АЛТЫН – ЭЛГЕ ЖАККАН САПАТТУУ АЛТЫН

Бир нече өлкөнүн рыногундагы «элдик алтынды» сатуучу катары «Алтын» зер холдингинин кадыр-баркынын күн санап өсүшү айрым учурда кооптонууну да жаратат. Өзгөчө азыркы сатып алуучуну алдоо кадимки эле көрүнүшкө айланып бараткан учурда. Бирок факты деген өжөр нерсе, «Алтын» так ушул орусиялык сапаттуу зер буюмдарды сата турганы факты бойдон калууда. Алтындын жарнамасы дагы абдан эле арзан баадагы чыныгы буюмдардын коштоосунда жүргүзүлүүдө жана аларды аталган эл аралык зер компаниясынын каалаган дүкөнүнөн таба аласыз.

«АЛТЫН» ТЕКШЕРҮҮДӨН КОРКПОЙТ
Кыргызстандагы зер буюмдардын (өзгөчө алтын) рыногу көбүнчө сатып алуучуну алдоого жасаган аракеттер менен коштолууда. «Алтын» жана дагы бир нече ири дүкөндөрдөн башкасынын баары алтынды салмагын, химиялык курамын, соода боюнча эрежелерди бузуп же салык төлөөдөн качып көмүскө жол менен сатышат. Фискалдык органдар муну билбейт деп айтуу кыйын. Бирок алар «Алтын» жана дагы бир нече сатуучуларды эле улам-улам текшерүүгө алып келишет жана мындай текшерүүлөр, сизди ишендирип коёюн, урматтуу кардар, өтө катаал жүргүзүлөт. Бул кимге пайдалуу? Суроого жоопту акыркы кездерде президент Алмазбек Атамбаев иштерине катуу талап коюп жаткан коррупцияга каршы түзүм бергени туура болот го. Андыктан калпыс иштердин айыбын ачуу али алыс эмес деп ойлойбуз. Буга мен бөркүмдөй эле ишенем. Азырынча текшерүүчү уюмдардын версиясы боюнча «Алтын» сапаттуу гана алтынды сатат деген жыйынтыгын айта туралы.

«АЛТЫН» БУЮМДАРЫ КАЙДАН САПАТТУУ ДАЯРДАЛАТ?
Баары жөнөкөй жана түшүнүктүү. Базардагы, жасалма дүкөнчөлөрдөгү сарай менен гараждарда жасалган буюмдардын көбүнөн айырмаланып, Алтындын эки өлкөдө (Орусияда жана Кыргызстанда) ири заводдору бар жана алар эң алдыңкы технологиялык жабдуулар менен жабдылган. Буга кошумча жыйырма жылдын ичинде 2 миң кызматкерден ашуун эмгек жамаатын түзүп, бүгүн өзүнчө династияга айланып отурат. Дагы бир белгилеп коюучу маанилүү жагдай – Алтындын кызматкерлери Миландан Гонконгго чейин кесипкөй деңгээлде уюштурулган көргөзмөлөрдүн туруктуу (эң оор учурларда да) катышуучулары болуп келе жатышат. Алтындын заводдору советтик тартипти сактап, бардык этаптагы иштердин сапатына көзөмөл жүргүзүп турат. Өндүрүшкө заманбап технологияларды кошуп, орусиялык зер мектептин сапатын сактоого аракет кылып келет.
Компаниянын кечээги эле тарыхын карап көрсөк, холдингдин жетекчисин камакка алып, бир жарым тоннага жакын зер буюмдарды алып койгон чуулгандуу окуяны ар бир эле жаран уккан болушу керек. Жыйынтыгы да белгилүү, фигуранттарды коё берип, буюмдарды кайтарып, кылмыш ишин жабышты. Бирок кайтарылганга чейин алынып коюлган миңдеген зер жасалгалар Орусиянын ФСБсынын (Федералдык коопсуздук кызматы) Криминалистика институтунан өтө катаал экспертизадан өттү. Бирок бири дагы, кайталап коёюн, бири дагы сынына жана сапатына туура келбей калган жок. Ал эми Орусиянын ФСБсынан артык сапат кепилдигин берүүчү мекемени табуу мүмкүн эмес!

ТОВАРДЫН БААСЫ КАНТИП КОЮЛАТ?
Ар бир товардын баасы бир эле принцип менен белгиленет. Чыгымдарга, өндүрүшкө, ташууга жана сатууга жеке менчик менен мамлекеттин «кызыкчылыгы» кошулат. Бул киреше менен салык. Алтында он жылдап бардык буюмдарга азыраак кошуунун жөнөкөй ыкмасы колдонулуп, сатуунун жогорулашынын эсебинен киреше алышат. Ошондуктан Алтындын буюмдарын – эл алтыны деп аташат. Ал аныктамасы боюнча арзан боло албайт. Бул алтын кымбат эмес, анда өндүрүүчүнүн жана сатуучунун үстөк кирешеси жок. Бул жалпы стратегия, бирок дагы бир жагдай бар, ал азыркы экономикалык саясатты аныктайт. Алтын саткан алтында адаттан тыш өздүк нарк коюлган. Бирок бул жагдайга дагы логикалуу түшүндүрмө берсек болот.

КАРДАР УТУШКА ЭЭ БОЛГОН ТЕРГӨӨ ИШТЕРИ
Биз жогоруда «ак ниет» атаандаштардын айынан туш болгон соттук териштирүү жөнүндө сөз кылдык. 2009-жылы бир жарым тонна зер буюмдар алынып коюлган. Тергөөнүн аякташы жана кылмыш ишинин жабылышынан бери бир нече убакыт өттү жана бүгүн бул партиянын баары кожоюндарына кайтарылып, сатыкка түштү. Бул буюмдардын көпчүлүгү Санкт-Петербургдагы «Алтын» зер заводунда жасалган. Ошентип, «Алтын» да өзүнүн буюмдарын 5 жыл мурдагы баа менен сатуу мүмкүнчүлүгү жаралды.

ЭМИ ЭҢ БАШКЫСЫ
2009-жылдан 2014-жылга чейин алтынга болгон дүйнөлүк баа дээрлик эки эсе өстү! Ал эми Алтындын зер буюмдары Санкт-Петербург зер заводу 2008-2009-жылдары Екатеринбург түстүү эритмелер заводунан сатылып алынган алтын сырьёсунан даярдалган. Ал убакта алтындын баасы азыркы рынок баасынан эки эсе арзан болчу (Алтындын баасынын бардык хронологиясы төмөнкү даректе: http:// www.Ibma.org.uk/pricing-and-statistiks). Ошентип, «АЛТЫН» азыр да өз буюмдарын беш жыл мурдагы баа менен, азыркы күндөгү алтындын баасынан эки эсе арзан баада сатуу мүмкүнчүлүгү жаралып отурат! Бул эч кандай демпинг эмес, бул товарга коюлган реалдуу баа. Мындай мамиле көптөгөн бизнесмендерге туура эмес көрүнүш катары сезилиши мүмкүн. Бирок узак мөөнөттүү маркетингдин көз карашынан алганда абдан туура мамиле. Компания үстөк кирешенин артынан куубайт, өзүнүн кадыр-баркын көтөрүүнүн үстүндө иш алып барат. Парадоксалдуу айырмачылык пайда болот. «Камакка алынган» «Алтын» бул жылдары бир кыйла кымбаттады. Кулакка кандай өөн учурабасын, тергөө иштери жөнөкөй сатып алуучуларга «пайдалуу иш-чара» болуп калды. Зер жасалгаларын бүгүн кечээги баа менен сатуу – Алтындын аброюн көтөргөн мыкты жарнама болуп келе жатат. Өзүнө бекем ишенген зер бизнеси гана каухарларды алтындын баасында сата турган акцияны өткөрүүгө дымагы жетет. А силер, ушундай кылууга кудуретиңер жетеби?.. Бул башка зергерлер үчүн кезектеги чакырык. Эми эмне кылалы, «Алтын» ушундай акылга сыйбас иштерди кылып коёт. Жарнамада эле эмес, сатып алуучулар үчүн сунуштарда дагы! Ийгиликтин жиби ушул жерде катылган эмеспи? Ошондой эле «Алтын» да баары алдабастан акыйкат жүргүзүлөт жана кардар дагы буларды жарнамасыз эле билет.

КОРУТУНДУ КАТАРЫ:
кардарларга зер буюмдарды башка зер дүкөндөрүндөгү бааларга караганда эки эсе арзан баада сатып алууну сунуштайт. Анан албетте, мындай пайдалуу сунуш көптөгөн сатып алуучулардын бүйүрүн кызытат жана ошондуктан суроо-талап дагы көбөйөт. Атайын сунуш боюнча сатыла турган зер буюмдардын саны чектелүү, күн санап азаюуда! Ошондуктан шашылгыла!

Шакектер 1433 сомдон баштап

Сөйкөлөр 1522 сомдон баштап

Илмектер 492 сомдон баштап

Анатолий Смирнов

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (1)
mi-li-na
2014-07-08 20:34:00
Берен-Голддон алтын алсам 150граммга алдап кетишиптир.Сатып алып жатканда жакшы эле карагам, кутуга салаарда алмаштырып коюшат экен... Дегеле Берен-Голддон алтын ала корбогуло!!!
+1
№ 609, 04-июль-10-июль, 2014-ж
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан