“КЫЗГАНЧААК КҮЙӨӨМ МЕНЕН КАНТИП ЖАШАП КЕТЕМ?”

– Турмушка чыкканыма 2 жыл болду. Менин сиздерге кайрылганымдын себеби, жолдошум экөөбүздүн ортобуз улам алыстап баратат. Бирок мен үй-бүлөмдү сактап калгым келет. Мындай учурда эмне кылышым зарыл?
Үйдө 4 кыз, 2 уул элек. Атам азыр деле таксист, апам майда-чүйдө сатып акча табат. Бирок экөөнүн тапканы үйдөгүлөргө өп-чап гана жетет. Мектепти бүткөн соң өз күчүм менен университетке өтүп кеткем. Бирок эптеп багып жатышса деп апамдан жол киреге акча сурагандан да тартынчу элем. Үйдүн эң улуусу болгондуктан, апам эмне маселе болсо дайыма мени менен кеңешчү. Анын күндө кечинде “эртең эмне жейт болдуңар экен?” деген сөзү кулагымда кадалып калгандыктан, башка кыздар сыяктуу “тигини кием, тияк-биякка барам” деп айтчу да эмесмин. “Атасы эптеп жан баккан таксист болсо, кызы эмнеге кыйынсынат? Бузулуп кетти, көчөдө көп жүрөт деген сөздү угузбай, жакшы жүр” деп зар какшаганычы?!
Ошондуктан окуудан мурда апама кантип жардам берем, кайдан иш табам деп отуруп-туруп ойлончу болдум. Ошондой күндөрдүн биринде мага жуучу түшүп келишти. Күйөө болчу бала Москвада иштейт экен. Муну угуп атам “аныңар 19да болсо, кантип жашоо куруп кетишет?” деп алгач болбой жатты. Мен да “баланы тааныбасам, анын үстүнө окуп, иштеп, апама жардам беришим керек” деп болбодум. Бирок тигилер “кызыңардын окуусун балабыз өзү бүтүртүп алат. Кызыңар Москвага барып жашаса жаманбы?” деп жатып ата-энемди көндүрө башташты. “Москвага барып иштесем апама жардам бере алармын” деген ойдо турмушка чыгууга көңүлдөндүм.
Ошентип той болуп, экөөбүз Москвага кеттик. Күйөөм өзү иштегени менен мени иштетпей койду. 6 ай үйдө жаттым. Кийин анын макулдугун алып жумушка орноштум. Бирок күйөөм чогуу иштешкен эркектерден кызганып, мени жумуштан чыгарып алды. Бул көрүнүш кийин да кайталанып, 3-4 жерде иштегенимден кийин биротоло үйдө отурууга аргасыз кылды. Кызганып эч кимге кошпойт, көчөгө эркин бастырбайт. Бир жылга жетпей 11 килограммга арыктадым. Күйөөм тааныштарга мени жамандай бергендиктен, аларга жолугуп сүйлөшкөндөн да качып калдым.
Учурда үйдө чыр көп чыгат. Ушулардын баары жыйналып келип, мен урушчаак адамга айландым. Жолдошум акыркы күндөрү бирөө менен мамиле куруп, мага “сени менен жашаш кыйындап баратат” дечү болду. Же өзүмдү алаксытып эрмектегенге балалуу да болбодук. 2 жыл ичинде апамдарга бир да жардам берген жокмун. Туңгуюк жашоодон кантип чыга алам?


Мира, 20 жашта, Москва

– Мира, сиз үй-бүлөмдү сактап калсам дейсиз, бул жакшы ой. Бирок күйөөгө тийген себебиңизди карасак, сиз сүйүүсүз, жолдошуңуздун мүнөзүн, жүрүш-турушун, анын кандай максаттары бар экенин билбей эле, ата-энеме жардам берем деп өзүңүздү “курмандык” кылып тийиптирсиз. Бул үй-бүлөнүн маңызын түшүнбөстүк. Башкача айтканда, сиз өзүңүздүн жашооңуз менен жашабай, ата-энеңиздин милдетин алып жатасыз. “Ата-энеме жардам бере албай калдым” деп өзүңүздү жей берип, нерв оорусуна да дуушар болуптурсуз. Баары тынчсыздануу, ачуулануу, оор ойлордон, кайгыдан болуп жатат. Мындай абалда гормоналдык бузулуулар да келип чыгат, мүмкүн ошондон балалуу болбой жатасыздар.
Үй-бүлөңүздү сактагыңыз келсе, жолдошуңузга көңүл буруп, мамилеңизди оңдогонго аракет жасашыңыз керек. Үй-бүлөлүк бакыт – бул бири-бирин сыйлоо, ой-пикирлерин угуу, кыйынчылыкты бирге жеңүү, максаттарга чогуу умтулуу экенин эске түйүңүз.
Эми күйөөңүз менен жай отуруп сүйлөшүңүз. Анын үй-бүлөлүк бакыт дегенди кандай түшүнөрүн, сиздин мүнөзүңүздүн кайсыларын жактырарын, сизге карата кандай сезимдери бар экенин, максаттарын сурап билиңиз. Ал дагы сиздей болуп жаш, жашоого тажрыйбасы жок экенин түшүнүңүз. Балалуу болсом үй-бүлөмдү сактап калат элем деген ой туура эмес. Анткени балалуу болордон мурда өзүңүздөрдүн сезимиңиздерди анализдеп, мүнөзүңүздөрдү оңдошуңуздар керек. Жолдошуңуз экөөңүздөр чогуу-чаран кеңешип, энергияңыздарды туура баалап, бир багытка буруңуздар. Ар бир адам өз тагдырына жооптуу, андыктан жашооңузду оңдоп кетүү өз колуңузда.
Сиздин сурооңузга «Альтернативаларды алдыга жылдыруу» коомунун координатору, психолог ПЕРИЗАТ АСЫЛБАЕВА жооп берди.

Канымжан Усупбекова
kenesh@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (51)
KUMU89
2014-07-09 05:06:49
Ай ким билет, ким билет.?
-2
Oleg.kgz
2014-07-10 16:26:44
KUMU89, Бир гана кудай билет!
0
april
2014-07-09 13:44:22
баарыбыз эле бироого акыл үйрөткөнгө устабыз,
0
peri-jan
2014-07-09 15:39:11
ata enene jardam bergenin oshol da ozun menen bolup bargan jerinde baktyluuu jashasan oshol ata enene bergen jardamyn sen jonundo oyloboy konuldoru tok bolso ata enen uchun oshol baylyk
0
peri-jan
2014-07-09 15:47:04
menin ejem turmushka chygyp 3 ay jashap ajyrashyp ketken erinin moskvada bashka jashap jurgon ayaly bar eken korso anyn.Any ukkan ata enem oto kapa bolushtu ejemdi oyloy beriship sygylyp jurushtu.Osholordun oy basyp kyinalyp jurgonun korup jogorku okuunu ayaktap turmushka chyktym,ar bir ele uy bulodo bolot urush talash ,kyzganuu degendey birok men ech kachan syr aldyrbaym ubagy kelse baary jakshy bolot birok joldoshum jakshy ar bir adamda harakteri bolot degendey chydash kerek anday nerselerge
+1
Nuraiym9494
2014-07-09 18:01:22
Daa korkup ketem kuioogo tyigenden uwundai nerselerdi ukkanda.
0
Murok
2014-07-09 18:40:23
Бул куйоонуз онолбойт,
-1
azhibaeva.2012
2014-07-09 19:52:13
Азыркы эркектер баары эле кызганат болоор болбоско эле
-1
Oleg.kgz
2014-07-10 16:29:31
azhibaeva.2012, Ыймандын жана кантип иш тутууну билбегендиктен болуп жатат, эркектердин арасында жакшылары абдан коп просто алар жакшыы тынч жашашат ошону учун жакшылардын кабары угулбайт
+1
Oleg.kgz
2014-07-10 16:20:01
Аял затына Аллахым оз каалоосу менен турмушка чыгууга уруксат берген, кыздар турмушка чыгып жатканда жакшылап ойлонгула! Кыздарга бир оор нерсе - эрге тийген кыз турмушка чыгуусу кыйын болуп калат. Эркектин кызганчаактыгыгы да жакшы, бирок раз иштетпейби эркек уй булоону баардык нерсе менен камсыздоосу керек!аялдарда иштей калайын деп жыргап жаткан жок,уйго жетпегенден иштейт. Эгер эркек кызганчаак болуп, бирок багалбаса, аялын озунун эже карындаштары менен иштетуусу керек!Бактылуулук баарына!!!
0
Eliza-2014
2014-07-11 00:07:12
Тороп бер, бала болбосо урушунар кучой берет, балалуу болсон эле бала байлайт бактынарды,баары оз колунда так что аракет кыл озундун колунда баары.
0
yakut190
2014-07-11 12:27:07
Аялын кызганбаган эркек бейишке чыкпайт эмеспи! Бирок оз орду менен болгону жакшы, келинчегинин конулун карап и ошончо кызганса болмок. Мира сен эн жакшысы намаз окуп АЛЛАХ тан жардам сурап дуба кылып журсон АЛЛАХым озу жакшы жолго салат буйруса. Сага уй-булоолук бакыт каалайм!
+2
jirgalb
2014-07-11 20:56:43
жашап кеткиле бактылуу болгула
0
Dani1990
2014-07-12 01:51:40
Baikawumcha kop dele problema joktoy. Birok korboi turup aituw kuiun... Negizgisi ui-bulo ochogunar buzulbasun!!!
+1
Jakai89
2014-07-12 21:29:50
Хехее мен Кайрат нуртастын ырын уксам тополон болчу уйдо мен семян Эми тушундум мурн мен тура суйлошум керек чынчыл болушум керек деп кээде озумо зыян болчу создорду да жашырбай айта берчумун корсо кыйтыр болуш керек экен жакшыны айт жаманды жаап койуш керек экен
+1
KARAGER
2014-07-13 14:21:29
Куйоно баарын айтып тушундур жону жок кызганганын токтотсун. Сен болсо аны жакшы корорунду,суйорунду, эч кимге алмаштырбай турганынды айт.
+1
Erkinbay_buiga
2014-07-14 09:08:18
Ата энеге жардам эмес,озунордун турмушунардыжакшы ондосон ошол чон ийгилик.Куйоондун кызганганы озун повод бербесен эле баары жакшы болот.
0
№ 609, 04-июль-10-июль, 2014-ж
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан