BEELINE LIVE ENERGY FEST ФЕСТИВАЛЫ МЫКТЫ ДЕҢГЭЭЛДЕ ӨТТҮ

Өткөн дем алыш күндөрү Бишкекте жылдын башкы музыкалык фестивалы – легендарлуу орусиялык «Би-2» рок-тобу катышкан Beeline Live Energy Fest өткөрүлдү.



«Promzona» клубу менен Кыргызстандын уюлдук рыногунун лидери Beeline биргелешип уюштурган иш-чара жогорку деңгээлде өтүп, ага 20 миңге жакын адам чогулду. 16:00дөн тарта клубдун ачык аянтчасында меймандар көңүл ачуу программасына күбө болушту: жамперлер шоусу, сынактар жана байге ойнотуу, аниматорлордун оюндары. Фестивалдын расмий өнөктөшү «Балтика» сыра кайнатуучу компаниясы болду.
Кечке жакын фестивалдын расмий бөлүгү башталып, жергиликтүү «MARS’эль», «Vesta», «Ginger» топтору сынактар жана викториналар менен кезектешип чыгып жатышты. Эң активдүү көрүүчүлөр кызыктыруучу бренддик белектерге ээ болушту. Beeline ошондой эле фестиваль жөнүндөгү эң кызыктуу төрт сап ырга сынак жарыялап, жеңүүчү iPhone 5 утуп алды. Байгени Beeline`дын башкы директору Олег Клочко тапшырды.
«Бул биз «Promzona» менен биргелешип өткөргөн үчүнчү фестиваль. Быйыл ал эң чоң болду жана өтө көп музыка сүйүүчүлөрү катышты. Биз бул жолу да өз абоненттерибизге жана кыргызстандыктарга кубаныч тартуулай алдык. Бул күндү биз менен өткөрүп, ыраазычылык билдиргениңиздерге рахмат.
Масштабдуу музыкалык фестивалдарды колдоо Beeline үчүн салтка айланып бара жатат. Себеби фестивалдар биздин абоненттерибиз арасында өзгөчө популярдуу. Бул жылы 20 миңге жакын адамдын катышуусу анык белгиси. Өзгөчө уюштуруучуларды белгилеп кетким келет: «Promzona» клубунун командасы өз ишинин чыныгы профессионалдары жана ишеничтүү өнөктөштөр»,- деди Beeline`дын башкы директору Олег Клочко.
Жеңүүчү аныкталгандан кийин аянтта толкундоо пайда болуп, көрүүчүлөр «Би-2» деп сүрөй башташты. Кызуу кол чабуулар менен сахнага музыканттар бир-бирден чыга келишти. Акыркылардан болуп орусиялык популярдуу рок-топтун негиздөөчүлөрү Шура менен Лева чыгышты. Көрүүчүлөр драйв менен күчтүү энергетиканын атмосферасына сүңгүп кирип, дуу жарылды.
Бир саатка жакын ырдашкан «Би-2» тобунун жамааты фанаттарына ыраазычылык билдирип, кетмек болушту эле, көрүүчүлөр сүйүктүү музыканттарын кетирбей, улам-улам биске чакырып жатышты. Музыканттар өз көрүүчүлөрүн көпкө күттүрбөй эң белгилүү хиттери болгон: «Мой рок-н-ролл», «Последний герой», «Полковнику никто не пишет» ырларын жаңыртышты. Күйөрмандар аларга кошулуп ырдап, кошо бийлеп, кол чабууларын аяшкан жок. Ал эми аткаруучулар жаркын эстелик катары рок-фестивалдын катышуучулары менен чогуу «селфи» сүрөткө түшүштү.
«Бул фестиваль биздин чоң сахнада open-air иш-чараларды өткөрүү тарыхындагы он биринчи жана эң масштабдуусу болуп калды. Уюштуруу деңгээли канчалык жогору болсо, музыка күйөрмандарынын кызыгуусу дагы жогорулап, коомчулуктун көңүлүн бурат.
Баарыбыздын көз алдыбызда Кыргызстандын музыкалык маданияты жаңы сапаттык деңгээлге көтөрүлүүдө. Бул жай мезгилинде өзгөчө маанилүү, себеби өлкөгө ар тараптан меймандар келишет, фестивалдар өлкөнүн визиттик карточкасы болбосо дагы, маданиятыбыздын жогорку деңгээлин көрсөтөт. Биздин чет өлкөлүк меймандарыбыздын жана шаар тургундарынын жогорку баасы муну тастыктап турат. Биз бул жетишкендиктер менен токтоп калбайбыз деп ишендирип кетем»,- дейт «Promzona» клубунун арт-директору Вадим Зарецкий.
Эбегейсиз Beeline Live Energy Fest кыргызстандыктарга жаркын эмоцияларды тартуулап, кадыресе күндөрдөн эс алып, сапаттуу музыкадан ырахат алуу мүмкүнчүлүгүн берди. Көрүүчүлөр зор кубанычта болушту!





Жаныбек Койчукулов

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 609, 04-июль-10-июль, 2014-ж
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан