Атактуу болом деп үйүнөн безген КЭТИ ПЕРРИ

Гомосексуализм тууралуу ырларында ачык ырдаган, өзүнүн бирде сексуалдуу, бирде жомоктогудай образдары менен күйөрмандарынын купулуна толгон Кэти Перри тууралуу жазууга убакыт келди. Ал композитор, өз ырларынын автору, актриса, жадакалса БУУнун ыктыярдуу элчиси катары да таанымал.

Толук аты-жөнү – Кэтрин Элизабет Хадсон
Туулган жылы, күнү – 1984-жыл, 25-октябрь
Туулган жери – АКШ, Калифорния штаты, Санта-Барбара шаары
Билими – Орто
Рекорддору – “The Beatles” тобунун 6 жумалык Billboard чартындагы рекордун “Мен кызды өптүм”I Kissed a Girl») аттуу ыры менен басып өтүп, аталган чартта 7 апта бою кармалып турган
Сыйлыктары – 475 номинацияга көрсөтүлүп, анын 175инин жеңүүчүсү аталган.

ЫЙМАНДУУ КЫЗДАН ЖАМАН КЫЗГА АЙЛАНГАН КЭТИ
Кэти Перри христиан динин бекем тутунган үй-бүлөдө өсүп чоңойгон. Ал 3 бир туугандын ортончусу, улуу байкеси жана сиңдиси бар. Ырчы балалыгы тууралуу берген маектеринде мындай дейт “апам Калифорнияда туулуп-өскөн. Өспүрүм кезинде жыргал жашоонун артынан кууп, үйүнөн чыгып кеткен. Жер кыдырып жүрүп, Зимбабведе турмушка чыгат. Атам ал кезде хиппи (ред. 1960-70-жылдары АКШдагы сүйүү жана эркиндикти туу туткан жаштардын тобу) болуп жүргөн экен. Баңгиликке берилип, баңгизат сатуучу да болгон. Кудай жалгап, бул жакшылыкка алып барбасын түшүнүп, ал динге жана үй-бүлөсүнө жакындап баштаган”.
Ошондон тартып ырчынын атасы чиркөөдө кызмат кылып, кызы Кэтини чиркөөнүн таасири менен тарбиялаганы маалым. Бирок бой жеткенде ырчы апасынын жолун жолдоп, Лос-Анжелеске качып кетет. Анын кыялы 25 жашында атактуу ырчы болуу эле, бирок ырчы атактуулукту 23 жашында эле багынткан. Кэтинин атактуулукту багындыруу сапары аябай татаал болуп, бир учурда ичкиликке да берилип кеткенин өзү жашырбайт. Анын жашоосундагы кыйынчылыктарды ачык айтышынан улам күйөрмандары тарабынан ого бетер сыйга ээ болгон. Атактуулукту багындырып, ырчы айым кызыктай кылык-жоруктарды жасап баштаганда, анын атасы “Кэти – шайтандан туулган кыз” деп балээге калган. Мунун акыры ата менен кыздын чоң чырдашуусуна алып келген. Бирок бул окуя бири-биринен кечирим суроо менен аяктаган.

РОБЕРТ ПАТТИНСОН КАЙЫРМАГЫНА ИЛИНГЕНБИ?
Келбети дүйнөнүн бардык мырзаларын тамшандырган ажарлуу Кэти Перринин жашоосундагы сүйүү романдары чыгармачыл чөйрөдөгү адамдар менен гана болуп келет. Ал алгачкы чоң махабаты катары “Gym Class Heroes” тобунун вокалисти Трэви Маккойду айтат. Чыгармачыл инсандар сүйүү кайыгында бири-бирин колдоп, жадакалса ырчы айым Трэвинин клиптерине да тартылып жүргөн. Бирок 2008-жылы сүйүшкөндөр бири-биринен кол үзүшкөн.
“Көздүү мончок жерде калбайт” демекчи, көп өтпөй Кэти 2009-жылы британиялык куудул Рассел Брэнд менен сүйлөшүп, экөөнүн үйлөнүүгө убадалашкан аземи ошол жылдын жаңы жыл түнү Индияда өткөн. Бирок бул ирет да эки жаштын сүйүүсү түбөлүктүү болбой, 2012-жылы ажырашып кетишкен. Кэти кийинки арзуусун дагы эле ырчы Жон Мэйерден табат. Экөөнүн махабаты көп жолку урушуу жана элдешүү менен коштолуп, акыры эки башка жолго түшүү менен аяктады.
Эми Кэти жаш актёр Роберт Паттинсонго ашык болуп жүргөндөй. Себеби акыркы учурда эки жаш чогуу жүрүп, папараццичилердин көзүнө көп учуроодо. Бул ашыктыктын оту канчага чейин тутанат болду экен, аны убакыт көрсөтөт.

Кетинин жашоосундагы мырзалар. Куудул Рассел Брэнд.

Кетинин жашоосундагы мырзалар. Ырчы Жон Мэйер.

Кетинин жашоосундагы мырзалар. Актёр Роберт Паттисон.

Кети ата-энеси Кита жана Мэри Хадсондор менен.

Наргиза Бекжанова
star@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (4)
zara-919
2014-07-07 13:48:29
апасына аябай окшойт экен озу да.. кыз бала 100% апасын тартат. мен ага ишенем . оз жашоомдо бир канча жолу далилденген..
0
momuntay
2014-07-07 13:53:11
Да звездалар звезда болгон менен жеке жашоосу ушинтип калат да. Амбициясы кучогондо мунусун да таштайт да. Карып улгайганда эсине келишип, бир чалдын куйругун кармап жашап калышат да.
Анжелина Джоли менен Бред Пит молодес. 6 баланы тарбиялап жатышат. Девид Бекхем и Вика Бекхем. Ушулар жонундо да жазгылачы урматуу Суперчилер.
0
nuri_jan
2014-07-07 14:46:10
Мага да Анжелина Джоли жагат суранам ал жонундо жазгыла Супер-Инфо
+1
Askarchik_tigrov
2014-07-12 14:35:06
Миң байлыгың болгону менен,ушинтип колдон колго өтүп,бактысыз болгон жаманда.
0
№ 609, 04-июль-10-июль, 2014-ж
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан