкада бейпил турмушта жашап жүрө албадым” деп комментарий бердим. Кабак бүркөө, колумдун калчылдаганы дале басыла элек болчу. Ата-энем мени теледеги жаңылыктардан ошондой абалда көрүшүптүр. “Кечээ эле Америкада эмес беле, бул жакта эмне кылып жүрөт?” деп дүрбөлөңгө түшүп калышыптыр.
– Ал чечимиңизди кандай кабыл алышты?
– Башында апам кабатыр болду. “Отуздагы каруу күчкө толгон балдарыңыз барбаса, анда сиз барыңыз, карындашым барсын. Ушундай баш аламандыктарды токтотууга баары бир бирөө барыш керек да” деп апамды тамашалап калдым. Сөзүмдү чеки дей алышпады. Анын үстүнө, биз бала кезден эле аскердегидей тартип-тарбияда өскөнбүз. Апам өмүр бою милицияда иштеди, атам өрт өчүрүү кызматында.
Ушундай бир коогалаң, тополоңдор болуп кеткенде апам агам экөөбүзгө ачык эле айтат, “бириң барсаң бириң кал, анткени бирөөң кокустукка туш болсоң, экинчиң аман болушуң керек” деп. Баткен окуясында да агам экөөбүз барабыз деп жулунуп чыкканбыз. Анткени агам да атайын даярдыктагы бөлүмдө кызмат өтөгөн.
Кийин Ошко барып, жаңжалдын кесепеттерин жоюу иштерине катыштым. Ал маалда кыргыз-өзбек эле эмес, түндүк-түштүк деген жарака да күчөп кетти. Ошого катуу күйүнүп жүрдүм. Өзүм митингдерди жактырбаган адаммын. Бирок ошол маалда бөлүнүүчүлүккө каршы митингдерге чыкканга даяр элем. Мына, мени эле алалы. Атам түштүктөн, апам түндүктөн. Эгер экөө бөлүнүп кетсе, мен үчүн чоң трагедия болмок. Мага окшогондор канча?
Кудай жалгап, Кыргызстандагы абал тынчыды, эмоциялар басаңдады. Анан кантип жашайм деген суроолор келип чыкты. Башка өлкөдө бейгам жашай албасымды билген соң муктаж болгондорго жардам берип, тажрыйба бөлүшсөм деген максатта юридикалык фирма ачтым.
– Интернеттен карап отуруп, энергияңызга таң калбай коё албайсың. Коомдук иштерде, атактуулардын башын бириктирген кечелерде, оюндарда жүргөнүңүздү көрөм. Иштегенге убакыт калабы?
– Ооба, мен бирөөнүн колунда иштебейм да. Андыктан иш графигимди өзүм каалагандай түзөм. Көп фирмалар менен иштешем. Бизнес-идеяларды колдоо максатында жаңыдан бизнес баштап жаткандарга акысыз юридикалык жардам көрсөтүп жатабыз. Таң калышат, кандайча дешип. Алар бутка туруп кетсе, бизнес чөйрөсү өнүксө деген тилегибизди түшүндүрөбүз. Иштери ийгиликтүү жүрүп кетсе, балким, кийин бизге кардар да болушат.
Быйыл Кыргызстандын арбитраждык сотунун арбитри болдум. Буюрса, келерки жылы эл аралык күчтүү аброю бар Улуу Британиядагы падышалык арбитрлер институтуна мүчө болом. Ошентип алдыма жыл сайын кайсы бир иштерди бүтүрүүгө, жаңы тепкичке көтөрүлүүгө максат коюп, ошону менен бараткан кезим.
– Алдыга максат коюп, ошонун негизинде иш кылуу адаты качан пайда болду?
– АКШдан пайда болду го дейм. Мен 1999-жылы “Флэкс” программасынын негизинде 12-классты АКШдан окуп келгем. Ошол жылдан бери ал жакка барып-келип иштеп жүрдүм. Башында акча табууга басым жасачумун. Иштеп, чогултуп келип бир жылы үй курасың, дагы бир жылы автоунаа аласың дегендей. Кийинчерээк байкасам, андайда өспөй калат экенсиң. Ага көзүм жеткен соң тапканымдын баарын билим алууга сарптай баштадым. Кесиптик жактан өсөйүн деп чечтим.
– Бизде “Ак үйгө барган соң ажыдаар болуп кетет” деген лакап бар эмеспи. Анын сыңары, Кыргызстандагы систем, коррупция сизди да өз сазына соруп кетет деп чочулабайсызбы? Катардагы ажыдаардын бирине айлантып салат деп коркпойсузбу?
– Студенттер, жаш балдар менен сүйлөшүп калганда мен 3 нерсени дайыма баса белгилейм. Адам эмнеден турат? Тулку-бойдон, жан дүйнөдөн, акыл-эстен. Дененин чың болушу үчүн кам көрүү керек. Машыгып, чүйгүн тамак жеп, туура тамактанып дегендей. Орустар бекеринен айтышпайт да “в здоровом теле здоровый дух” деп. Жан дүйнөнү да байытуу, азыктандырып туруу керек. Акыл-эсти билимге каныктыруу зарыл. Эгер ушул нерселер бар болсо, анда сен сырткы жамандыктарга, таасирлерге каршы тура аласың. Ушул үчөө сенде жакшы бышып жетилип айкалышкан болсо, анда сен өзүңдүн принциптериңе бекемсиң. Принциптерге эле эмес, дегеле жашоодо бутунда бек турган адамсың. Көп айтып калам, “системдин ичинде эмес, системдин үстүнөн иштеш керек” деп.
– Кыргызстанда сот системин өзгөртсөк деген тилегиңизди көп айтасыз. Пикириңизге кошулгандар барбы?
– Кыргызстандагы укук чөйрөсү мага абдан чоң финансылык корпорацияны элестетет. Айыпталуучу милицияга, адвокатка, жабырлануучуга пара берет, милиция прокуратурага, прокуратура сотко. Баарынан жаманы, булардын баары ушундай абалга каршы эмес. Ошондой абалга макул. Ошон үчүн кылмыш иштери боюнча жактоочулук кылгым келбейт. Анткени мындай учурда жактоочу айыпталуучу менен орган кызматкерлеринин ортосундагы ортомчу эле болуп калат. Бул системден жабыркагандар көп. Эгер жөндүү багытка салып, тийиштүү деңгээлге чыгарсак, колдоп кетчүлөр арбын.
– Жоомарт аттуу азаматтардын баяндарын билебиз. Жоомарт Бөкөнбаев, Жоомарт Оторбаев, Жоомарт Сапарбаев... Жоомарт Жолдошевдин баяны кантип башталган? Кайсы жерде туулуп-өскөнсүз?
– Тегим Алайдан болот. Бирок Ош шаарында туулуп, Өзгөндө өскөм. 7-класска чейин жалпы билим берүү мектебинде, андан кийин Оштогу түрк лицейинде, 11-класста кайрадан Өзгөндөгү мектепте, андан соң бир жыл АКШда окудум. Жогорку билимди болсо Борбордук Азиядагы Америка университетинен алдым.
– Канчанчы атаман элеңиз?
– Көп деле тентектигим жок болчу. Жакшы окугам. Лидерлик сапат ошол кезден эле бар болчу. Мектебибизге өзүн-өзү башкаруу системин киргизип, үгүтчүлөрүм жакшы иштеп, биринчи президенти да болгом.
– Бүгүнкү коомубузда эркектин эркектей болуп өсүүсү үчүн эмне керек деп ойлойсуз?
– Менимче, балага негизги тарбия атадан, үйдөн берилет. Азыр аялдар менен эркектер тең тайлашкан заман, атүгүл жоопкерчиликти, аны менен кошо үйдү башкарууну да аялга берип коюп жүргөн эркектер бар. Мен болсо тээ байыртадан келе жаткан, ата-бабадан калган мамиленин жактоочусумун.
Эркектин ролу – үй-бүлөнү багуу, коргоо. Ал эми аялдын ролу – ден соолугуна карап, дени сак балдарды төрөө, татыктуу тарбия берүү, үйдүн коломтосун жылуу кармоо. Балдарга төрөлгөндөн баштап ушундай тарбия беришибиз керек деп ойлойм. Коомдон, же болбосо аскерден алган тарбия-таасирлери чечүүчү боло албайт.
– Окуп, иштегенден тышкары дагы эмнеге кызыгасыз?
– Футбол ойнойм. Азыр аябай берилүү менен бул өнөрдү үйрөнүп жаткан учурум. Бир жылда профессионалдык деңгээлге жетким келет. Мындан тышкары дзюдо менен машыгам. Жан дүйнөмө өзгөчө канааттануу алып келчү дагы бир иш бар. Кышпы, жайбы, тоонун муздак суусуна түшкөндү жактырам. Динде деле айтылат эмеспи, жин-шайтан оттон жаралат деп. Тамашалап калам, “тоонун таза, муздак суусу шайтандарды айдайт” деп. Албетте мунун ден соолук үчүн пайдасы чоң.
КЫСКАЧА КЫЗЫКТАР
– Өзгөчө таасир берген кино?
– Юристтер тууралуу “Форс-мажор” сериалы
– Өзгөчө таасир берген чыгарма?
– “Манас”, “Согуш жана тынчтык”
– Жактырган актрисаңыз?
– Жулия Робертс
– Көргүңүз келип жүргөн жер?
– Амазонканын токойлорун көргүм келет, мегаполистердин кызыгы жок
– Жактырып, кайталап уга турган ырыңыз жана ырчыңыз?
– Бек Борбиев
– Жактырган парфюмуңуз?
– “Версаче”
– "Самсунг" же "Алма?"
– "Алма"
Шаиста Шатманова
koom@super.kg