РУСТАМ АТАШОВ:“ЭРКЕКТЕР” ТАСМАСЫ КӨРҮҮЧҮГӨ КҮЛКҮ ТАРТУУЛАЙТ”

Дүйнөлүк тасмалардын тарыхына саресеп сала кетели. Фильм жаралган соң көрөрмандардын санын арттырып, жакшы киреше алып келгенден кийин дароо экинчиси, үчүнчүсү тартылат. Ата мекендик кинолорубуз да ушундай ийгиликтерден куру эмес. Кинорежиссёр Рустам Аташовдун “Эркектер-1-2-3” тасмасын көргөнсүз да, эми аталган фильмдин үчүнчү бөлүгү абитуриенттердин урматына көрсөтүлүп баштады.

– Рустам мырза, көп жылдан бери кино тармагына салым кошуп келесиз, өзүңүзгө режиссёр катары кандай баа бересиз?
– Негизи, өзүмдү мыкты эле режиссёр катары бааласам керек. Болбосо режиссёрлук кесипти аркалабайт элем. Бирок мага көрүүчүлөрдүн баасы маанилүү.
– "Эркектер" тасмасынын экинчисин, үчүнчүсүн тартуудагы негизги максатыңыз эмне?
– Чынын айтканда, "Эркектер" кинокомедиясы эң көп кө­рүүчү топтоду. Мен тарткан кинолордун ичинен эң көп киреше алып келгени болду. 5 жыл бою кинотеатрларда көрсөтүлдү. Жаңылышпасам мындай кө­рүнүш кыргыздын кино тарыхында боло элек эле. Демек, көрүүчүлөрдүн талабы менен экинчиси, андан соң үчүнчүсү тартылды. Анын үстүнө "Эркектер" тасмасы үй-бүлөлүк кино болгондуктан, бир эле бөлүк менен көрүүчүгө айтар ойду жеткирүү мүмкүн эмес. Тасманын эң негизги максаты – үй-бүлөнү бузбай сактап калуу идеясын элге жеткирүү.
– Көрөрман үчүн тарбиялык мааниси барбы?
– Эркектер-3" комедиясы жөн гана көрүүчүнү күлдүрүү максатында тартылган эмес. Бул тасманын тарбиялык мааниси, философиясы терең. Биринчи жана экинчи бөлүгүнүн өзгөчөлүгү мында, жети эркектин жети башка комедиялуу жоруктары чагылдырылат. Окуялар эч бир сатирадан алынган эмес, бардыгы жаңы сценарий менен тартылган. Техникалык сапаты да жогору. Мындан жаштар эле эмес, ортоңку жана жогорку муундагылар да сабак алышса болот.
Бул тасма аял менен эркектин коомдогу ордун баса белгилеп, үй-бүлөнү ынтымакка, кечиримдүүлүккө чакырат. Ошондой эле ыйманга үндөп, шарият жолу менен жашоону сунуш кылат. Мына ушунун баарын көрүүчүгө жеткирүү максатында, тасма комедия жанрында тартылган. Тагыраак айтканда, көрүүчү тажабай, башынан аягына чейин каткырып көрүп, жакшы маанайда отурат.
– Кинодо мушташ, спирт ичимдиги сүрөттөлөт экен. Бул көрүнүштөр көрөрманга терс таасирин тийгизбейби?
– Кино – бул күзгү сыяктуу. Биз өзүбүздүн келбетибизди күзгүгө карап оңдосок, ал эми жүрүм-турумубузду кинодон көрүп оңдошубуз керек. Ошондуктан бардык терс кө­рү­нүш­төрдү ачык көрсөтүп, туура эмес экенин далилдеп, андан соң туура жолду сунуш кылышыбыз абзел. "Эркектер" кинокомедиясынын тактикасы мына ушунда жатат. Бул тасмага тартылып жүрүп, туура жолго түшкөн актёрлорубуз да арбын болду. Демек, бул тасма көрүүчүлөргө терс эмес, тескерисинче, оң таасирин берип жатат деген ишеничтемин.
– Кино тартууга көп каражат сарпталары анык, демөөрчүлөрүңүз барбы?
– Кино тартууга мамлекеттен каражат бөлүнбөгөндүктөн, демөөрчүлөрдүн жоктугунан сценарий көп учурда өзгөрүүгө дуушар болот. Мен оюмдагыдай кино тартыш үчүн оюмдагыдай каражат керек. Кинодогу анча-мынча кеткен каталар көбүнчөсү каражатка келип такалат. Голливуддун 15 миллион долларына тартылган кинолорун биздин 15 миң долларга тартылган тасмаларыбызга салыштырып, сын айткандар да жок эмес. Ошондуктан кыргыз кинолору жоголбой сакталып келе жатканына шүгүр кылсак болот. Ушул кино аркылуу элибизди жамандыктан алыстатып, жакшылыкка чакырып кызмат кылуу – менин кино тартуумдун негизги максаты болуп эсептелет.

Сүйүн Кулматова

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (18)
Nur_meerim
2014-07-07 09:24:51
Менимче, коп деле тарбиялык мааниси жок! Аташов озун мыкты режиссер деп билет экен, билими бар болду бекен? Анын тасмаларында уяттуу жерлери да бар.
+3
kursantbek
2014-07-07 11:41:13
Nur_meerim, бироого сын тагып эмне кереги бар баардык кинолору Жакшы тартылган сен корбой койсон еле жаман болуп калбайт !!!
-1
Tomas31107788
2014-07-10 19:01:03
Nur_meerim, жакпаса корбой эле кой баары сонун корсо болот ун жагынан кичине жанылыштык бар бирок
-1
aibek90
2014-07-12 21:48:50
Nur_meerim, 21 кылымда жашап жатканыбызды унутпагылада
-1
Гулжигит
2014-07-07 10:09:22
Эн мыкты режиссер! Азаматсыз Рустам байке. "Эркектерди" коргондон эч тажабайм, мыкты комедия.
-1
Araika
2014-07-07 12:36:51
Аташов эн мыкты режиссер! Ийгилик, сиздин баардык кинолорунуз маамнилуу жана кызыктуу. Мындан да жакшы кинолорду кутобуз!
-1
aszyma
2014-07-07 20:34:32
Ооба мен да жакшы режиссер деп айтат элем. Тарткан кинолору ачык айрым корсотконун жогоруда озу тушундургонго.
0
gumi94
2014-07-08 16:27:26
Жанагы ай эркектер, эркектер... Качааааан акылынар кирет деген кыздын ордуна бир–эки жашка чонурааак кызды койгон эмес да..............
-1
Gulu-5kg
2014-07-09 10:06:02
жакпайт таптакыр професионалдык денгээлде эмес
0
TolonturCN
2014-07-09 14:06:47
Убагында министирдин кызынын махабаты 1-2 жакшы тартылган, ошол убакка салыштырмалуу. андан кийинки тасмаларына ийгилик каалаймын.
0
Kalin466
2014-07-09 17:20:52
Кандай коруучу болсо,ошондой "режиссерлор" пайда болушту,балким бул адамдын да эмгегин баалап,коргондор бардыр,бирок мыкты режиссер деп мен Гайдай,Кончаловский,Рязанов,Шамшиев ж.б.айтат элем,алар да оздорун "мыктыбыз" деп эч убакта айтчы эмес. Эми заманга жараша ,ушун Аташев сыяктуу "мыкты режиссерлор" да пайда болушат экен да.
+1
Azura
2014-07-09 17:30:34
ушул МЫРЗА кино тартпай эле койсо болмок...
+3
Arapbai
2014-07-10 13:53:07
Мен да мыкты режиссер деп айтат элем!
-3
mirlaane
2014-07-10 17:38:57
mamleket koldovoiatpaiby bolboso bul rejisiordo fantazia ku4tuu
0
bektur12
2014-07-11 08:48:16
Rustam aga talanttuu. Ministirdin kyzynyn maxabatyn kim tartty ele aitkulachu.?!
-1
roza.90
2014-07-11 14:26:36
Кээ бирлерге салыштырмалуу норм.эле тартат.Озу кыла албайт,кылганды коро албайт боло бересинерда.
-1
Nurgazy80
2014-07-11 20:54:52
баары келип каражатка такалат, акча көп болсо мен да тартмакмын, мыкты сценарист, режиссёр, актёрлорду жалдап алып, акыркы заманбап техникалар менен, ошондо да сынчылар чыкса керек.
0
Xperiaedil
2014-07-11 21:01:38
Кочества начар жаны тарткан киносу деле эскидей болуп чыгат, а так калганы жакшы менин оюмча
-1
№ 609, 04-июль-10-июль, 2014-ж
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан