“ӨНҮГҮҮ-ПРОГРЕСС” ПАРТИЯСЫ ЭЛДИН ДЕН СООЛУГУНА КАМ КӨРҮҮДӨ

Советтик доор аяктап, СССР урагандан бери өзгөчө алыскы айыл аймактарынын тургундары жылдан-жылга медициналык тейлөөсүз калып жатканы учурдун ачуу чындыгы. Алардын камын ойлоп, “Бизге ден соолугу чың эл керек!” деген ураан менен “Өнүгүү-Прогресс” партиясы мындан 1,5 жыл мурун дасыккан адистерден турган атайын медициналык топторду түзүп, алыскы элет жерлерин кыдыртып жүрөт. Башында "Өз жүрөгүңдү сакта" аттуу долбоордун карамагында аталган топтор жүрөк-кан тамыр ооруларын текшерген дарыгерлерден турса, эми алардын катарына врач-гинекологдор кошулду.
Алдын ала байкоолор боюнча айыл жеринде айымдардын ден соолугу нечен жылдардан бери каралбай келиптир. Жай мезгилинин башында “Өнүгүү-Прогресс”  жиберген көчмө медициналык топ Ак-Талаа районунун бир айылынан эле 5 кыз-келин онкологиялык ооруга чалдыкканын аныкташкан. Жакынкы күндөрү дарыгерлер тобу Кара-Суу районунан кайтып келишти. Врач-онкогинеколог Динара Айтышованын айтымында, айымдардын ден соолугу учурда начарлап, оорулардын “жашарып” кеткендиги байкалат.
45-50 жаштан өткөн аялдар деле келип көрүнүштү. Бирок ооругандардын басымдуу бөлүгү – жаштар, келиндер. Эмнегедир орто жашап калган айымдардын ден соолугу жакшы. Жаштардын көпчүлүгү эрозия дартына кабылышкан. Бирок дарыланышпайт, суук тийген, инфекция пайда болгон” дейт врач-онкогинеколог Динара Айтышова.
Элет жергесиндеги эмканаларда дарыгерлердин жоктугунан оорулуулар өз дарты туурасында так маалымат билишейт. Өз алдынча дарыланам деп оорусун күчөтүп алгандары да бар. Айыл тургундары тиешелүү адистерди алып келүү зарыл деген пикирде.
Бизге дал ушул онкогинекологдор керек болчу. Аял кишилер арасында гинекологиялык оорулар менен жабыркагандар көп. Келген дарыгерлерге көрүндүк, бизге аябай жакшы жардам беришти. Чынында, Бишкекке атайын барып көрүнүүгө эч кимдин деле чамасы тийбейт”  дейт Кара-Суу районунун Отуз-Адыр айылынын тургуну Рана Токтосунова.
Курамына кардиологдор жана онкогинекологдор кирген медициналык топтун жетекчиси Абдимуталип Халматовдун айтымында, 1,5 жыл ичинде 40 миңге чукул адам текшерүүдөн өткөрүлдү. Учурда эл дарыгерлер тобунун курамына гинекологдордон тышкары неврологдорду кошууну да өтүнүп жатышат.
Эки жыл мурун түзүлгөн “Өнүгүү-Прогресс” саясий партиясы Кыргызстан элинин татыктуу жашоосун каалайт жана буга багытталган атайын 6 тармак боюнча иштерди ийгиликтүү алып барууда. Алардын эң маанилүүсүнүн бири – саламаттыкты сактоонун стратегиялык программасы.
Партия лидери, Жогорку Кеңештин депутаты Бакыт Төрөбаев  “Ден соолугу чың эл – келечеги бар эл” деген терең ишеничин туу тутат.

Айзатбек Асанкул уулу

 

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 609, 04-июль-10-июль, 2014-ж
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан