АКТАН АРЫМ КУБАТ: “БАКМА БАЛА ЭКЕНИМ КИЧИНЕМДЕ ЧОҢ ТРАГЕДИЯ ЭЛЕ”

“Селкинчек”, “Бешкемпир”, “Маймыл”, “Свет аке” фильмдери менен элге таанымал кинорежиссёр Актан Арым Кубат бул ирет балалыктын баёо күндөрүнө саякат алды. Бирде күлүп, бирде кыжалат болгон киноишмер кайтып келгис күндөрүн төмөнкүчө эскерди.

БЕЙНЕСИНЕ СҮРТҮМДӨР
1957-жылы 26-мартта Сокулук районундагы Күн-Туу айылында туулган.
1976-1980-жылдары Семён Чуйков атындагы көркөм-сүрөт
окуу жайында окуган.
1981-жылдан тарта “Кыргыз фильмде” сүрөтчү-декоратор,
сүрөтчү-коюучу болуп иштей баштаган.
1998-жылы “Бешкемпир” студиясын ачкан.
2004-жылдан тарта “Ой арт” продюсердик компаниясынын арт-директору.

НААМДАРЫ ЖАНА СЫЙЛЫКТАРЫ:
КРнын Эл артисти, КРнын Улуттук киноакадемиясынын академиги, Европалык киноискусство академиясынын мүчөсү, Токтогул атындагы мамлекеттик жана Жаштар союзунун сыйлыгынын лауреаты

“ТИЛИ УЗУН ЖЕҢЕЛЕР КУЛАГЫМДЫН КУЖУРУН АЛЫШЧУ”
-Бакма бала экеним балалыгымдагы эң чоң трагедия эле. Эс тартып калганымда "мени эмне үчүн багып алышкан, берип койгудай мен эмне, буюм белем?" деп капа болуп, жүрөгүм жанчылганы азыр да эсимде. Кичинекей баланын жүрөгү кандай назик, мисалы, момпосуй жейм десе тарелканы ары жылдырып койсоң эле кандай чыр салат. А меники момпосуйга салыштырмалуу өтө чоң окуя болуп жатпайбы.
Кичинемде жаман-жакшыны көп угуп, көп көрдүм. Уруша кеткенде балдар “сен бакма баласың, баланчанын күчүгүсүң” дей беришчү. Тили узун жеңелерим, апаларым да кулагымдын кужурун алышчу. “Сен кимдин баласы экениңди билесиңби? Буларга окшошпойсуң го, фамилияң да башкача...” дей беришчү. Менден улуу байкем Жеңиш менен атамдыкы Сарымсаков, меники Абдыкалыков болчу. Көчөдөн уккандарымды үйгө айтып келчү эмесмин.
14кө чыкканда мен теңдүүлөр аскерге даярдык көрүүгө чакыруу алдык. Ал жакка туулгандыгы тууралуу күбөлүктү ала барыш керек экен. Ачсам эле ата-энеси деген жерде таптакыр башка адамдардын аттары жазылып жүрөт. Элден угуп жүргөнүм менен, жазууну өз көзүм менен окуганда бирөө башыман ылдый муздак суу куюп жибергендей болду. Айылдык кеңештин төрагасына “күбөлүгүмдү алмаштырып бергиле” деп кыйкырып бардым, бирок жыйынтык чыккан жок. Мени жарыкка алып келгендерди эже-жезде дечүмүн. Бейиши болгур эжем агасын бактылуу кылам деп мени агасына бериптир. Жалгыз баласы бар ага караан болсун дегенин түшүнсө болот, албетте. Бирок бала эс тартканда “сени багып алдык эле, өз ата-энең булар, сени эки жак тең жакшы көрөбүз” деген сыяктуу жылуу сөздөр менен ачык айтыш керек экен. Болбосо мага окшоп жашоодон сокку алып, өксүгөндөргө кыйын болуп калышы мүмкүн.
“Бешкемпир” фильмин да жөн жерден тарткан жокмун, өзүмдүн башымдан өткөн турмушумду чагылдыргым келген. Кээде мени “бул өзүбүздүн бала, шалталык” деп калышат. Эже-жездем Күн-Тууга коңшу эле Шалта айылында жашашчу. “Мен шалталык эмесмин, силерди бирөө берип койгула деди беле?” деп айтайын дейм, оозум барбайт.

“АТАМДЫН ТАЯГЫН КӨП ЭЛЕ ЖЕДИМ”
-Аябай тентек өстүм. Шок болгондун жакшы жагы, оюн аркылуу көп нерсени таанып-билдим. Дайыма өзүм курактуу балдарды баштап жүрчүмүн. Кимдин короосунда эмне өсөт, кимдики бышты, жадыбалдай билчү элем. Ошолорду уурдачубуз.
Саша аттуу бир чечен бар эле. Бир жолу ошонукуна ууруга кирмей болдук. Жүгөрү менен сойлоп бара жатабыз. Мен баш жагында элем, бир убакта алдымда 2 бут турат. Өйдө карасам Саша байке. Тура калып качып жөнөдүк. Үйгө баргандан корктум, анткени Саша байкенин үйгө барганын сездим. Дарбазадан кирсем атам “бас бери” деди. Колунда эмне болсо урат эле. Ал киши каардуу, бир сүйлөгөн, башкарма болуп иштеген адам болчу. Колундагы таякты көрө калып качып жөнөдүм. Артымдан таяк менен уруп калды эле, башыма катуу тийди. Кыскасы, атамдын таягын көп эле жедим, бирок баары менин аша чапкан тентектигимден болду.

“АЛГАЧКЫ СҮЙҮҮМ ЛЮДАГА АРНАЛДЫ”
-Биздин Күн-Туу айылын (мурунку Киров совхозу) орус айыл дешчү. Мурун кыргызча сүйлөгөндөн уялсам, азыр орусча сүйлөгөндөн уялам.
Биринчи сүйүүм 8-класста ойгонду. Орус кызы Люданы аябай жакшы көрдүм. Ал менден бир класс төмөн окучу. Бир күн көрбөй калсам куса болуп, сагынып, жөн эле кайгыга батам. Күнүгө кечинде барып терезесинен бир көрмөйүнчө ыраазы болбойм. Ошентип бир жыл терезесин акмаладым. Автандил деген менден сулуураак классташым бар эле. Люда менин күнүгө барып терезесин карап жүргөнүмдү билип калыптыр, анан Автандилден “Актан келбесинчи, айтып койчу” деп айттырып жибериптир. Жаман ызаландым. Ага айтпай, мага айтпайбы деп жети өмүрүм жерге кирди. Аңгыча бир кече болуп калды. Ал кезде отуруш уюштурмай мода болчу. Биздин максат – жарыкты өчүрүп, кучакташмай, колдон келсе өбүшмөй. Ошондо Люданы ак бийге чакырып, “мен сени сүйөм” дедим. Кыз дароо ыйлап жиберди. Ошондон кийин ал кызды караган да, эстеген да, ойлогон да жокмун.

“КЕЛИШИМДҮҮ БОЛУУГА АЗЫРКЫГА ЧЕЙИН АРАКЕТТЕНЕМ”
-Мен ушул убакка чейин өзүмдү келишимдүү деп эсептебейм. Бала кезде мени “маймыл” деп коюшчу. Эл “Актан жакшы экен, сонун сүрөт, жакшы кино тартыптыр” деп айтышса деп ушуга чейин аракет кылам. Бала кезде 2 трагедия менен кагылыштым. Бири бакма болуп калганым, экинчиси сулуу эместигим.
Менин ыраматылык апам ажары бетине чыгып турган, кыткылыктап күлө берген, өтө жылдыздуу адам эле. Сырткы келбети да, ички дүйнөсү да сулуу болчу. “Бешкемпир” фильмине тартайын дегем. Бирок съёмка башталганда ооруп калды. Атам “Оо, Кудай аткыр, күлө эле бересиң” деп жини келчү.
Азыр ойлосом, ата-энем мага атайын “мындай бол, тигинт-минт” деп тарбия беришпептир. Болгону мага үлгү болуп жүрүшүптүр. Үлгү болуунун өзү оор, татаал. Адам баласы дайыма түз жүрө албайт да. Бирде болбосун бирде кыйшайып кетиши мүмкүн.
“Селкинчек”, “Бешкемпир”, “Маймыл” – бул менин өмүр баяным чагылдырылган үчилтик. 2001-жылы үчилтикти бүтүп, бала кезимден жан койбой келе жаткан оюмду ишке ашырайын деп, аты-жөнүмдү өзгөртмөй болдум. Жездемдин (ред. өз атасы) аты Арым, баккан атамдыкы Кубат. Ошентип, эки атама таазим кылганым деп Актан Арым Кубат болгом.

"Кичинемде кийбегенди кийип, ичпегенди ичтим. Кошуна балдардын суктанганын көздөрүнөн көрчүмүн".

"Ата-энем мага атайын деле тарбия беришпептир".

"Менден сулуураак досум Автандил жана Володя менен".

Сүйүн Кулматова
star@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (8)
erali
2014-07-07 12:27:29
Кун-Туу айылы чон айылдарданбы,калкынын саны канча,канча мектеп бар,кимде маалыматтар бар.Бул айылдан ким бар?
0
burkut100
2014-07-07 15:07:58
Маек жакты. Бакылдаган ичинде кири жок, жонокой адам экени корунуп турат.
0
Shaa-82
2014-07-07 16:32:47
Сиздин кебетениз сулуу эмес дегендерге кошулбайм сулуулук кеблбетте эле болуш керек эмес. сиздин ички дуйнонуз сулуу экен. сулуулар эле эмне кылып кыйратыптыр. сизге окшоп аз да болбо Кыргызстан учун салым кошуп коюшсаго
0
Begimkyz
2014-07-07 20:15:29
Чындыкты айттыныз, ушунун озу чон сулуулук!
0
Larry
2014-07-08 00:30:46
Sizdin tragediyanyz aiabai jurogumo jakyn tuuldu sizge bolgon suroogo kaidan joop alsa bolot ?! "- siz koburook kaisy ata-enenizge boor berdiniz?" Kimdi koburook jakwy korup jurogunuz ezildi Jana Kim dep koburook kyidunuz?" Maga oto zaryl bul suroomo joop kutom
0
mersedes2013
2014-07-11 02:14:49
эркек кишиге сулуулуктун эмне кереги бар?таланттуу адамсыз сизгеушул нерсе жетишеерлик го дейм
0
Asan-aka
2014-07-11 16:26:00
Эркек маймылдан бир аз мындайраак болсо болду
0
gulperi.kg
2014-07-13 14:15:03
Эркек сулуулугу менен эркек эмес .Эркек чечкиндуулугу менен,намыстуулугу менен,кыраакы баатырлыгы менен Эркек.
0
№ 609, 04-июль-10-июль, 2014-ж
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан