ТАМЧЫЛАТЫП СУГАРУУ – ЗАМАНДЫН ТАЛАБЫНДАГЫ ЫКМА

Чет жерден өлкөбүзгө келген туристтер жайлоого чыгып, чычкандын ийининен оргуп чыгып жаткан сууга таң калып, сүрөткө тартып жатышканын көрүп, тескерисинче, мен алардын жоругуна таң калдым эле. Бизге адаттагыдай көрүнүш болгону менен, айрым суусу тартыш өлкөлөргө Кыргызстан бейиштин жериндей көрүнөт окшобойбу. Ооба, Кыргызстан сууга бай өлкө. Бирок акыркы убактарда көптөгөн айдоо жерлерге суу жетпей, какыраган жерге айланып жатканы да бар. Биз бул сапар тамчылатып сугаруу ыкмасына кайрылмакчыбыз. “Кумтөр” компаниясынын колдоосу алдында уюштурулган “Карагат +” долбоорунун Ысык-Көл облусу боюнча мобилизатору Маратбек Букараевге кайрылып, кызыктырган суроолорго жооп алдык.

ТАМЧЫЛАТЫП СУГАРУУ ТУУРАЛУУ:
Бул ыкма алгач суусу тартыш Израиль өлкөсүндө өткөн кылымдын 50-жылдарында колдонула баштаган.
1 гектар жерди 10 тонна суу менен сугара аласыз. Эгер аянттагы эгилген өсүмдүктү 3 ирет сугарыш керек болсо, 30 тонна суу менен түшүм алууга болот.
Суу өсүмдүктүн тамырына гана тийип, башка жерлерине жетпейт. Ошондуктан отоо чөптөр да суу жетишпегендиктен куурап калат.

– Маратбек мырза, айтсаңыз, тамчылатып сугаруу системи деген эмне?
–Кандай гана мөмө-жемиш берчү көчөт тигип же жер-жемиш айдабаңыз, ага сөзсүз түрдө суу жана күндүн нуру керек экени талашсыз. Күндүн нуру табигаттан жана аба ырайынан көз каранды болсо, өсүмдүккө суу берүү адам баласынан көз каранды. Тамчылатып сугаруу долбоору фермерлер үчүн өтө пайдалуу. Бул үчүн фермер жок дегенде 3-4 окутуу, түшүндүрүү иштерине катышышы зарыл.
Тамчылатып сугаруу системи аз эле жабдыктардан турат. Жердин аянтына жараша суу топтоо үчүн чоң цистерна же челек керек. Ага уланган негизги түтүк жана ошол суу агып чыгуучу негизги түтүккө уланган ичке полиэтилен түтүкчөлөр керектелет. Негизги жоон түтүк челектин суу чыгуучу тешигине уланып, ал жерге кран жана атайын чыпка бекитилет. Андан соң жөөктөрдү же түптөрдү аралап өтүүчү полиэтилен түтүктөрү катар уланат. Ар бир түптүн тушунан полиэтилен түтүгүн тешип, сууну тамчылатып туруучу дозатор (өлчөмдөөч) бекитилет. Челекке сууну толтуруп, кранды ачып, негизги жоон түтүк аркылуу майда түтүкчөлөргө суу жүгүрткөн соң бардык түпкө бирдей суу чуркап, дозаторлор аркылуу тамчылай берет. Ал эми чыпканы орнотуу максаты майда түтүктөргө суудагы ар кандай нерселер өтүп, бүтөп калбаш үчүн керектелет.
– Тамчылатып сугаруу системин кандай жерлерде колдонсо болот?
–Айрымдары суу жетишсиз жерлерге гана сууну жеткирүү үчүн колдонот деп түшүнүшөт экен. Жок, аны талаа иштеринин бардык жеринде колдоно берүүгө болот. Мисалы, айрым өсүмдүктөр сууну көп талап кылбайт. Бирок биз аны билбей эле сууну да ысырап кылып, убактыбызды да коротуп, азап чегип арык казып суу буруп келип кыйнала беребиз. Тамчылатып сугаруу системинин эң негизги артыкчылыгы – анын өсүмдүктүн тамырына сууну жеткирүүсү. Суу өсүмдүктүн түбүнө тушталып тамчылап отуруп, чекесине жайылып кетпей, түз тамырга гана барат. Натыйжада суунун ысырап болушунан сактайт. Суу жетпеген жерлерге арык казып убара болуунун ордуна челекке толтуруп алып, тиешелүү көлөмдөгү суу менен тамчылатып сугара берет. Дагы бир негизги артыкчылыктардын бири – бул өсүмдүк эгилген топурак кыртышын ар кандай минералдык, органикалык жер семирткичтер менен азыктандыруу. Челектеги сууга жер семирткичти же курт-кумурскага каршы каражаттарды алынган өлчөмдө аралаштырып жиберип, түтүк аркылуу оңой жеткирип аласыз. Тамчылатып сугаруу системи суунун ысырап болуусун жөнгө салып, фермердин убактысын жана кара күчүн үнөмдөйт.
– Өсүмдүктүн бардык эле түрлөрүн сугарууда колдонула береби?
–Бир жылдык бадыраң, помидор, болгар калемпири жана башка ушул сыяктуу жер-жемиштерди көчөт кезинен тарта бир калыпта сугарууга абдан ыңгайлуу. Картошка, көп жылдык жусай, пияз сыяктуу көк чөптөрдү, кулпунайдын жөөктөрүн да сугарса болот. Карагат, малина менен катар эле алма, өрүктүн дарактарын дагы ушул эле систем менен сугара аласыз.
– Кыргызстанга бул ыкма качан келген? Кайсы өлкөнүн жабдыктары ыңгайлуу?
–Кыргызстанга 2003-жылдардан баштап келе баштаган. Бирок дыйкан-фермерлер анын артыкчылыгына дароо эле ынанып кетишкен жок. 7-8 жылдап анан адамдардын аң-сезимине кире баштайт экен. Анын кененирээк жайылышына атайын компаниялардын долбоорлору көмөктөш болду. Өзүбүздүн эле жигиттер долбоорлорду жазып, чакан гранттардын негизинде бир топ иштерди жасап алышты десем болот. Акыркы үч жылдан бери тамчылатып сугаруу ыкмасы белгилүү бир аймактарда жайылып калды.
Сапаттуусуна карайм дегендерге Израиль жана Италиянын технологиясын сунуштамакмын. Бирок азыр бизге Кытайдан келип жатат. Ал деле жакшы, акчасы да биздин дыйкандардын чөнтөгүнө туура келет. Бир жолку алган системди 3 жылга чейин колдонсо болот.
– Макаланы окуган соң кызыкдар адамдар сөзсүз чыгат деген ишеничтебиз. Тамчылатып сугаруу системин колдонууну каалагандар жабдыкты кайдан, кантип алса болот? Канча каражат сарпталат?
–Азыр Кыргызстанда дыйканчылыкты өнүктүрүүчү, фермерлерге жер иштетүүдө көмөктөшүүчү, алыскы жана тоолуу аймактарды өнүктүрүүчү долбоорлорду ишке ашырып жаткан уюмдар бар. “Хельветас”, “АРИС” жана ушул сыяктуу көптөгөн уюмдарды азыр ар бир айылдык тургун уккан жана билет. Ошол уюмдардын атайын кеңселерине кайрылып, алгач окутуу, түшүндүрүү иштери менен таанышып алган оң. Андан кийин окутууну жүргүзгөн уюмдун атайын адистери сиз каалаган мүдөөнү ишке ашырууга жардам берет. Жалпы жабдыкты алып колдоном десеңиз, баш-аягы 30-40 миң сомдой каражат сарпталат. Ал эми системди фермер 3 жылдан ашык мөөнөткө колдоно алат. Азыр “Кумтөр” компаниясынын колдоосу алдында уюштурулган “Карагат +” долбоорунун негизинде Ысык-Көл облусунун аймактарына ушул усулду жайылтып келе жатабыз.
– Маегиңизге рахмат. Элге пайдасы тиет деген ишеничтебиз.

Кетмен-чотун ийинине асып, таң атпай чогулган элдин сабы менен бир нече чакырым арыкты казып, тазалап жүргөн ата-энелерибиздин, улуу муундардын бир кездеги заманы эсиңиздедир. Суу алып өтүүчү каналдарды, талаа аралап өткөн арыктарды казуу, тазалоо адамдын бир топ кара күчүн алып, чоң эмгекти талап кылат. Техника менен каражат жетишсиз жерлерде азыр деле суу жеткирүү маселеси биринчи көйгөй болуп, көптөгөн жерлер иштетилбей жайдак калып жатат. Эгер сиздин гектарлаган жериңизге суу жетпей, иштетилбей жаткан болсо, анда тамчылатып сугаруу системин колдонуп көрүүнү сунуштайбыз.


Гүлжан Асанкожоева
kenesh@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (9)
insap
2014-07-08 07:53:54
Jange tahnika, jange madaniyatte tek paydaluu ele bolso vyronvvgo arzeyt.
+1
DNurgiza
2014-07-08 23:53:56
Кымбат экен да. Арыктан эле суугарган он го.
-2
kanatchik94
2014-07-09 19:40:00
Бул ыкманы бак тигип орнотуп алса пайдалуу ж/а туболуктуу болот.
+1
jaazira13
2014-07-12 16:37:09
кымбат болгону менен суу ресурсубуз уном болуп жатпайбы, биз бир кундук акчаныны эсебеин чыгарбай келечектеги ресурстарды ойлонушубуз керек
0
jaazira13
2014-07-12 16:37:09
кымбат болгону менен суу ресурсубуз уном болуп жатпайбы, биз бир кундук акчаныны эсебеин чыгарбай келечектеги ресурстарды ойлонушубуз керек
0
raimzhanov81
2014-07-13 17:38:48
ээ бул ыкма суусу жок тартыш олколор ойлоп тапкан бизге кереги жок бизде суу кенен жамгыр жаайт тынбай.калпеле башынарды оорута бербегилечи.булар ушу техниканы алса деп бизнесин ойлоп жатышат.суусу жок олколорго сата беришсин.
-2
jaazira13
2014-07-15 18:44:04
бизде суу коп болгону менен тоолу жерлерде маселе коп, коп болсода ошону уномдош керекта!!!
0
bozulan
2015-07-07 23:58:17
Керектуу жабдыктарды кайдан алса болот?
0
arstan.sadyrbekov.92
2016-05-09 22:36:33
Коп деле акча кетпейт экен. Кааласанар айтып берем кандай кылыш керек экенин. Бул ыкма менен сугаруу аябай жакшы экен. Арык менен сугарсак жооктор катып чоптор коп чыгып кетет. Тамчылатып сугарсак топурак жумшак болуп осууго жакшы шарт тузулот. Каражат жагы коп деле кетпей.
0
№ 609, 04-июль-10-июль, 2014-ж
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан